Кыргызстандагы Интерньюс учурда өлкөдөгү медиачөйрөнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча “Медиа-К” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууда.
Биринчи фаза 2017-2022-жылдар аралыгында ишке ашырылган.
“Mедиа-K” жергиликтүү көз карандысыз ЖМКлардын кесипкөйлүгүн жана каржылык туруктуулугун чыңдоого жардам берет, андыктан жарандар ар түрдүү, тең салмактуу жана фактыларга негизделген маалыматка көбүрөөк мүмкүнчүлүк алат.
2022-жылдын ноябрынан тартып жаңы беш жылдыгы башталды, анын алкагында кыргыз тилдүү редакцияларды колдоого жана мамлекеттик тилде сапаттуу контентти өндүрүүгө басым жасоо менен дата-журналисттерди, аймактык медиа өкүлдөрүн окутуу улантылууда.
Дезинформацияга жана манипуляцияга каршы туруу максатында фактчекерлердин жана социалдык медиа мониторинг иштерин координацияланат.
Гранттык колдоо сапаттуу жана социалдык маанилүү контентти түзүүгө жардам берет, алар: телесериалдар, кыска метраждуу фильмдер, анимациялык фильмдер жана гендердик жана конфликттик темалардагы таасирдүү мультимедиялык окуялар.
“Медиа-К” долбоору жыл сайын “Медиа Топтоо” индустриалдык форумун жана кесипкөй журналисттер арасында “Умтулуу”сынагын өткөрүп келет.