Мунара Бекназарова өзгөчө инновациялык ыкмаларды колдонуп, медианы зомбулукка каршы таасирдүү куралга айландырууну көздөйт. Ал кыз-келиндерди коргоодогу санариптик чечимдерди алга сүрөп жүрөт.
Бекназарова жетектеген “Айкын багыт” коомдук фонду мобилдик тиркемелерди, анимациялык сериалдарды жана интерактивдүү оюндарды иштеп чыгып, кыз-келиндер үчүн кыргыз жана орус тилдеринде агартуучу платформаларды түзгөн. Алдыдагы маекте Мунара Бекназарова командасы менен ишке ашырган долбоорлор жана алардын максаты тууралуу кененирээк кеп салат.
– Мунара айым, сиз медианы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштүн инструменти катары тандагансыз. 2023-жылы өспүрүм кыздар үчүн анимациялык сериалды ТикТок платформасында элге тартууладыңар. А дегенде ошол It’s OKY сериалы жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз.
– Бул Кыргызстандагы алгачкы агартуучу “ТикТок сериал” болуп калды. Ал он сериялуу анимациялык тасма. 2023-жылдын 28-февралында алгачкы сериясын ТикТок платформасындагы @oky_kyrgyzstan каналына чыгарганбыз.
Башкы каарман – секелек. Бирок ал бойго жетип баратканда кыздарда кандай өзгөрүүлөр болору жөнүндө билбейт, анатомиядан же физиологиялык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматы жок.
Коркунуч жана уялуу сезиминин чордунунда калган жаш кыз ар бир серияда өз жашоосундагы түркүн суроолорго жооп издейт. Жашоодо да секелектер мындай жагдайга кабылышат жана маселени түшүнбөй, ага өз алдынча жооп издегенге аракет жасашат эмеспи.
Биз бул сериалда чоңоюу кадыресе көрүнүш экенин, бул жөнүндө ачык айтуу уят болбой турганын түшүндүргүбүз келген. Анткени, алгачкы айыз келе баштаганда кыздар коркуп, дүрбөлөңгө түшүп калат, мындайда чоңдордон колдоо аябай зарыл.
Мисалы, биринчи серияда апасы кызы менен айыз жөнүндө сүйлөшүүнү каалайт, бирок кыз уялат. Анын башында “жок, мен кичинекей кызмын, бул тууралуу ачык айтууга болбойт, муну эч ким менен талкуулабашым керек” деген ой болот. Бирок айыз келгенде эмне кыларын билбей, “кимге кайрылсам экен?” деп ойлонуп калат. Сериалдын ошол жеринде кыздар кимге кайрылса болорун көрсөткөн тизме жарыяланат. “Бул тизменин ичинен кимге көбүрөөк ишенсең, ошол адам менен бөлүш. Эжеңе же апаңа, мугалимиңе, кимге ишенсең, ошол адамга айт. Коркпо, сурай бер!” деген багыт беребиз.
Сериалдын негизги чакырыгы – секелектерди жашоонун бул тепкичине даяр болууга, ата-энеси же туугандары менен сүйлөшүүгө, коркууну жеңүүгө үндөө. Ошондой эле Кыргызстанда OKY деген мобилдик тиркеме бар экенин, айызга байланыштуу суроого жооп тапса болорун жеткиргенге аракет кылганбыз. Ал тиркеме эксперттердин сапаттуу кеңештеринин негизинде даярдалган.
– Кыргызстанда азыр ТикТок бөгөттөлгөн эмеспи? Мындай шартта тасманы элге жеткирүү маселесин кантип чечтиңер?
– Бактыга жараша, биз сериалды жарыялай баштаганда ТикТок ачык болчу. Биз аны жайылта алдык, ал тургай көп комментарийлер жазылды. Бирок аз өтпөй эле ТикТок жабылды. Бул өкүнүчтүү. Биз бул платформа аркылуу кыздарга пайдалуу маалымат бөлүшүү зарыл деген ойдо элек. Себеби, биздин уюмдун чакан изилдөөсүнө караганда, секелектер маалыматты көбүнчө ТикТоктон алышарын билдик.
– Андан мурун смартфондор үчүн “Чабалекейлер” деген тиркеме даярдап, ал тиркеме аркылуу оюн сериалын сунуштагансыңар. Бул жөн гана оюн эмес, кыздарды эрте турмушка берүү туура эместигин коомго жайылтуу максатын көздөйт. Ал тууралуу да кененирээк айтып бересизби?
– “Чабалекейлер. Жазгы Бишкек” деп аталган оюн сериалын 2020-жылы чыгарганбыз. Ал смартфондорго ылайыкталган, анимациялык комикс түрүндөгү оюн. Оюнду жүктөп алган ар бир адам, анын башкы каарманы болот жана сюжетти өзгөртө алат. Бирок анын алдында “башка үй-бүлөнүн ички ишине кийлигишсе болобу?”, “сүйүү менен достуктун ортосунда татаал тандоону кантип жасайм?” деген суроолор бар. Бул суроолорго ала качууга туш болгон кыздын ордуна өзүн коймоюнча, жооп табуу кыйын.
Өспүрүмдөр сериалдарга, оюндарга кызыгышат. Кыргызстанда мындай сериалдык оюндар жок болчу. Ошондуктан, ушул багытты тандадык. Бирок ага чейин жаш кыздар менен жолугушууларды өткөрүп, алар эмнеге кызыгарын, кандай кинолорду көрүп, кандай китептерди окуй турганын сурадык. Соңунда аларды сериалдар кызыктырарын билдик. Биз бул оюнга ар кандай учурларды кошконбуз, мисалы түнкү оттор, сырдуу тоо жолдору, байыркы уламыштар, карасанатайлыктын бетин ачуу, күтүлбөгөн коркунучтар, чыныгы достук жана сүйүү. Ошол эле учурда оюнда олуттуу жана жөнөкөй эмес темалар – аялдардын укуктары, тандоо эркиндиги, зордук-зомбулук, муундардын ортосундагы мамиле, салттуу коомдо өз ордун табуу маселеси да камтылат.
Ошондой эле “Сары-Көл сырлары” деген оюн интерактивдүү окуя жанрында жасалган. Окуялар Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолуу айылда болот. Оюнчу сюжеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизип, башкы каарман үчүн чечим чыгара алат. Оюндун тарбиялык максаты бар: билим алуунун маанилүүлүгү, эрте никенин коркунучу, кыздардын дараметин ачуу жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү жөнүндө маалымат берүү.
Мунун баары жөн жерден эмес. Ар бир эпизоддо укук маселеси бар жана кыздар ала качууга, эрте никеге кабылганда кырдаалдан кантип кутулуу керектиги тууралуу маалыматтарды камтыганбыз. Же болбосо, курбусун ала качып кеткен кыз кандай кадамдарга барышы керектигин, адамдар менен сүйлөшүүдөгү маанилүү жагдайларды эскертме катары киргизгенбиз. Арасында ар кандай тесттер болот, ким суроого туура жооп берсе, чабалекей түрүндө упай топтойт. Бул жөн гана оюн эмес, кыздарды мажбурлап күйөөгө берүүгө каршы укуктук маалымат тараткан агартуучу инновациялык ыкма.
– Ал тиркемени жүктөп алгандар көп болгонбу? Статистикасы кандай?
– “Чабалекейлер. Бишкекте жаз” оюнун жуктөп алгандар 165 миңден ашса, “Сары-Көл сырларын” 36 миңден көп болду. “Сары көл сырлары” 2024-жылы Нью-Йоркто өткөн ири Games for Change фестивалында “Эң мыкты жарандык оюн” катары финалга да чыккан.
– Мындан башка да зомбулукка каршы бир катар инновациялык долбоорлоруңуз бар. Ошолор тууралуу да айтып берсеңиз.
– Ооба, бир канча тиркемелерди иштеп чыкканбыз. Алардын катарына “Айымкана”, “Куткаруучу чөйрө” деген колдонмолорду кошсок болот. “Айымкана” аркылуу укуктук маалыматтарды жалпак тилде тартуулаганбыз. Ар кандай кырдаалдарда кайсыл мекеме-уюмдарга байланышса болорун белгилеп, телефон номурларынан бери жазганбыз. Ала качууга туш болобу, зомбулукка кабылабы, же болбосо эрте никеге турууга мажбурланабы, ошондой учурларда кимге кайрылыш керектигин аталган колдонмодо түшүндүргөнбүз.
“Куткаруучу чөйрө” тиркемеси оор кырдаалда жардамчыларды чакырганга көмөктөшөт. Мисалы, ала качууга туш болгон же зомбулукка кабылган кыз кайсыл жерде экенин билбесе, ошол тиркемедеги функция аркылуу жакындарына локация жана 30 секундалык аудио-билдирүү жөнөтө алат. Бул тиркемелер зордук-зомбулукка каршы Кыргызстандагы алгачкы колдонмолор болгон.
Аларды ишке ашыруу үчүн албетте технологияны, сценарий түзүүнү билген жакшы команда иштеген. Ал үчүн кесипкөй адистер менен кызматташканбыз. Бирок бардык эле кесипкөй кишилерде, ошол эле режиссердо же сценаристте жагдайга гендердик оптика менен кароо дарамети жетишсиз болушу мүмкүн. Ошондуктан, биз ар бир долбоорду талкуулап, күнгөй-тескейин карап, анан ишке ашырганбыз. Турмушта болуп жаткан реалдуу окуялардын негизинде иштегенбиз.
Жасаган эмгекти коомго да таанытуу керек эмеспи. Маалыматтык кампания зарылдыгын түшүнгөнбүз. Ошондуктан биз, маалымат каражаттары аркылуу кабарларды жарыялаганбыз. “Studio 1.1” аркылуу вайн жана видео-нускамаларды жасап, социалдык тармактарга бөлүшкөнбүз. Себеби, жөн гана кабар аркылуу элдин калың катмарына жеткирүү мүшкүл.
Коомдун айрым катмары үчүн ала качуу – кадыресе көрүнүш. Ал тургай зомбулукту да кадыресе кабыл алгандар бар. “Менин тегерегимде зомбулукка чыдаган аялдар бар, кадимкидей жашап жүрүшөт” деп ойлошот. Андыктан, смартфондордогу мындай тиркемелер аларга кызыксыз болушу да мүмкүн. Жабыркагандар тиркеме аркылуу жардам алса болорун оюна да келтирбеши ыктымал.
Бирок биз бул маалыматтарды калын элге жеткире беришибиз керек. Тилекке каршы, долбоорубуздун каражаты түгөнүп, айрым учурларда тиркемелер тууралуу элге маалымат жеткирүүдө кыйынчылыкка кабылган учурларыбыз да болгон.
– Кыз-келиндерге арналган мобилдик тиркемелер, сериалдар жана интерактивдүү оюндар аркылуу коомдук аң-сезимди өзгөртүү оңойбу? Кандай кыйынчылыктар бар?
– Бул чоң суроо. Себеби, көп жылдардан бери маалымат каражаттары, агартуучу борборлор бул көйгөйгө каршы иштеп жатышат. Баары коомдук аң-сезимге таасир өткөрүүгө аракет кылышат. Биз бул көйгөйгө каршы инновациялык жол менен күрөшүү ыкмасын тандадык.
Албетте, элдин баарынын көңүлүн бул маселеге бурганга жетиштик деп айта албайм. Эгер Билим берүү жана илим министрлиги биздин тиркемелерди окуу программалары аркылуу да жайылтканга жардам берсе, дагы да жакшы болмок. Андан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да колдоо көрсөтсө дейбиз. Андан тышкары, маалымат каражаттары көңүл бурса жакшы болмок.
Жөн гана бир жолку кыска кабар аркылуу эмес, адистердин катышуусунда бат-баттан зордук-зомбулукту азайтууну талкуулап, иш-чараларды көрсөтсө, өкүмзордуктун кесепеттерин дайыма айтып турушса, жакшы салым кошкон болот.
– Кыз-келиндердин укуктарын коргоо жаатында медиа эмнеге көбүрөөк көңүл бөлүшү керек деп эсептейсиз?
– Менимче, журналисттер инновациялык ыкмаларды жигердүү колдонсо жакшы болор эле. Өздөрү да макала-баяндардын арасында интерактивдүү ыкмаларды кошсо, же изилдөөлөрдү, аналитикалык баяндамаларды берсе, натыйжасы жемиштүү болот. Мисалы, тест, кроссворддор аркылуу укукка байланышкан суроолорду жана алардын жоопторун сунуштаса, менимче, окурмандын же көрөрмандын башында көбүрөөк маалымат калат жана бул ыкмалар башкалардын кызыгуусун арттырат.
– Сиз жетектеген “Айкын багыт” коомдук фонду гендердик сезимталдык боюнча журналисттерге да тренингдерди уюштурат. Өзүңүз кесибиңиз боюнча кимсиз? Медиа чөйрөсү эмне үчүн сизге жакын?
– Мен өзүм филологмун. Ошондой эле менеджер кесибин да ээлегем. Медиа – бул кыз-келиндер кабылып жаткан кыйынчылыктар тууралуу катуу үн чыгарып айта турган аянтча. Ал үчүн журналисттер да гендердик сезимтал көндүмдөргө ээ болууга тийиш. Бул жагынан да журналисттерге билгенибизди айтып, гендердик темалар туура акцент менен жайылтылышы керектигин жеткиребиз.
Азыр ар бир уюм – чакан медиа же чакан маалымат каражаты. Баарыбызда телефон, интернет бар. Баарыбыз кандайдыр контент жаратабыз же маалымат бөлүшөбүз. Ошондуктан, биз өз багытыбызда үйрөнгөн метод же тактикаларды журналисттерге бөлүшөбүз, алар аркылуу да жайылтууну көздөйбүз. Маалымат каражаттары менен иштешүү – адамдарга жакын болуунун бир ыкмасы.
– Кыргызстанда медиа аялдардын укуктарын коргоо жаатында кандай роль ойноп жатат? Жетиштүү деңгээлде таасир этеби?
– Маалымат каражаттарынын зомбулукка каршы күрөштөгү ролу эбегейсиз. Медиада зордук-зомбулукка күрөш үчүн чоң күч бар. Акыркы жылдары басылмаларда бул темада жакшы макала-баяндар жарыяланып жатат. Дата-журналистика аркылуу зомбулуктун масштабын көрсөткөн материалдар чыкты. Же зомбулук кылмышынын деталдарына чейин көрсөткөн репортаждар даярдалууда.
Бирок ага карабай, көйгөйлөр бар. Буга стереотиптик көз караштар камтылган макалаларды мисал кылсак болот. Алсак, зомбулук көргөн кыз-келиндер жөнүндө жазганда, аялды байкуш катары гана көрсөтүшөт. Же болбосо, зомбулукка кабылган аял күйөөсүн сотко берүүдөн баш тарса, журналисттер “зордук көргөн аял күйөөсүн кечирди” деп баштема коюп коюшат. А чындыгында, ал кечирген жок, тергөө материалында “доомат коюудан баш тартты” деп жазылган болот.
Же зордуктоого кабылган кыз тууралуу жазганда кызды күнөөлөгөн ой-пикирлерге орун беришет. “Эркектерди көзүн кызарткан кийим кийип алыптыр” же “кыз өзү мас экен” деген сыяктуу комментарийлерди кезиктирип калабыз. Бул балким эки тараптын пикирин берүү стандарты болуп саналар. Бирок кылмышты актоого да салым болуп калат.
Журналисттер мындай учурда окуянын өзүнө гана басым жасап туруп албай, мамлекеттик система зомбулукка каршы күрөштөгү кемчиликтерин айтып, маселе көтөрсө жакшы болмок. Зомбулукка байланыштуу материалда сөзсүз мыйзамдар, жоопкерчиликтер тууралуу маалыматтар камтылышы шарт. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү коомдук пикирди калыптандыра алат. Алар бул күчтү туура колдонууга тийиш.
Санжар Эралиев, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.