«Тайтору» спектакли Ош жана Баткен облустарынын айыл-шаарларында 10 жолу көрсөтүлдү.
Спектаклди Ош облусундагы Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Баткен облусундагы Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук борборлорлорунун жана Айдаркен шаарынын тургундары көрө алышты.
Бардык көрсөтүүлөрдө залдар толтура болуп, спектаклди улуу муундагылар, студенттер жана мектеп окуучулары көрүштү. Баткен облусунда ар бир көрсөтүүдө жергиликтүү аскер бөлүктөрүнөн 50дөн жоокер болду. Айдаркенде спектаклди көрүүгө аскерге жаңыдан чакырылган 300 улан келди.
Ар бир аймакта спектаклден кийин жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү – райондун акимдери сөз алышып, Кыргызстандагы Интерньюстун Өкүлчүлүгүнө, «Манас» театрына, ошондой эле манасчыларга, акындарга жана актерлорго ыраазычылык каттарын, ардак кагаздарын тапшырып жатышты. Баткенде КРдин Чек ара кызматы көрсөтүүнүн катышуучуларына ардак жана ыраазычылык кагаздарын тапшырышты.
Ноокат районунун акими Жакыпбек Субагожоев кол койгон ыраазычылык кат элди биригүүгө жана ынтымакка чакырган «Манас» эпосундагы идеяларды жана баалуулуктарды таратууга чоң салымы үчүн Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлүнө тапшырылды.
Катта «Кыргыз элинин руханий улуттук баалуулуктарын, дөөлөттөрүн, маданий мурасын жана өнөрүн кеңири жайылтуу, сактоо жана келечек муундарга жеткирүү, улуттук идеологиянын башаты болгон “Манас” эпосу аркылуу кыргыздын кылым карыткан улуттук баалуулуктарын даңазалоодо, жаштарды эли-жерин, мекенин сүйүүгө, достукка тарбиялоого кошкон зор салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиремин», – деп айтылат.
Спектаклде аз сандагы декорациялар колдонот, бул аны чакан бөлмөлөрдө, жайында ачык асмандын алдында коюп көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
«Тайтору» спектаклинин идеялык маңызы актерлордун оюну, манасчылардын жана төкмө акындардын “Манастан” үзүндүлөрдү айтуулары, музыкалдык коштоо аркылуу берилет.
«Билим Айтыш» долбоорунун координатору Максуда Айтиева белгилегендей, спектакль учурунда көрүүчүлөр сахнада болуп жаткан окуяларга баш-оту менен берилип, каармандар менен кошо күлүп-кайгырып, эмоцияларын бир нече жолу дүркүрөгөн кол чабуулар менен билдирип жатышты:
«Спектакль бүткөндө эч ким кеткенге шашпады. Көрүүчүлөр спектакль боюнча талкууларга активдүү катышып жатышты. Көпчүлүктүн айтымында, «Манасты» өзүлөрү окушканда же манасчынын айтуусун угушканда эпосто айтылгандарды көп жакшы түшүнө беришкен эмес. Музыкалдык коштоо, актерлордун оюну эпостогу окуяларды түшүнүүгө жеңил кылганын билдиришти.
Көбү спекталден кийин Тайторунун чабышын, дегеле «Манас» үчилтигин кайрадан окуп чыгууга кызыгып калышкандарын айтышты».
Айтиеванын айтымында, алар спектаклди койгон бардык жерде башка аймактардын айыл өкмөттөрү келип, аларда да спектаклдин көрсөтүлүшүн өтүнүп жатышты. Алар спектаклди коюуга канча чыгым кетээрин сурашып, билеттерди сатууга да жардам беришерин билдиришкен.
Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы маданият үйүндө коюлган спектаклди жергиликтүү калк өтө жылуу кабыл алды, оюн бүткөндө да көпкө кетпей, ой-пикирлери менен бөлүшүп жатышты.
Көрүүчүлөрдүн бири:
«Чындыгында көптөн бери мындай спектаклдер болбогондуктан элибиз сагынып калыптыр. Сахнаны сагынып калыптырбыз.
Чындыгында, кыргыз элин ынтымакка чакырган, кыргыз элин бириктирген, кыргыз элинде патриоттук сезимди козгогон спектакль болду. Эң акыркы жери бизге аябай жакты. Каныкей “Айланайын, Тайтору” деп чырылдап жибергенде биз тура калып, ат чаап кеткибиз келди», – деген ою менен бөлүштү.
Башка көрүүчүлөр мындай спектаклди көргөндөрү үчүн өзүлөрүн бактылуу сезип жатышкандарын билдиришти.
Көк-Жар айылынын улуу муундагы дагы бир тургуну ушундай спектакль даярдалганына суктанганын билдирди.
«Азыр бардыгы эле материалдык байлыкка гана кызыккан учурда элибизге ушундай руханий байлык даярдап келгениңиздер үчүн чоң рахмат! Азыр бизге ушундай руханий байлык өтө керек. Ушундай спектаклдер көп болсун», – деди ал.
Аймактарда көрүүчүлөрдүн көбү аялдар болду, эркектер азыраак келишти. Ноокатта көрүүчү болгон бир эркек мындай деген ою менен бөлүштү:
«Бүгүн мына адамда ушунчалык патриоттук сезимди ойготкон спектаклди даярдап келип, жалпы элге тартууладыңыздар.
Мен үчүн да Манас өтө баалуу экенин сездим. Манас тууралуу эмне айтышат экен деп көрүп отурдум. А болсо, Каныкей энебиз тууралуу экен. Ушул актриса, эжелерибиз болсо керек, Баатыр Каныкей энебиздин ролун катыра аткарып койду. Бир кол чаап коюңуздарды суранып кетким келет. Себеби ушул жерде отурган эжелерибиздин, келечекте кыздардын дагы жүрөгүн ойготту».
Акмөөр Гапарова, Баткендеги студент кыз:
«Мен мындай оюнду мурда көргөн эмесмин, аткаруучулардын бардык эмоцияларын көрүп жаттым. Өтө чоң даярдык байкалып турат, декорациялары да, кийимдери да суктанарлык. Спектаклдин аягында бардыгы «Манас!» деп ураан чакырганда бүт жан дүйнөм дүркүрөп кетти. Мен жаңыдан төрөлгөндөй болдум, кыргыз болуп жаралганымды таптакыр башкача кабыл ала баштадым».
Нургазы, Баткен району:
«Жаш манасчылар катышкан спектаклди биринчи жолу көрүп жатам. Өтө катуу таасир калтырды, жаңыдан жаралгандай болдум. Нукура кыргыз тили, «Манастын» тили кандай бай жана көркөм экенин сездим. «Манаста» биздин идеология камтылган, бул жаштар үчүн өтө маанилүү. Спектакль өтө сапаттуу, жогорку деңгээлде даярдалып коюлду».
«Тайтору» – бул «Билим Айтыш» долбоорунун алкагындагы манасчылар үчүн окутуулардын, чыгармачыл лабораториялардын жыйынтыгын көрсөткөн перформанс.
«Семетей» эпосундагы Каныкейдин Тайторуну чабышы биринчи жолу сахналаштырылып жатат.
Бул окуя тайманбас аялзатынын эрдин тагдырындагы, элдин, мамлекеттин тарыхындагы ролун жакшы ачып көрсөтөт.
Бул энелик ак сүйүү, кайраттуулук жана жаңы муундун жана элдин келечеги үчүн өзүн курмандыкка чалуу жөнүндө сюжет. Бул ишеним, аялзатынын күчтүүлүгү, адам тагдырын терең түшүнүү жана жакшы келечекти издөө жөнүндө баян.
Спектаклди коюуга театрдын, музыканын жана дизайндын мыкты чебер адистери тартылды.
Бишкекте спектакль октябрь айында Кыргыз улуттук «Манас» театрында коюлушу пландаштырылууда.
«Тайтору» спектакли тууралуу толук маалыматты бул шилтеме боюнча тапсаңыз болот.
«Тайтору» спектакли Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун алкагында жана Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу америка элинин жардамы менен даярдалды.