Кыргызстандагы Интерньюс «Медиа-К» программасынын бардык долбоорлорун ишке ашырууда гендердик теңчиликти жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү эске алат жана бул тема боюнча өзү жана өнөктөштөрү даярдаган материалдарды internews.kg сайтына жарыялоо менен жыл сайын өтүүчү «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» кампаниясына өз салымын кошуп келет.
Быйыл медиа сынчылар ЖМКдагы гендердик теңчилик темасында жана орун алган гендердик стереотиптерге каршы туруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча бир катар материалдарды даярдашты.
Медиа сынчы Санжар Эралиев «Кыргыз медиасында аялдардын портрети кандай?» деген макаласында гендердик маселелерди ЖМКда чагылдыруу темасы боюнча бир катар журналисттердин жана эксперттердин ой-пикирлерин берди.
Автор ЖМКдагы гендердик ролдор тууралуу журналисттердин жана эксперттердин ойлорун келтирет.
Мисалы, Мээрим Сырдыбаева кыргыз медиасында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы макала, видео, талкуулар көбөйгөнүн белгилейт. Муну ал кыргызстандык журналисттердин тең укуктуулукту жактаган позициясы катары сыпаттайт.
Активист Акылай Каримова басылмаларда гендердик теңдикти жайылтуу, ыдык, зомбулук түшүнүктөрүн сындаган материалдарды көбөйтүү үчүн ириде редакциялык саясат маанилүү экенин билдирди.
Бирок актриса жана алып баруучу Назира Айтбекова маселенин башка өңүтүнө көңүл бурдурат. Анын оюнча, медиада гендердик теңчилик, зомбулук темаларын көтөрүү менен коомдогу ой-пикир өзгөрүп калбайт:
«…Көйгөйдү көтөрүү менен эле убарабыз. Ошондуктан, кыргыз медиасында гендердик теңдик маселесин чагылдырууну “жакшы эмес” деп баалайм. Эгер көтөргөн маселени кантип чечүүнүн жолдорун сунуштай алсак, анда “жакшы” деп айтмакмын”».
Макаланы толугу менен бул жерден окусаңыз болот:
Санжар Эралиев «Медиа үчүн гендердик зомбулукка каршы инновациялык куралдар» деген башка материалында өзгөчө инновациялык ыкмаларды колдонуп, медианы зомбулукка каршы таасирдүү куралга айландырууну көздөгөн активист айым Мунара Бекназарова менен маек курат.
Бекназарова жетектеген «Айкын багыт» коомдук фонду мобилдик тиркемелерди, анимациялык сериалдарды жана интерактивдүү оюндарды иштеп чыгып, кыз-келиндер үчүн кыргыз жана орус тилдеринде агартуучу платформаларды түзгөн. Маекте Мунара Бекназарова командасы менен ишке ашырган долбоорлор жана алардын максаты тууралуу кененирээк кеп салат.
Маекти толугу менен бул жерден окуңуз:
Медиа сынчы Санжи Туйтунова Сүйүн Курманова менен «Журналист зомбулукка жөн гана кабардай карабаш керек» деген интервью даярдаган.
Сүйүн Курманова 90-жылдары үй-бүлөдөгү зомбулук темасын алгачкылардан болуп көтөргөн журналисттердин бири. «Асаба» гезитинде иштеген жылдары Кыргызстандын булуң-бурчундагы кыз-келиндердин үнүн көп чагылдырган.
Учурда ал «Сезим» кризистик борборунун кызматкери. Аталган борбор жыл сайын ноябрь-декабрь айларында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк маалыматтык кампания өткөрөт.
Сүйүн Курманова: “Журналист зомбулукка жөн гана кабардай карабаш керек”
«Билим Айтыш» долбоору да гендердик жагдайга өзгөчө көңүл бурат.
Бул, адатынча, эркектер басымдуулук кылган салттуу манасчылык жана акындык өнөрдө, мелдештерде аялдардын ролун көтөрүү үчүн маанилүү.
Быйыл КРдеги Интерньюс «Билим Айтыш» долбоорунун алкагында Улуттук «Манас» театры менен биргеликте «Тайтору» оюнун коюу боюнча чоң иш жасады.
Манастын аялы Каныкейдин Тайторунун чабышына байланыштуу «Семетей» эпосундагы бул окуя аялзатынын эркектин жашоосундагы, элдин, мамлекеттин тарыхындагы маанилүү ролун эң сонун көрсөтөт.
«Тайторунун» Бишкекте 30-ноябрда жана 1-декабрда өткөн премьерасында зал толтура болду. Премьера жылда 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өтө турган «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» эл аралык кампанияга дал келип калды.
«Тайтору» оюну тууралуу кененирээк бул жерден окуса болот:
фото internews.kg