Медалдардын саны боюнча Кыргызстан үчүн рекорд жараткан Париж-2024 Олимп оюндары аяктап, спорттогу жаңы тарых жазылды. Он алты балбандын экөө күмүш, төртөө коло байге менен кайтты. Өлкө элин бир багытка бириктирип, кызуу эмоциялар менен үмүтүбүздү ишке ашырган Оюндарды кыргызстандыктарга Улуттук телерадиокорпорациясы түз алып көрсөттү. Бүгүн Олимпиадага катышкан спортчулар тууралуу эмес Улуттук каналдын спорт баяндамачылары тууралуу сөз кылууну туура көрдүм.
“УТРК Спорт” – Кыргызстандагы жападан-жалгыз спорттук телеканал. Эл аралык деңгээлдеги көпчүлүктү кызыктырган масштабдуу иш-чараларды Улуттук канал атайын лицензия алып, дайыма көрсөткөнгө аракет кылат. Бүйүр кызыткан дал ошондой мелдештерди элге жеткирип жаткан кызматкерлердин, тагыраагы комментаторлордун кесипкөйлүгүнө коомчулук тарабынан айтылган сын-пикир токтобой келет.
Бул ирет баяндамачылардын кесипкөйлүгүнө нааразычылыгын спорт күйөрманы Азиз Аалиев билдирди.
“Олимп оюндарынын баяндамачыларына эскертип кетким келет. Жигиттер стенд атуу жана сууда сүзүүнү айтпаганда, гандбол, дзюдо, баскетбол сыяктуу жандуу жана оригиналдуу спорттун түрлөрү боюнча комментарий берүүгө такыр даяр эмес. Күйөрмандарга кызыктуу болушу үчүн чоң спорттун чыныгы окуяларына сүңгүп, өзгөчөлүктөрүн айтып бере алган адистерди тартуу керек. Албетте, мындай кесипкөйлөр аз калды. Бирок, алар бар”, – деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
Эйжизмге жол берүү – туура эмес
Мунун астында футбол боюнча Европа чемпионатын баяндаган кызматкердин кесиптик деңгээлине катуу нааразычылыгын КТРКнын мурдагы башкы директору Кубат Оторбаев да билдирген эле:
“Европа чемпионатында комментарий берген жигит Португалия курама командасынын оюнчулары Роналду менен Пепенин жашын шылдыңдап, эйжизмге (англ. ageism – жаш куракка байланыштуу дискриминация) жол беришти. “Пепе мына 40тан ашып калды”, “Роналду Азия командасына ойноп жатат. Ошону үчүн сүзүшө кеткенде башы ооруп калды”, – деп расалык да кемсинтүү жасады. Бул такыр туура эмес”.
Аң-сезим да, журналистика да өзгөрүүдө
Олимп оюндары учурунда сууда сүзгөн австралиялык аялдарды басынтканы үчүн “Евроспорт” каналынын баяндамачысы кызматынан четтетилди.
“Аялдар жаңы эле бүтүштү. Сиз алардын кандай экенин билесиз… Ары-бери тентип, боёнуп жүрүшөт”, – деген анда Боб Баллард.
Албетте, мындай ири мелдешти жергиликтүү каналдан түз көрсөтүп, ага кошумча өз тилинде комментарий берүү – көрүүчүлөргө болгон сый-урмат, канал үчүн аброй. Биз көрүүчүлөр мелдешти ошол маалда экрандан көрүп, сөз менен айтып берүүгө мүмкүн болбогон эмоцияларга ээ болсок, аны ишке ашыруу каналдын жетекчилигинин чоң эмгегин, күчүн, жөндөмүн, негизгиси чоң акчаны талап кылат.
“Бул жерде профессионалдарды ишке тарта албай атат дегенде маселе, айлыктан”, – деп УТРКнын жетекчилеринин бири мени менен сүйлөшкөндө айтты. Эми “УТРКда айлык көбөйдү” делгенден кийин да аз болуп жатса керек. КТРКнын мурдагы директору катары муну жакшы түшүнөм. Бирок, Азиз Аалиев айткандай, ушундай чоң иш-чаралар маалында убактылуу сырттан кесипкөй баяндамачы же адистерди тартса болот беле деген ой бар”, – деди Кубат Оторбаев.
Бул маселе боюнча комментарий алуу үчүн Улуттук каналдын жетекчилигине кайрылып, бирок жооп ала албадым. Расмий маалымат берилсе, аны кошууга даярмын.
Каталардын үстүнөн иштөө керек
Улуттук Олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Бакыт Шүкүралиев спортчулар комментатор болгонго даяр эмес деген пикирин билдирди.
“Карасаңыз, айрымдар Орусиянын каналдарын көрөм дешет. Орус баяндамачыларын көрсөңүз, аларды деле сөгүшөт. Орусиянын Матч ТВсына Андрей Аршавин келип комментарий берип турат. Аны дагы сындашат. Анан Аршавиндей сүйлөп турган спортчуну табыш керек. Бизде сүйлөшүп көрсөңүз эч ким келбейт, макул болбойт.
Өзүн эркин сезип, комментарий берген спортчулар көп эмес. Күрөштүн чемпионун же футболчуну алып келип койсоңуз, аларды деле сөгүп, “сен ойноп жүргөндө кыйраттың беле”, – деп сындашат. Спорт каналдагы балдар азаматтар, иштеп жатышат. Чоң мелдештер өткөн сайын деңгээл дагы өсөт. Баары тажрыйба менен келет”.
Атаандаштык көп нерсени чечет
“Азаттык” үналгысынын спорт журналисти Гүлжан Турдубаева “Спорт” каналындагы баяндамачыларга карата айтылган сындын токтобой жаткан негизги себебин башка маселеден көрөт:
“Канал ачылгандан бери далай баяндамачылар өсүп чыкты. 10 жылда алардын деңгээли өстү. Бирок, “Спорт” каналдын командасы дайыма жаңылана берет. Тажрыйба топтоп калгандар элдин сүймөнчүгүнө ээ боло баштаганда жумуштан кетип калат. Экинчи себеби, атаандаштык жок. Спорт канал көп жылдан бери атаандашы жок иштеп келди. Азыр эми “Кыргыз Спорт” каналы чыгып, бир аз атаандаштык түзүлүп жатат. Ошонун негизинде өсүш болушу мүмкүн”.
“Кыргыз Спорт” – жергиликтүү жана дүйнөлүк спорттук иш-чараларды, программаларды көрсөткөн онлайн канал. Ютубда 152 миң катталуучусу бар.
Стереотиптерди жеңген баяндамачы кыздар
Кыргызстанда спортту айымдар түшүнбөйт деген стереотип бар. Бул түшүнүктү жойгон спорттук журналистикага басым жасаган кыз-келиндердин катары көбөйүүдө.
Жанара Эсенова УТРК Чүй каналында спорттук кабарчы. 11 жылдан бери спорт кабарларынан репортаждарды даярдап келет. Бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жаткан Sport Life программасынын автору:
– 2013-жылдан бери спортту чагылдырып жүрөм. Башында “кыз эмнени билмек эле”, “ушул да спортту түшүнөбү?” деп текебер мамиле жасашчу. Азыркы күндө мырзалар менен тең-тайлашып иштеп келе жатабыз. Коомчулуктун жакшы кабыл алышы да ишти улантып кетүүгө дем-күч берет.
Париж-2024кө комментатор болгондордун бири – Адинай Курманова. Ал “Спорт каналында” алты жылдан бери эмгектенип, азырынча кыз-келиндер катышкан мелдештерди баяндап турат. Көп байкалбаганы менен бул кесип машакаттуу экенин айтат:
– Бизде спортчулар тууралуу эле маалымат болот. Айрым учурда андай маалымат да дээрлик жок болуп калышы мүмкүн. Сен мелдешти көрүп отуруп баяндап беришиң керек. Париж Олимпиадасында спорттук гимнастиканы, жөө жүрүштү баяндадым.
Мындан тышкары, муз үстүндө бийлөө боюнча чемпионаттарды жана турнирлерди алып барам. Биринчи укканда “бизде да аял баяндамачы барбы?”дешип колдоп, ийгилик каалашат.Өзгөчө социалдык тармактан жеке баракчама жазып, “маалыматты жакшы айтат экенсиң, бирок кээде сүрдөп атасың, уланта бер, колдойбуз” деген пикирлерин жазып турушат.
Спорттук журналисттерге редакциядан да, мамлекеттен да колдоо керек
Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот деген эмеспи. Баяндамачыларга нааразы болгонубуз менен алардын кесиптик жактан өсүшүнө да кам көрүлүп, атайын шарт түзүлүшү керектигин унутпасак. Бир эле мисал, Париж Олимпиадасына барган делегация курамында Дене-табрия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынын өкүлдөрүн кошпогондо бир да спорттук журналист жок. Албетте, бул каражаттын тартыштыгынан экени айтпаса да белгилүү.
Ошол эле маалда “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Айгерим Акылбекова өз каражатына Парижге барып, бирок иш-чараларды чагылдырууга уруксат ала албаганын фейсбукка жазды. Ага карабастан спортчулардын беттештен кийинки эмоциялары, күйөрмандар менен жолугушууларынан колунан келишинче кыскача маалымат берип турду. Бул жалпы масштабды эске алганда абдан эле аз экени белгилүү.
Спорт журналисттери же комментаторлор чоң иш чараларды эл менен бирге экрандан көрүп эле баяндама жасабай, окуянын же ошол ири мелдештердин чордонунда болсо, башка кесиптештеринин иштеп жатканын жеринен көрсө, катуу таасирленип, бай тажрыйба дагы топтоп, бир топ эле жылыш болоору турган иш.
Олимп оюндарынын медалисттерине жана катышуучуларына сыйлык тапшырып жатып президент Садыр Жапаров, бул жолу кетирген кемчиликтерден туура сабак алып, жыйынтык чыгаруу керектигин белгиледи. Өз кезегинде балбан Акжол Махмудов алтынга багыт алганын айтты. Спортчуларыбыздын ийгиликтерин, алардын алдыдагы амбицияларын, мамлекеттик жогорку деңгээлдеги колдоону эске алып, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турчу оюндарга эми ЖМК жамааты да азыртадан кам көрүп, жоон топ журналисттерди жибериши керек деген ойдомун.
Бул макала USAID тарабынан каржыланган жана Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоорунун колдоосунда даярдалды. Макаланын мазмуну автордун же авторлор тобунун өз алдынча чыгармачылыгы болуп, USAIDдин, АКШ өкмөтүнүн, Интерньюстун же Фридом Хаус уюмунун көз караштарын сөзсүз чагылдырууга тийиштүү эмес.
Бурулай Пусурманкулова.