HR менежери кызматкерлер менен келишимдерди жана кызмат көрсөтүү боюнча жеке келишимдерди (PSC) башкарат, анын ичине ишке алуу, адаптация, кадрлык эсеп, кызматкерлер менен болгон мамилелер, ченемдик отчеттуулукка талаптар менен маалымдоо, жөлөкпулдарды башкаруу жана зарыл болгон башка милдеттер кирет.
Кызмат орду: Кадрлар боюнча HR-адис
Кимге баш иет: Каржы директоруна
Иштеген жери:Бишкек, Кыргызстан
Негизги милдеттери жана жоопкерчилиги
Бардык кызматтык бош орундарга толук циклдеги кадрларды жалдоого жигердүү катышуу, анын ичинде:
– Жетекчилерге кызматтык нускамаларды жазууда жана тактоодо колдоо көрсөтүү;
– Жумушка орношууда жардам көрсөтүү жана багыт берүү;
– Жумуш орундары жөнүндө кулактандырууларды жайгаштыруу;
– Арыздарды карап тандоо жана квалификацисы бар талапкерлер менен маектешүү;
– Сунуштарды текшерүү жана эмгек келишимдерин узартуу;
– Эмгек келишимдерин даярдоо;
– Кызматкерлердин өздүк делолорун жана эмгек китепчелерин алып баруу;
– Уюмдун штаттык түзүмү, кызматкерлердин саны жана ротациясы жөнүндө отчетторду даярдоо;
– Уюмдагы бардык өзгөрүүлөрдү актуалдаштыруу;
– Бардык жаңы кызматкерлердин ишке көнүп кетишин жана алардын Internews’тун саясаты жана жол-жоболору менен таанышуусун камсыздоо;
– Unit 4 Agresso системасында жаңы кызматкер үчүн IN-Hire формасын түзүү жана жаңылоо;
– Кызматкерлердин жеке маалыматтарын жана кызмат көрсөтүү боюнча жеке келишим түзүлгөн тараптар (PSC) жөнүндө маалыматтарды текшерүү;
– Интерньюстун өргүү саясатына ылайык ар жылдагы өргүү жөнүндө маалыматтарды жаңылоо, кызматкердин жумуш убактысын (жумуш убактысы, өргүүлөр, ооруп калуу баракчалары) көзөмөлдөө;
– Жумуш убакытынын табелдерин жана өргүүгө арыздарды тез жөнөтүүнү камсыз кылуу;
– Арыздардын жана талаптардын ички протоколдорун берүү жана арыздардын реестрин жүргүзүү;
– Зарыл болгон учурда жергиликтүү мыйзамдардын сакталышы боюнча жергиликтүү юрист-консультант менен байланышуу;
– Каржы жана өнүктүрүү боюнча программалардын жетекчилерине, башкы кеңсеге жана юрист-консультантка өлкөнүн Кадрдык колдонмосун кайра карап чыгууга жана жакшыртууга көмөктөшүү;
– Үчүнчү өлкөнүн жарандарын (TCN) жашоого жана иштөөгө керектүү уруксаттар менен камсыз кылуу үчүн юрист-консультант жана миграция кызматтары менен кызматташуу;
– Ар жылда өткөрүлүүчү персоналды аттестациялоо процессин жүргүзүүдө жана башкарууда Каржы директоруна жардам берүү;
– Кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, баалоо жана кызмат боюнча жогорулатуу системасын түзүүгө колдоо көрсөтүү;
– Башкы кеңсеге ай сайын берилүүчү кадрлар боюнча отчеттор менен таанышуу жана тууралоо;
– Башкы кеңсеге суроо-талаптарды берүү;
– Камсыздандыруу карталарын берүүнү башкаруу үчүн камсыздандыруу компаниясы менен тыгыз кызматташуу аркылуу жөлөкпулдарды башкарууну координациялоо;
– Кызматкерлер менен келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө Өлкө директоруна маалымат берүү;
– Жетекчилер менен макулдашып кызматкерлерди кызматтан көтөрүүнү, дисциплинардык чараларды жана жумуштан кетирүүнү сунуштоо;
– Сурамдарды жана кызмат көрсөтүү жеке келишимдерин (PSC) макулдашуу жана даярдоо, анын ичинде аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу боюнча башкы кеңсе жана программанын адистери менен биргелешип иштөө;
– Кызмат көрсөтүү боюнча жеке келишимдердин (PSC) маалымат базасын жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасында “Эмгек архитектурасы” долбоорун жана Интерньюстун Корпоративдик Глобалдык этика боюнча жылдык программасын ишке ашырууга көмөктөшүү;
– Internews’тун негизги баалуулуктарын түшүнүү жана аны жетекчиликке алышы;
– Башка тиешелүү милдеттер.
Квалификация
Сөзсүз талаптар:
– Кызматкерлерди башкаруу, жетектөө жана/же тиешелүү тармакта бакалавр даражасы;
– Тиешелүү тармакта 5 жылдан кем эмес актуалдуу жана прогрессивдүү иш тажрыйбасы, анын ичинде коммерциялык эмес уюмда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын жана кадрдык документтерди мыкты билүү;
– Талдаганды билүү, долбоорлорду концептуалдаштыруу жана пландаштыруу боюнча жөндөмдөрүн далилдей алуу;
– Адамдар менен мамиле куруу, маданий жана дипломатиялык мыкты көндүмдөрү;
– Маалыматты эффективдүү сунуштоо (жазуу жана оозеки түрүндө) жана жергиликтүү кызматкерлер менен башкы кеңсенин суроолоруна так, туура жооп берүү жөндөмү;
– Тез жана тынымсыз өзгөрүп турган чөйрөдө бир убакта көп тапшырманы аткарууга мыкты жөндөмү;
– Орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөй билүү;
– Компьютерде, өзгөчө MS Excel жана Word менен иштегенди билүү;
– Кыргызстанда иштөөгө мыйзамдуу мүмкүнчүлүгү.
Артыкчылык болот:
– Кыргыз тилин билүү.
Арыздын формасы бул жерде.
Бош кызмат ордуна арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 24-январы.