Ютуб – бул дүйнөдөгү эң ири видеоплатформа жана Гуглдан кийинки орунда турган эң популярдуу вебсайт. 2024-жылы анын активдүү колдонуучуларынын саны 2,7 миллиарддан ашкан. Акыркы он жыл ичинде Ютуб маалымат алуу жана көңүл ачуу үчүн маанилүү платформага айланды.
Кыргызстандык белгилүү медиалардын жетекчилери жумушунан тышкары, бош убактысында бул платформадан кандай берүүлөрдү көрөрүнө кызыктык.
Мисалы, “Азаттык” радиосунун Бишкектеги кеңсесинин директору Бакыт Асанов көбүнчө эл аралык каналдардын программаларын көрүп, дүйнөдөгү маанилүү окуяларды түшүнүүгө аракет кылаарын айтат:
– Мен маалымат каналдарына басым жасаганга аракет кылам, ал эми кинону дээрлик көрбөйм. Мисалы, “Дождь” маалымат телеканалын, Би-Би-Синин Орус кызматынын берүүлөрүн ар дайым көрүп, байкап турам. Андан сырткары, унаа айдап баратканда Kitep.kg каналынын кыргыз тилиндеги аудио китептерин угам. “вДудь” каналынын маектерин көрүп калам, бирок ар дайым эмес, кээде гана. Ал эми “Азаттыктын” Казак кызматынын берүүлөрүн, CNNди, “Настоящее время” телеканалын күн сайын көрөм.
Ал эми Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар бирлигинин директору Назира Жусупова Ютуб платформасынан үй-бүлөлүк жана адамдык баалуулуктарга арналган кыргыз тилдүү видео подкасттарды жактырарын белгиледи. Ал жеке өсүүгө багытталган контент маанилүү экенин айтат.
Анын айтымында, кыргызча каналдар жакшы өнүгүп жаткандыктан көп учурда кыргызча көрөт:
– Мен көргөн каналдардын медиага такыр тиешеси жок. Бул платформадан алгач мен өсүштү ойлонот экенмин. Медиа жетекчи катары эмес, адамдык жактан өсүштү максат кылам. Ютубдан кыргызча “Алдей-Алдей” берүүсүн жана Назира Айтбекованын маектерин көп көрөм. Бул каналдарда көбүнчө үй-бүлөгө тиешелүү темалар көтөрүлүп, анын айланасында талкуу болот. Үй-бүлөлүк кризиске кантип туруштук бериш керек, адамдар менен кантип мамиле куруш керек деген суроолор мага жакын. Анан кээде казакстандык Маргулан Сейсембайдын кеңештерин көрөм. Себеби мында дагы үй-бүлөгө тиешелүү маселелер айтылат.
“Кут Билим” медиа борборунун директору жана Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын редактору Кубат Чекиров эл аралык окуяларды талкуулаган подкасттарды угуу менен бирге дүйнөдөгү белгилүү адамдар жөнүндө берүүлөрдү көп көрөрүн айтты.
– Мен Ютуб каналдардан атактуу адамдар, мамлекет башчылар, лидерлер жөнүндө көп маалымат алам. Андан сырткары, тарыхый ири окуялар жөнүндө видео подкасттарды, документалдуу тасмаларды көрөм. Кыргыздын совет учурундагы эски кинолорун кайталап көрөм. Ал эми подкасттар боюнча айтсам, “Азаттыктын”, Би-Би-Синин Орус кызматынын берүүлөрүн көп угам. “Что это было?” деген атайын аналитикалык берүү бар. Бул берүүнүн эл аралык окуяларды ийне-жибине чейин териштиргени абдан жагат, – дейт Кубат Чекиров.
Ал эми “Марал” радиосунун башкы редактору Орозгүл Арстанова Ютубдагы подкасттарды күнүмдүк жашоосунда үзгүлтүксүз угуп келерин айтат. Бул анын жеке өнүгүүсүнө жардам берерин белгиледи.
– Ютубдан түрк сериалдарын көп көрөм. Бирок байкашымча мен керектеген контенттин дээрлик 70–80 пайызы подкаст экен. Жолдо жүргөндө, үй жумуштарын жасап атканда угам. Себеби жумуш учурунда улам маалымат менен иштеп атып, жай отуруп уга албайсың. “Жаратман” подкастын дайыма көрөм. Себеби азыркы тапта ар түрдүү багыттагы жаратман адамдар маекке чакырылып, кызыктуу контент жасалат. Казакстандын “Замандас”, “Орда” деген подкасттарын угам. Ошондой эле “Настоящее время” телеканалынын документалдык кинолорун көрөм. “Азия 360º” деген долбоору абдан жагат.
Ар бир медиа жетекчинин табити ар башка эмеспи. Маселен айрымдары бул платформадан көп учурда подкасттарды укса, кээ бири дагы башка видеолорду көрөт. “УТРК Ош” телеканалынын директору Эрмек Муратбек уулу кыргыз тилдүү контентке кызыгып, аны көрүп гана тим болбостон, көп учурда ошол видеолордон идея аларын айтат:
– Мен көп учурда Кыргызстандын маалымат каналдарын карайм. Мисалы, бир эле жаңылыкты башка каналдар кандай берип атканын карап, бири-бири менен салыштырам. Кээде атайын репортаждарды көрүп, ошолордон идея алам. “Азаттыктын” материалдарын ар дайым көрүп турам. Аларда “Данисте” деген долбоорун көрүп, кандай кадрларды алып жатканын карап, биздики менен салыштырам. Анан эски документалдуу кинолорду көп көрөм.
Ал эми өзүнүн “Майраш Базлакунова – official” жеке Ютуб каналын жетектеген Майраш Базлакунова көп учурда башка өлкөлөрдүн каналдарынан ар кандай жанрдагы видеолорго кызыгарын белгилейт:
– Өзүн-өзү өнүктүрүүчү, билим берүү тармагына байланыштуу видеолорду, кээде кызыктуу маектерди көрөм. Акыркы учурда жасалма интеллект менен иштөө боюнча берүүлөрдү кызыгып көрүп жатам. Кээде белгилүү, мен сыйлаган журналисттердин программаларын карайм, бирок ар дайым көрөм деп айта албайм. Мисалы, Ксения Собчактын каналындагы маектерди көрүп калам, чакырылган мейман кызыктуу болгон учурда. Дагы балдардын психологиясы боюнча берүүлөрдү көрүп баштадым. Себеби, менин өспүрүм курактагы кызым бар. Ошонун психологиясын түшүнүү үчүн көрөм.
“Апрель” маалымат агенттигинин директору Дмитрий Ложников жактырган контентинен айрыкча подкасттарга басым жасарын кошумчалады.
– Кыргызстандын тарыхына байланыштуу маектер азыр жакшы чыгып калды. Анан “Жаратман” подкасты жакты, жакшы чыгарып жатышат. Акыркыларынан Данияр Аманалиев, Шамил Ибрагимов менен маектер абдан кызыктуу болду. Журналисттик иликтөөлөрдүн узун форматын кызыгып көрөм, – дейт Дмитрий.
Ютуб ар бир адам үчүн ар тараптуу жана көп функционалдуу куралга айланды. Бул платформа бүгүнкү күндө жөн гана маалымат булагы болбостон, чыгармачылык жана технология менен таанышуу үчүн күчтүү платформага айланды. Бул аянтча ар бир колдонуучуга уникалдуу контент түзүүгө жана жаңы билим алууга мүмкүндүк берип, медиа дүйнөсүндө чексиз мүмкүнчүлүктөргө жол ачары талашсыз.
Дилде Шатанова.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.