Медиасын программасынын катышуучулары Азат Рузиев алып барган воркшопто коомдук тармактар үчүн видеоконтент түзүү боюнча практикалык көндүмдөрүн бекемдешти.
15-январда Кыргызстандагы Интерньюстун окуу борборунда медиа сынчылар коомдук тармактар үчүн видеороликтерди тартып жасоо боюнча жеке практикадан өтүп, сценардык планды жазып, бардык мобилдик аксессуарларды: смартфондорду, микрофондорду, жарык берүү системаларын, штативдерди жана суфлерлорди колдонуп видео тартышты.
Воркшоптун соңунда үй тапшырмалары, контенттин сапаты, коомдук тармактарда мурда жарыяланган видеолордун статистикасы жана аларга түшкөн пикирлер боюнча жыйынтыктоочу талкуу болду.
«Чекит Медианын» башкы редактору Асел Сооронбаева белгилегендей, буга чейин медиа сын жанрындагы материалдар негизинен текст түрүндө даярдалса, азыр контентти аудиовизуалдык продуктыларга айландыруу боюнча алгачкы кадамдар жасалып жатат.
«Алынган билим узак мөөнөттөн кийин натыйжа берет. Жөн гана жакшы баяндоо жөндөмүн өрчүтүп, татаал темаларды кызыктуу жана кыска-нуска баяндоо керек», – деп белгиледи ал.
Окутуунун жыйынтыгында мобилография боюнча тренер Азат Рузиев катышуучулар өздөрүнүн макалаларын жана интервьюларын коомдук тармактар үчүн кыска видео форматтарга, видеокарталарга жана кадимки тексттик карталарга айландыруу жолдорун өздөштүрүшкөнүн айтты.
Анын айтымында, медиа сынчылар коомдук маанилүү контентти жаратып келишет. Бирок, бул контент менен кеңири эл тааныша алышы үчүн, ал Instagram жана TikTok тармактарында жарыяланышы керек:
«Бул аянтчалардын чоң аудиториясы бар, бирок ошол эле учурда ал жакта чоң атаандаштык да бар. Биздин контент жогорку сапатта, кызыктуу жана ынанымдуу болушу үчүн муну эске алышыбыз керек, анткени биз ал жактагы көптөгөн адамдар менен атаандашабыз. Мен медиа сынчылар тобу менен иштешип, алар көп ийгиликтерге жете алышты деп айта алам. Алардын көбү нөлдөн башташкан, бирок аягында алар көп нерсени үйрөнүшкөнүн көрсөтүштү. Эң негизгиси, алар бул көндүмдөрүн өз кесибинде гана колдонбостон, бул универсалдуу билимди каалаган тармакта да колдоно алышат».
фото internews.kg