2023-жылы Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоору аймактык журналистиканын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү улантып, аймактарда жергиликтүү журналисттердин тилектештигин жана кесипкөйлүгүн өстүрүү боюнча иш чараларды уюштура бермекчи.
Интерньюстун «Meдиa-К» долбоору тажрыйбалуу жана жаш журналисттер чогулуп, кесиптик маселелерин талкуулай алган, билимдери, тажрыйбалары менен алмаша алган, аймактагы кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү боюнча кадамдарды, демилгелерди биргелешип чогуу жасай алган аймактык аянтчаларды түзүү боюнча идеялардын сынагын жарыялайт.
Сынактын жыйынтыгы боюнча өлкөбүздүн бардык аймагынан эң кызыктуу идеяларды сунуштаган жети лидер-журналист тандалып алынат. Алар иш чараларды уюштуруп өткөрүү үчүн стипендиялык колдоо жана каржылоо алышат.
Ар бир аймакта бирден демилге колдоого алынат. Каржы чогултуу аркылуу же аймактардагы контенттин сапатын жогорулатуу багытында туруктуу иштеп жаткан долбоорлор менен биргелешип иштеп, кошумча каржылоону караштырган сунуштарды кубаттайт.
Программанын мөөнөттөрү: Аймактык кыргыз тилдүү журналистиканы колдоо программасы беш жылга эсептелген. Бул сынак 2023-жылдын февралынан августуна чейин эсептелген билдирмелерди кабыл алат.
Ким катыша алат?
Сынакка Кыргызстандын аймактык журналисттери катыша алат, алар төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушу керек:
– идеяларды ойлоп чыгарууга;
– өзүнүн аймагында контенттин сапатын жогорулатуу сунуштарын жылдырууга;
– ар башка жаштагы журналисттердин башын бириктирүүгө;
– журналисттердин тилектештигин бекемдөөгө;
Талапкерлер төмөнкүлөрдү көрсөтө алышы керек:
– аймактагы журналисттерди бириктирүүгө кызыгуусу чоң экенин;
– талкууларды демилгелеп, уюштурууга жана өткөрүүгө жөндөмү бар экенин жана жеке убактысын бул иштерге жумшаганга даяр экенин;
– шартка жараша өзгөрүп кетиши мүмкүн талкуулар, практикалык иштер сыяктуу алтыдан кем эмес бейформал жолугушууларды уюштуруп, өткөрүүгө даяр экенин;
– аймактагы журналисттердин кесипкөй тармагын түзүүгө, кийин аны өстүрүп, өнүктүрүүгө даяр экенин;
Кантип катышуу керек:
Сынакка катышуу үчүн катталуу формасын толтуруу керек (аны ылдыйдагы шилтеме боюнча ачса болот)
Формага жүктөлө тургандар:
– резюме;
– бюджет;
Дедлайн: 2023-жылдын 15-февралы саат 00:00.
Бардык суроолор менен Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун медианы өнүктүрүү боюнча аймактык координатору Максуда Айтиевага maitieva@internews.org почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.
«Көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүү демилгеси» («Meдиa-К») долбоорун USAID каржылап, Кыргызстандагы Интерньюстун Өкүлчүлүгү ишке ашырып келет. Ал негиздүү чечимдерди кабыл алууга жардам берген жана коомдук кызыкчылыктарды чагылдырган ар түрдүү, баланс сакталган, бир тараптуу эмес маалыматтарга