Кыргызстандагы Интерньюс өз командасына уюмдун коомдук тармактары менен иштегенге толук жумуш күнгө жаңы креативдүү кызматкерди издейт.
SMM-адистин жана видеографтын кызмат ордуна коомдук тармактарда жана жаңы медиаларда аккаунттарды илгерилетүү боюнча чоң тажрыйбасы бар жана ошондой эле смартфондо фото жана видео менен иштегенди мыкты билген адистер өтүнмө бере алышат.
Кыргызстандагы Интерньюс көз карандысыз ЖМКларга, контент өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, искусство багытындагы, улуттук маданий мурасты сактоо жана өнүктүрүү долбоорлору, журналистиканын ар түрдүү жанрларына байланыштуу ар кыл программаларды ишке ашырып келет.
Аудиторияга сапаттуу жана ар тараптуу маалымат берүү үчүн талапкерде программаларды жана иш-аракеттерди креативдүү жана мазмундуу форматта илгерилетүү боюнча көндүмдөр болушу керек.
Төмөндө келтирилген сапаттарга ээ болушу керек:
- жаңы медиаларды жакшы көрөт, акыркы тренддерге көз салып турат, жаңы нерсеге бат үйрөнөт жана командада иштегенди билет, бир учурда көп иштерди аткара алат;
- медиаконтентти коомдук тармактарда (Facebook, Instagram, Twitter, Telegram, TikTok, YouTube) илгерилетүү боюнча тажрыйбасы бар;
- смартфонго сүрөттү жана видеону сапаттуу тартат, видеону тез калыпка салат, видео менен иштеген программаларды мыкты билет;
- адамдар менен мамиле курганды билет;
- кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт, жазат.
- ар башка коомдук тармакка текстти ыңгайлаштырганды билет;
- коомдук тармактар үчүн дизайн жасоо боюнча онлайн-колдонмолорду мыкты билет.
Команда бат өнүгүп өскөн медиачөйрөдө иштейт жана адамда демилгелерди көтөрө билүү, так жүрүү, мамиле курганды билүү, ийкемдүү болуу, жаратмандык жана чынчылдык сапаттарды баалайт.
Милдеттери:
- кесипкөй фотокамерага жана смартфонго фото жана видео тартуу;
- коомдук тармактар үчүн кыска видеороликтерди (feature, reels жана caption-видео) даярдоо, калыпка салуу, илгерилетүү.
- тартылган видеону архивдөө;
- Instagram, Facebook жана YouTube-каналга лайфстримдерди уюштуруу;
- веб-редакторго жардам берүү.
Талапкерлерди тандоо эки баскычтан турат: тестирлөө жана маектешүү. Экинчи баскычка чакыруу практикалык көндүмдөрү тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлерге гана жиберилет.
Резюмени жана иштерге шилтемелерди онлайн-форманы толтуруп жатканда тиркегиле.
Дедлайн — 2024-жылдын 15-октябры, саат 18:00.