Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү мамлекеттик басылмаларды бийлик органдары мокотуп жибергенин билдирип, мындан ары бул кемчиликти жоюуга чакырды.
Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы сынга кабылып жаткан чакта айтылган бул билдирүү журналисттерге канчалык дем-күч бере алат? Мамлекеттик медиалар калемди курчутууга канчалык даяр?
Өкмөт өкүлү кечирим сурады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 22-ноябрда “Кыргыз Туусу” гезитинин түзүлгөнүн 100 жылдыгына арналган медиа форумда мамлекеттик медианын ишин өкмөттүк мекемелер аксатып койгонун билдирди. Мындай пикирин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ондогон журналисттердин алдында сүйлөгөндө айтты.
“Бир адамдын сүрөтүн басабыз, өкмөттүк органдардын гана пресс-релизин жарыялайбыз деп жатып мамлекеттик маалымат каражаттардын ролун төмөндөтүп алдык. Мен бул үчүн анда иштеген журналисттерден кечирим сурайм. Мындан соң мындай мамилени өзгөртүүгө аракет кылышыбыз керек”, – деди Байсалов.

Вице-премьер буга чейинки аймактардагы гезиттерди жабуу чечими да туура эмес болгонун белгилеп, аз нуска менен чыкса да, гезиттер калышы керектигин кошумчалады.
Ал мамлекеттик басылмаларда иштеген журналисттерди супсак тексттерден баш тартып, курч макала-баяндарды жазып, эл аралык маалымат каражаттары менен теңтайлашууга үндөдү.
Кыргыз өкмөтүнүн алдында “Эркин Тоо”, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” сыяктуу басылмалар, андан тышкары облустук гезиттер бар. Ошондой эле УТРК, ЭлТР, облустук телеканалдар, “Кабар” улуттук маалымат агенттиги да бюджеттен каржыланат, өкмөттүн саясатын жайылтат.
“Каалоо болбосо, ишке ашпайт”
Бул макаланы жазарда мамлекеттик медиада иштеген бир канча журналисттерге, жетекчилерге кайрылып, пикирин сурадык. Бирок алар “Өкмөттүк органдар же бийликте иштеген кишилер редакциялык саясатты канчалык көзөмөлдөйт?” деген суроого комментарий берүүдөн баш тартышты.
Ал эми биз суроо салган кабарчылардын көбү “өкмөт мындан ары журналисттердин ишин көзөмөлгө албайт” дегенге ишенбей турганын айтышты.
“Бийлик башындагылар курч болууга үндөгөнү жакшы. Бирок алардын кол алдында иштегендер жана редакторлор бул чечимге көнөбү же көнбөйбү, чоң суроо”, – деди аты-жөнүн айтууну каалабаган УТРКнын кабарчысы.

“Эркин Тоо” гезитинде көп жыл эмгектенген журналист Сымбат Максутова өзгөрүү болоруна ишенет, бирок баары убакыттан көз каранды экенин белгиледи:
“Эдил Байсалов көп жылдан бери айтылбай келген, ал тургай эч кимдин оюна келбеген сөздү сүйлөдү. Чынында ошондой болчу. Көптөгөн чиновниктердин камчы айбатында калган өкмөттүк гезитте иштегендер муну угуп, абдан ыраазы болду деп ойлойм. Бирок калыптанып калган жагдай тез эле оңдоло калбайт деп ойлойм. Мааракелерде айтылган убадалардын көбү кооз сөз боюнча калып кеткендей эле болушу мүмкүн. Экинчи жагдай, ошондой ыкка көнүп калган эмгек жамааттын дагы дарамети өзгөрүп, эркин дем алып, көз каранды болбой иштеп калышы ички факторго, убакытка байланат. Тез арада акты ак, көктү көк деп көрсөтүү же жазуу ишке ашпайт, убакыт жана чыныгы каалоо керек”.
Максутова бул маселе “мамлекеттик машинаны бир дем менен түртүп” же бир чоң кайыкка түшүп чогуу сүзүп бараткандай эле биримдикти талап кыларын айтат.
Бирок “Ош жаңырыгы” облустук гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуев анын редакциясына, жазылган макалаларга кандайдыр бир көзөмөл жоктугун билдирди:

“Облустук гезиттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Президенттин облустук өкүлчүлүгү аткарып жаткан айрым иштерди чагылдырабыз, бирок баарын эмес. Облус бийлиги кайсы бир иш-чара тууралуу макала жазууга буйрук эмес, сунуш беришет. Бул гезитке 2023-жылы жетекчи болуп келгенге чейин мен дагы “басылма обладминистрациялардын түздөн түз буйругу менен иштейт” деп ойлогон элем. Бирок андай эмес экен. Мен келгенден бери облустук бийликтен же министрликтен эч кандай саясий буйрук түшкөн жок. Келечекте деле түшпөсө керек деп ойлойм. Биз даярдаган материалдардын маңызына да эч кимиси кийлигише элек. Биз сын материалдарды көп эле чыгарып жүрөбүз”.
Тарыхка үңүлөбүз
30 жылдан бери журналистика тармагында эмгектенип жүргөн Бакыт Ибраимов Кыргызстандагы сөз эркиндиги демократиялык процесстерди куруунун маанилүү элементи болгон деп эсептейт. Ал бир кездери “Кыргызстан – Борбор Азиядагы демократия аралчасы” деп сыпатталышына да журналисттер жазган курч макала-баяндардын салымы болгон деп эсептейт.

“Бирок бул аралча биринчи президент Аскар Акаевдин экинчи президенттик мөөнөтүндө “чөгө баштаган”. Ошол учурдагы “Республика”, “Асаба” сыяктуу гезиттер басымга кабылып, куугунтук башталган. Мындай мамиле бардык мамлекеттик басылмаларга жана телерадиокомпанияларга “сигнал” берип, анда иштеген журналисттер расмий бийликке жагымдуу материалдарды жарыялоого аргасыз болгон”, – деген Ибраимов өкмөт өкүлүнүн журналисттерди курч болууга чакырган кайрылуусу медиа коомчулугуна дем-күч берет деп үмүт артарын кошумчалады.
Белгилүү публицист, дипломат Кубан Мамбеталиев да жагдайды мурдагы президенттердин башкаруу системасына байланыштырды. Анын айтымында, Аскар Акаев мамлекетти башкарган 1991-2005-жылдардын аралыгында маалымат каражаттарына каршы 45 каршы сотко доо арыз жолдонгон, ал эми Алмазбек Атамбаев президент болуп турган 2011-2017-жылдары журналисттерге же басылмаларга коюлган доолор 50 миллион сомго чейин жетип, рекорд жасаган.
Мамбеталиев “өкмөттүк басылма, көз карандысыз басылма” деп бөлүнүү, журналистиканын эки жээгинде иштөө деген көйгөй дал ушул эки президенттин тушунда күчөп, чекке жеткен деген пикирде.

“Өкмөттүк медиага болгон көзөмөл жылдар бою улам катаалдашып отуруп, ушул абалга жетти. Образдуу түрдө айта турган болсок, редактордун эки жагынан эки көзөмөлчү карап турат. Сол жагында Арзымат, оң жагында Тазбаймат. Арзымат “саясатка аралашпа, сындаба” десе, Тазбаймат “баарын унутуп, мамлекет башчынын гана ысымын жатта, бардык макалада ошол ысым сөзсүз аталышы керек” деп жол-жобо көрсөтүп турат.
Байсалов мырза жакшы демилге көтөрдү, эми аны улантып, мамлекеттик медианын курч болушуна бардык шартты түзүшсүн.
Албетте, азыр эле анын натыйжасын көрбөйбүз. Бир аз убакыт өтүп, байкайбыз, мокотуу уланып жатабы же курч журналистика пайда болдубу? Бул иштин өтөсүнөн чыгуу керек”, – деди публицист.
Кыргыздын алгачкы улуттук гезити “Эркин Тоо” 1924-жылдын 7-ноябрында басылган. Бул күн кыргыз журналистикасынын башаты катары тарыхка кирген. Быйыл анын 100 жылдыгы белгиленүүдө [бул макала 2024-жылдын 7-декабрында даярдалган – Ред.]. Медиа коомчулугунда бул дата өткөнгө көз чаптырып, келечекке жол салуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп сыпатталууда.
Макалага үн кошкондордун пикирлерин жыйынтыктап айта турган болсок, мамлекеттик медиа өлкөдөгү демократиянын күзгүсү катары иш алып барууга тийиш. Бул үчүн бийлик гана эмес, журналисттер да чыныгы өзгөрүүнү каалап, өзүнүн кесиптик жоопкерчилигин сезүүсү зарыл.
Санжар Эралиев, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.