Кыргызстандын медиа айдыңында он жыл тарыхы бар “Ош пирим” телеканалынын эмгек жамааты каржы маселесинен улам ишмердигин токтотууда.
Соңку он жылдан бери күн сайын элге жаңылыктарды, көңүл ачуучу программаларды сунуштап келген “Ош пирим” өз кызматкерлерин таратканы белгилүү болду. Жамаатынын сөзүнө караганда, финансылык кырдаал боюнча кабар аларга жетекчилик тараптан февралдын аягында айтылган. Телеканалда бир топ жыл эмгектенген, атын атагысы келбеген кызматкерлеринин бири төмөнкүлөрдү айтты:
“Каналдын ээлери “финансылык себептер менен телеканал убактылуу ишмердүүлүгүн токтотот” дешти. Бизге иш таап алганча эки ай мөөнөт беришти. Бирок аны күтпөй эле көпчүлүгү башка жактарга жайгашып кетишти. Эфир токтогон жок. Он бештен ашык автордук берүүлөр, радио уктуруулар бар эле. Болгону ошолор чыкпай калды “, –дейт ал.
Жамаат тарап кеткенге чейин “Ош пиримде” отузга чукул кызматкер иштечү. Азыр дээрлик баары кеткен. Ушу тапта канал 18 сааттык эфир менен обого чыгып жатат. Кино, музыка, мультфильмдер берилүүдө. Аны техникалык кызматкерлер обого узатып турушат.
Ал эми 300 миңден ашык катталуучусу бар YouTube-каналына акыркы жолу 23-мартта видео жүктөлгөн.
“Албетте, бул кызматкерлерге терс таасирин тийгизет. Негизинен ишибиз жакшы эле жүрүп аткан. “Ош пиримге” салымыбыз да чоң болчу“, – дейт дагы бир кызматкер.
Каналдын мурдагы директору Абайнур Большевиков кызматкерлер финансылык маселелерге байланыштуу ишмердигин токтотконун билдирди. Анын айтымында жарнамадан түшкөн 30-35% киреше чыгымдарды жаппайт дейт. Большевиковөзү дагы жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, чыгып кеткенин кошумчалады.
“Буга чейин болушунча финансылык мүмкүнчүлүккө жараша иш–аракеттерди көрдүк. Акыркы убактарда дүйнөдө болуп жаткан кризис, инфляциянын таасири, албетте, бизнеске да чоң сокку болду. Ошон үчүн жетекчилер болушунча чыгымдарды кыскартып, бизнести алдыга жылдырып, жакшы көрсөткүчкө чыгарып алганга чейин жамаатты таратып турду. Мен өзүм да башка жумушка жетекчи болуп бардым“, – деди ал.
“Мамлекеттен же чет жактан каржылоо керек”
“Ош пиримдин” телевидениеден сырткары радиосу да бар. 88.0 жыштыгында обого чыгып турчу радио марттын башында техникалык себептерге байланыштуу ишин убактылуу токтоткон. Абайнур Большевиковдун айтымында, учурда өзүн-өзү жалаң жарнама менен актап, иштеп кеткен медиа уюмдар жокко эсе. Телеканал чыгымдуу ишкана болгонуна байланыштуу, мамлекеттен же чет жактан каржыланышы керек.
“Телеканалдын ээси Бердибай Примович (ред: Бердибай Примов) саясатка же болбосо башка окуяларга киришкен жок. Болгону элге позитивдүү маалыматтарды камсыз кылып иштеп бердик. Эми редакциянын келечеги кандай болот? Алдыда эмне иш кыларын компаниянын ээлери өздөрү чечет. Балким, башка булактардан акча каралып, башка пландар болуп, “Толук болбосо да, чакан жамаат менен иштей бергиле” деген чечим чыгарып коюшу мүмкүн“.
“Канал жабылбайт”
“Ош пиримдин” техникалык директору Канат Касымбетов канал учурда иштеп жатканын айтат. Ал каржыга байланыштуу штат гана кыскартылганын кошумчалады.
“Канал жабылбайт, иштейт. Мурдагыдай эле 18 сааттык эфир чыгып жатат. Кээ бир бөлүмдөр кыскарды. Азыр өзүңүздөр билгендей реклама бүт интернетке ооп кетти. Алдыда кандай кадамдар болорун негиздөөчүлөр чечет“, -дейт ал.
“Ош пирим” медиасы кызматкерлерин таратуу кырдаалын ачыктоо бир топ тоскоолдуктарды жаратты. Тарап кеткенин айткысы келбей, чечимдерин жарыялабай көпкө чейин карманышты. Анткен менен каналдын ички чечимдери сырткы коомчулук менен тыгыз байланышта. Алардын жаңылыктарын, автордук берүүлөрүн, радио уктурууларын күзөткөн күйөрмандарына эч бир кабарлама берилбей, жамаатты таратып жиберүү, аудиториясын иренжитип коюшу ыктымал. А бизде болсо ЖМКлар жабылбай, тескерисинче өнүксүн деген эле максат бар.
Юристтердин пикиринде, кайсыл гана мекеме болбосун жабылуу чечимине келген учурда же штаттык кыскартууларды жасоодон алдын Эмгек кодексиндеги талаптарды эске алыш керек. Бирок көрсөтүлгөн кенемте үчүн компаниядан алдын кызматкер да мыйзамдуу иштегенге кызыктар болуш керек. Юрист Замир Пусуртегин азыр көп жумуш суроочулар салыктан, Соцфонддон качып, көмүскөдө жүрөрүн белгиледи.
“Эгерде кызматкерлер менен эмгек келишими түзүлгөн болсо, эки ай мурда “Ишкана жоюлууда. Башка иш караштырсаңар болот” деген билдирме берилиши зарыл. Ага чейин кызматкерлер калкты жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик мекемесинен каттоодон өтөт. Ал жерден “убактылуу жумушсуз деп катталды” деген статустагы аныктама берилет. Андан кийин жабылып жаткан мекеме аныктама алып келген күндөн тартып, үч ай убакыт өткөнгө чейин орто өлчөмдө эмгек акыны төлөп берип турат. Эгерде кызматкер менен кызмат көрсөтүү гана келишими түзүлгөн болсо, келишимди каалаган учурда бузуп койсо боло берет”.
Убагында 70ке жакын адам иштеген
2018-жылдын башында “Ош пирим” “Prime TV” болуп өзгөрүп, башкы кеңсеси Оштон Бишкекке көчкөн. Ал убакта жетимиштей кызматкер эмгектенчү. Бирок бир жылга жетпей борбордогу кеңсе аймактык бөлүм болуп сакталып, кайра Ош шаарына көчүп келген.
Канал он жыл мурун Ошто түптөлүп, алгач “ЭкоТВ”, андан соң “Ош пирим” деп аталган. Башкы директору ошол учурда Мариф Парпиназаров болчу. Юстиция министрлигин маалыматына ылайык, медиа уюмга Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун атасы Бердибай Примов ээлик кылат.
“Кирешелүү тармак эмес“
Учурда Кыргызстанда шайлоолор жок, ошондуктан да телеканалдарга зарылчылык сезилбей жатат. Мындай пикирин TV1.KG жеке каналынын башкы директору Равшан Личаню билдирди. Анан калса бул тармак анчейин кирешелүү эмес дейт ал. Бирок ага карабай, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын көздөп, же саясий негизде түзүлүп жатат. Ошол эле учурда долбоорлорду жазып, өз алдынча каражат издеп, маалымат даярдоонун калыс, бейтарап стандартын жайылтып келаткан медиалар да жок эмес.
“Анын үстүнө жарнама рыногунда да көйгөй чоң, айрыкча аймактарда. Албетте, азыр интернет, социалдык тармактар да телеканалдарга таасирин тийгизүүдө. Блогерлер да атаандаш болуп чыга келди. Алар деле кичинекей телевидение аталып калды. Көп журналисттер өзүнүн YouTube-каналын ачып иштетип жатат. Ушул себептердин да таасири салттуу телевидениени акырындан басып баратат”.
Социалдык медиа салттуу ММКнын ордун басууда
Европалык коңшулук кеңешинин (ENC) Борбор Азияда медиа каражаттарын колдонуу боюнча 2022-жылдагы баяндамасында кыргызстандыктардын көбү маалыматты телеканалдардан алышары белгиленген. Бирок көрсөткүч 2019-жылы 90% болсо, былтыр салыштырмалуу 59 пайызга чейин төмөндөп кеткен.
Антсе да социалдык тармактар телеканалдарга атаандаштык түзүүдө.
ENC уюму да Кыргызстанда интернеттин популярдуулугу өсүп жатканы байкаган. Калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, 72% респондент жаңылыктарды интернеттен алат. Бул — кошуна өлкөлөрдүн арасындагы эң чоң көрсөткүч. Мисалы, Кыргызстандагы эң популярдуу социалдык медиалар деп YouTube менен Instagram аталган. Элдин 65 пайызы ушул платформаларды колдонот.
“Элде жок контент керек”
TV1.KG жеке каналынын башкы директору Равшан Личаню социалдык тармак менен салтуу медиалардын күрөшүүсү күчөп турган тушта жеке каналды сактап калуунун жолдору кыйын экенин айтат. Азыр жарнама берүүчүлөрдү да тартуу бир топ оор. Алар көбүнчө социалдык тармактарга ыктап калды. Анткени телевидениеде кызмат көрсөтүү салыштырмалуу алда канча кымбат деген ойдо.
“Өзгөчө, элде жок контент жасаш керек. Биздин команда анын жолун көп издеп, Чикагодо корпункт ачтык. Ал жакта эки журналист, бир оператор иштейт. Мисалы, Чикагодогу кыргызстандыктар кандай жашап жатканын, мыйзамсыз киргендер кантип тиричилик кылып жүргөнүн чагылдырышат. Эксклюзивдүү маек алышат. Жарнама берүүчүлөргө ошолорду көрсөтүп сунуштайбыз. Экинчиден, универсалдуу команда чогултуу керек. Бир материалдагы төрт адамдын ишин экөө же бирөө бүтүрсө болот. Үчүнчүдөн, сапаттуу технологияны, тренддерди колдонууну сунуштайм. Азыр кымбат камеранын ордуна телефон көтөргөн жетиштүү“, -дейт Равшан Личаню.
“Ош пирим” учурда кризиске учураган телеканалдардын ичинен жалгыз эмес. Буга чейин каржы маселесинен улам мамлекеттик «Пирамида» жана «Бешинчи канал» ишин токтоткону белгилүү болгон. Бул каналдар 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин мамлекеттештирилген. Медиакоомчулук аларды тим койгондо, өздөрүнүн миссиясын аткара алышмак деп айтып келет.
Жылдыз Орозматова