Ноябрда Кыргызстанда кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы жыл сайын өтүүчү 16 күндүк кампанияга арналган Мета аалам виртуалдык мейкиндигинде биринчи AIYM арт-фестивалы өтөт.
Арт-фестивалды Кыргызстандагы Интерньюстун өнөгү WeInCrypto тобу өткөрөт.
Кыргызстандагы Интерньюс гендердик маселени чагылдыруудагы жаңычыл мамиле үчүн бул долбоорду колдоого алды.
«Бул долбоор ага катышкан сүрөтчүлөр эмгектерин сатып акча таап алса болоору менен да кызыктуу. Бул ата-мекендик сүрөтчү аялдардын эмгектери Мета ааламда жайгаштырылып, арт-фестивалдын алкагында кеңири аудиторияга көрсөтүлө турган биринчи жана уникалдуу долбоор болуп эсептелет», – дейт Кыргызстандагы Интерньюстун долбоорунун координатору Нарынбек Сариев.
Бир катар окутуу иш-чаралары жана арт-фестиваль кыргызстандык кыл калем чеберлерине маданий кодду тартуулоо, аялдардын образына жаңы өңүттөн кароо жана технологияларды өздөштүрүү аркылуу өзүлөрүн таанытууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле фестивалдын катышуучулары Мета ааламда түзүлгөн тематикалык мейкиндикте NFT түрүндөгү (Non-fungible token – өзгөрүлбөгөн токендер, блокчейндеги автордук укукту жана менчикти каттоо технологиясы) эмгектерин сунуштай алышат.
Мета аалам — бул такай иштей турган виртуалдуу мейкиндик, анда адамдар виртуалдык чындык технологияларынын жардамы менен аватарлары аркылуу бири-бири менен жана башка санариптик объектилер менен алака-мамиле түзө алышат.
Мета аалам — бул чексиз мейкиндик, анда идеялар менен бөлүшсө, аудиторияны тартса, коомчулуктарды түзсө, катышуучулардын эсинде сакталып кала турган иш-чараларды өткөрсө болот.
«Биз чыгармачыл адамдар NFT, AI, Metaverse сыяктуу Web3 технологияларын колдонуп, чыгармачылыгын ишке ашыра алган ыңгайлуу мейкиндикти түзөбүз», — дейт WeInCrypto долбоорунун менежери Варвара Локтева.
AIYM арт-фестивалынын максаты — көркөм өнөрдү жана Web3-технологияларды колдонуу аркылуу гендердик теңчилик баалуулуктарына коомдун көңүлүн бурдуруу жана аялдардын ролуна көз карашты өзгөртүү.
Фестивалдын алгачкы 5 күнү оффлайн жана онлайн форматта өтөт, кийин эмгектер онлайнда дайыма жеткиликтүү болот.
Фестиваль учурунда арт-эмгектердин көргөзмөсүн, мастер-класстарды жана коноктордун презентацияларын, гендердик сезимталдыкка багытталган жана белектер каралган квестти Мета ааламда уюштуруу каралган.
Көргөзмөнүн коноктору Мета ааламдагы активдүүлүгү үчүн өзүнүн NFT-токенин жана өнөктөрдүн белектерин алалышат.
Долбоордун негизги максаттары:
Биринчиден, мета ааламдарда кыргызстандык иденттүүлүктү (айдентиканы) кеңири таанытуу;
Экинчиден, кыл калем чеберлери үчүн учурдагы аялдардын ролуна жаңы өнүттөн кароого аянтча түзүү;
Үчүнчүдөн, заманбап көркөм өнөрдү өнүктүрүү жана да арт-эмгектерден акча табуу жолу катары санарип контент жаратуучулардын Web3-технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү: «Арт стартап катары».
Санариптик контентти жаратуучуларга NFT жана мета ааламдар тармагында багыт алууну түшүнүктүү жана оңой кылуу максатында 9-13-октябрда тандап алынган 20 катышуучу үчүн спикерлердин жана менторлордун катышуусунда NFT-инкубатор форматында даярдоо билим берүү программасы уюштурулду.
Окутуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар өзүлөрүнүн арт-долбоорлорун (комикстерди, аудиовизуалдык контентти ж.б.) сунушташы керек, кийин алар санариптелип виртуалдуу галареяга жайгаштырылат.
NFT-инкубаторго кошумча 16-октябрдан 13-ноябрга чейин бардык каалоочулар үчүн Web3-көндүмдөрүн үйрөнүү боюнча марафон өткөрүлөт.
Ошондой эле чыгармачылыкта аялдардын ролуна жаңы өңүттөн кароо боюнча сүрөтчү аялдар менен видео- жана аудиоподкасттар даярдалып жарыяланмакчы. Подкасттардын бирине белгилүү сүрөтчү айымдар Татьяна Зеленская жана Наристе Алиева катышты.
Бардыгы болуп арт жана технологиялар аркылуу аялдардын образына жана ролуна жаңыча кароо боюнча сүрөтчу айымдар менен 10 подкастты даярдоо каралган.