«Медиа Топтоо» Идустриалдык Форуму – бул кесиптештер менен тажрыйба алмашууга, кызматташуунун жаңы жолдорун издөөгө багытталган ачык кесипкөй аянтча.
“Топтоо” – бул сөз чогултууну, чогулууну туюнтат. “Медиа Топтоо” форумубуз – бул Кыргызстанда сапаттуу, көз карандысыз жана заманбап медианы өнүктүрүүнү каалаган тилектештердин жыйыны.
“Медиа Топтоо” – өлкөнүн медиатармагындагы эң зор окуя. Буга катышуучулардын чоң кызыгуусу, форумга катыша турган жергиликтүү жана эл аралык спикерлер менен коноктордун саны жакшы далил боло алат. Форум биринчи жолу 2018-жылдын апрелинде өткөрүлгөн болчу. Ага 300гө жакын адам катышкан.
“Медиа Топтоо” Кыргызстандын медиа тармагынын өнүгүүсүнө түрткү берет, аны өткөрүү – Интерньюстун башкы максаттарынын бири болуп саналат.