4 жана 5-кулжада Кыргызстандын жана башка тогуз өлкөнүн алдынкы спикерлери медиатармактын өнүгүүсүүнүн олуттуу тренддерин талкуулашты.
Алардын ичинде:
дезинформацияны аныктоонун инновациялык ыкмалары,
ЖМК менен бийликтин өнөктөштүгү,
аймактык журналистиканын келечеги,
кино өндүрүшүндөгү жаңы багыттар,
контентти дистрибуциялоо,
социалдык тармактагы натыйжалуу стратегиялар,
саясий блогинг, паблик-арттар,
креативдүү экономикадагы медианын ролу жана башкалар.
«Медиа Топтоо» – бул сапаттуу, көз карандысыз жана заманбап медианы өнүктүрүүгө умтулган пикирлештердин жыйыны.
Бул жолу форумга Украина, Грузия, АКШ, Норвегия, Латвия, Улуу Британия, Орусия жана Казакстандан 15 медиаэксперт катышты.
Спикерлер, презентацияляр жана программа Форумдун сайтында:
Интерньюс “Медиа-К” долбоорунун алкагында КРдагы USAIDдин колдоосу менен форумду төртүнчү ирет өткөрүп жатат.