*орус тилинен которулган
Кыргызстандын медиа сынчылары буга чейин жергиликтүү басылмаларга сереп салып, аялдар кылмыш жасаган учурда, маалыматтык сайттар көбүнчө алардын жынысына басым жасай турганын аныкташкан. Ошол эле кезде гендерге сезимтал журналистиканын стандарттарын карманган редакциялар да бар.
25-ноябрда, Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» акциясы башталды. Бул кампаниянын алкагында медиа сынчы Асел Сооронбаева Factcheck.kz интернет-басылмасынын башкы редактору Медет Есимханов менен Казакстандагы гендерге сезимтал журналистиканын абалы тууралуу маек курду.
Маалымдама: Factcheck.kz – Казакстандагы жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү биринчи фактчекинг сайт. Интернет-басылма 2017-жылы MediaNet эл аралык журналистика борбору тарабынан ачылган жана бүгүнкү күндө социалдык чөйрө, экономика, маданият, саясат ж.б. маселелерин чагылдырып келет.
MediaNet 20 жылдан бери Казакстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө санариптик укуктар, гендердик теңчилик, журналисттердин укуктары, сөз эркиндиги жана адам укуктары сыяктуу багыттарда ар кандай долбоорлорду ишке ашырып келет.
– Айтсаңыз, гендердик журналистиканын принциптери Казакстандын медиа мейкиндигинде канчалык эффективдүү колдонулат?
– Казакстанда гендердик теңчилик темасы жаңыдан күч ала баштады. Көптөн бери бизде “гендерге сезимтал журналистика” деген түшүнүк жок болчу. Азыр бул маселени айрым уюмдар, анын ичинде биз дагы активдүү көтөрүп жатабыз. Бирок, менин оюмча, Казакстандын көпчүлүк журналисттери үчүн бул түшүнүк же таптакыр белгисиз, же алар бул тууралуу укканы менен анын үстүндө терең ойлонушпайт жана өз ишинде колдонушпайт.
Өлкөбүздө гендердик теңчилик темасына көбүрөөк көңүл буруп, хедлайнер болуп, өлкөнүн маалымат айдыңында мурда дээрлик талкууланбаган маселелерди көтөргөн ЖМКлар бар. Булар Batyr Jamal жана Manshuq сыяктуу интернет-булактар.
Бирок жалпысынан жаңылык журналистикасын ала турган болсок, стереотиптер, виктимблейминг жана башка терс көрүнүштөр дагы эле тексттерде жана баш макалаларда көп кездешет деп айта алабыз.
Сылык деп эсептөөгө болбой турган сөздөр [неполиткорректный] айтылып жатат. Буга чейин биз казак жана орус тилдеринде контент жарыялаган жергиликтүү ЖМКлардын мазмунун гендердик сезимтал журналистиканын принциптерине туура келишине текшерип, жалпы тенденцияларды аныктадык.
Буга бир мисал – макалалардын аталышында адамдын жынысын белгилөө. Эгерде сюжеттин башкы каарманы эркек болсо, анын жынысы адатта көрсөтүлбөйт. Бирок, эгер көңүл чордонунда аял болсо, маалымат каражаттары көп учурда анын жынысын такташат, мисалы, жол кырсыгында унааны башкарып бара жаткан аял экенин белгилешет.
Же, мисалы, мени чындап таң калтырган макаланын аталышын алалы: «“Ал абдан сулуу аял”: үч баланын энеси, Павлодарда күйөөсүнөн качып кетти».
“Ал абдан сулуу аял” деген сөз тексттен алынган цитата. Кимдир бирөө ушинтип айткан, бирок тексттин өзүндө аялга күйөөсү кол көтөргөндүктөн ал күйөөсүнөн качып кеткени ачык айтылып жатса, бул сөздү аталышка алып чыгуунун кандай зарылчылыгы бар эле, түшүнүксүз.
Албетте, мындай кадамга баруунун негизги себеби – аудиториянын көңүлүн бурууга болгон аракет. Бүгүнкү күндө журналисттердин негизги валютасы – окуулардын же көрүүлөрдүн саны. Ошентип, алар, балким, жынысы аталса бул элдин көңүлүн өзүнө бурат деп үмүттөнүшөттүр (а балким, алардын үмүтү чынында акталаттыр). Сыягы, алар бул формуланы ойлоп чыгарып аны активдүү колдонуп келишет, бирок муну, албетте, гендерге сезимтал журналистика деп айтууга болбойт.
Же дагы бир макаланын аталышын алалы: «Алматыда Лексус менен жүргөн кыз катуу ылдамдыкта арыктан ашып учуп кетүүгө аракет кылды». Башкача айтканда, кайра эле журналисттер унааны айдаган кыз болгонуна басым кылып жатышат. Бул негизги тенденциялардын бири.
Экинчи тенденция: эгерде материалда аял жөнүндө сөз болсо, анда сүрөттүн колдонулушунун ыктымалдыгы эркек тууралуу макалага караганда алда канча жогору болот. Бул учурда сүрөт адамдын көңүлүн буруу ыкмасы болуп саналат. Бирок бул логикага жатабы? Эмне үчүн эркектер жөнүндө жазышканда, алар сүрөттү дайыма эле колдоно беришпейт?
Дагы бир тенденция жалпыга маалымдоо каражаттарында 8-мартка карата аялдардын куттуктоолорун окуганда байкалат. Бул Казакстанга гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө да мүнөздүү болсо керек. Редакциялар айымдар аудиториясын куттуктаганда көбүнчө сулуулук, камкордук жана чыдамкайлык сыяктуу сапаттарга басым жасашат. Башкача айтканда, салттуу көз караштарда аялдарга таандык болгон сапаттарга басым жасалат да, күчтүүлүк, лидерлик жана башка сапаттар такыр айтылбайт.
8-мартка карата аялдардын жүрүштөрү тууралуу элдин кандай ойдо экенин белгилей кетүү маанилүү. Бул жүрүштөрдө гендердик теңсиздик маселелери көтөрүлөт, бирок комментарийлерде жүрүштүн катышуучуларына карата терс пикирлер көп кездешет. Албетте, журналисттер өздөрү, эреже катары, аялдардын жүрүштөрүнө мындай терс мамиледе болушпайт жана аларды каралоого аракет кылышпайт, адатта, ЖМКлар окуяларды объективдүү чагылдырышат.
Журналисттер тарабынан каталар болот, бирок, эреже катары, алар атайылап жасалган каталар эмес.
Биз бардык маалымат каражаттарына мониторинг жүргүзбөсөк да, чоң аудиториясы бар, көптөн бери иштеп келе жаткан медиаларга басым жасаганбыз. Ошол эле учурда олуттуу каталарды кетирген айрым редакциялар да бар. Дагы белгилей кетүүчү жагдай, аялдарды сексуалдаштыруу жана объектилештирүү жарнамаларда өтө кеңири кездешет, бирок бул өзүнчө талкууга алына турган тема.
– Менин билишимче, уюмуңар ушул темада журналисттер үчүн тренингдерди өткөрүп келет. Алар канчалык ийгиликтүү болууда?
– Биз журналисттер үчүн гендердик журналистика боюнча бир нече лекцияларды өткөрдүк жана, албетте, биздин кесиптештерибиз тиешелүү материалдарды даярдап жаткандарын жана алгылыктуу жыйынтыктар бар экенин байкап жатабыз. Бирок, таңгалычтуу окуя дагы болду – тренингден кийин катышуучуларыбыздын бири бардык мүмкүн болгон стереотиптерди колдонгон – бул абдан кызык болду. Бирок көпчүлүк учурда биз ийгиликтүү мисалдарды көрүп жатабыз.
Бейөкмөт уюмдардын, анын ичинде биздин да, ошондой эле гендердик сезимтал журналистиканы өнүктүрүүгө багытталган ЖМКлардын ишмердүүлүгү акырындык менен өз жемишин берип жатат.
Мындан тышкары, Казакстанда болуп жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары кандайдыр бир деңгээлде элдин көңүлүн гендердик теңчилик темасына бурдуруп жатат, ошондуктан көптөгөн адамдар виктимблейминг эмне үчүн жаман экенин, эмне үчүн белгилүү бир контекстте аялдар жөнүндө жазуу туура эмес экенин жана бул эменси менен зыян экенин түшүнө башташты.
– MediaNet бул багытта дагы кандай аракеттерди көрүүдө?
– MediaNet боюнча айта турган болсок, биз көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык, анын ичинде Factcheck.kz да аркылуу. Биз гендердик теңчилик темасында мифтерди жокко чыгаруу форматында контент түздүк. Мисалы, аялдардын көп сүйлөй тургандыгы, башкача айтканда, аялдар эркектерге караганда көбүрөөк сүйлөйт деген миф тууралуу. Биз ар түрдүү изилдөөлөр менен таанышып чыгып, бул мифти жокко чыгардык. Же, мисалы, бизде аялдарга сексуалдык объект катары кароо тууралуу материалдар бар болчу. Бул эмне үчүн жаман экенин материалда түшүндүрүп бердик. Биздин күлкүбүздү келтирген бул жарнамалардын баары чындыгында аялдарга карата кандайдыр бир мамилени калыптандырат.
Биз ишке ашырган дагы бир маанилүү долбоор санариптик эмес, ал #TIISPE (“Тийишпе”) деп аталат. Бул долбоор коомдук транспорттогу сексуалдык асылууларга каршы күрөшүүгө багытталган.
Маалымдама: Кыргыз медиасынчылар дагы коомдук транспорттогу харассмент жөнүндөгү “Аялдама” аттуу жыйнагы тууралуу материал даярдашкан.
Биз коомдук транспортто харассментке кабылган учурда конкреттүү сунуштар, ошондой эле мындай жагдайларда кайда кайрылуу керектиги боюнча маалымат камтылган буклеттерди даярдадык. Бул буклеттерди аялдамаларда, коомдук транспорттордо илдик. Алгач, долбоор бир эле шаарда ишке ашырылган, андан кийин таң калыштуусу, бул плакаттарды башка шаарларга илип берүү өтүнүчү менен акимчиликтер (муниципалитеттер) өздөрү бизге кайрыла башташты. Коомдук транспорттордо харассмент маселеси бар экени айдан ачык көрүнүп турат.
Плакаттардын жардамы менен биз жүргүнчүлөрдүн харассмент жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана коомдун бул көрүнүштү кабыл албоо мамилесин калыптандырууга үмүттөнөбүз.
Жалпысынан MediaNet коммерциялык эмес уюму Казакстанда 20 жылдан бери иштеп келе жатат жана бул убакыт аралыгында гендердик теңчиликке арналган көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганы жетишти, алардын ичине журналисттерди окутуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү, медиаларга мониторинг жүргүзүү жана башка демилгелер кирет.
Асел Сооронбаева, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.