Форумда бул жанрдын өлкөдөгү абалы жана өнүгүүсү тууралуу ачык пикир алышуу болду. Кыргызстан иликтөөчү журналистика жанры боюнча борборазиялык чөлкөмдө алдыңкы орунда турары айтылды. Форумдун катышуучулары жемкорлук көрүнүштөрдү документештирүүгө жардам бере алган жаңы аспаптар тууралуу маалымат алышты, санариптик коопсуздукту камсыздоонун эрежелери менен таанышышты жана сапаттуу иликтөөлөрдү жүргүзүүдө маанилүү болуп эсептелген каржы документтери менен иштөө боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүштү.
Өткөн форумдун өзгөчөлүгү – анын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде өттү жана өткөн жылда аймактык редакцияларда иликтөөчү журналисттердин күчтүү командалары пайда болду.
Форумдун ачылышында Кыргызстандагы Интерньюстун долбоорунун жетекчиси Азамат Тынай тегин иш-чарага акыркы беш жылда чеберчилиги кыйла өскөн адискөй коомчулуктун чогулганын белгиледи.
Ал иликтөөчү журналистика өнүгүп, ага суроо-талап өсүп жатканын, учурда көптөгөн редакциялар иликтөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык сынактарда сыйлыктарды алып жаткандарын кошумчалай кетти.
– Биздин журналисттер классикалык иликтөөлөрдү гана жүргүзбөстөн, даректүү тасмаларды да тартып жатышат, дата-журналистиканын аспаптарын кеңири колдонуп, курч социалдык, экологиялык жана климаттык маселелерди көтөрүп келишет.
«Иликтөөчү журналистика үчүн жаңы тобокелдиктер жана чакырыктар – дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы кырдаал» аталышындагы панелдик талкуунун катышуучусу Корнелия Козонак (Молдованын иликтөө журналистикасынын борбору) өз сөзүндө Кыргызстандагы иликтөөчү журналистердин эмгектери менен көптөн бери таанышып турарын жана алардын ийгиликтерине суктанып келээрин билдирди.
Ал Молдовадагы жемкорлукка баткан аткаминерлердин бетин ачкан иликтөөлөрү тууралуу айтып берди жана журналисттерди эч качан багынбоого чакырды, анткени алардын иликтөөсү бир нече жылдан кийин гана жемишин бериши мүмкүн.
– Бийликтегилер иликтөөчү журналисттер жемкорлук схемаларды жана уурдап алынган байлыктарды ачыктоодо биринчи жардамчылар экенин түшүнүшү керек, анткени экөө тең жемкорлук менен күрөшүүнү максат кылышат, – деди ал.
Дилбар Алимова («ПолитКлиника») журналисттер үчүн татаал заманда алар тилектеш болуп, бири-бирине колдоо көрсөтүп туруусу керек дейт.
Ал иликтөөчү журналисттер эл душманы эмес экенин, тескерисинче, бийликтин жардамчылары экенин, алардын эмгеги коом үчүн өтө маанилүү экенин өлкөнүн жетекчилигине жеткире алган акылдуу кеңешчилер табыларына үмүт кылды.
Онлайн-сессияда белгилүү иликтөөчү журналист Андрей Захаров кесипкөй чөйрөдө Кыргызстан эч кимге окшош эмес иликтөөчү журналистика мектеби бар өлкө катары кабыл алынаарын белгиледи.
Кыргызстандагы алдыңкы журналисттердин бири Али Токтакунов Бишкек Борбор Азия чөлкөмү үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасы боло аларын айтты.
Ал өз сөзүндө ар түрдүү командалардын тилектештиги жана кызматташтыгы маанилүү экенин айтып, коомдук маанилүү темалардын үстүндө биргелешип чогуу иштөөгө чакырды.
Кыргызстандагы Интерньюстун директору Назик Чекирова иш-чаранын жабылышындагы сөзүндө TRACK долбоорунун алкагындагы окутуулардан өткөн жаш иликтөөчү журналисттердин кесипкөйлүгү кыйла өскөнүн, айрымдары өткөн форумдагы мастер-класстарда тренер жана спикер болгондорун белгиледи.
Ал журналисттерди калктын каржылык сабаттуулугуна, курч социалдык маселелерге жана экологиялык темаларга көңүл бурууга чакырды.