Кыргызстандык журналисттер саясий, экономикалык темаларда макала жазганда аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кайрылат.
Айымдарга көбүнчө саламаттык, билим берүү, үй-бүлөлүк зомбулук темаларында микрофон сунулат. Бул тенденция коомчулукта “мырзалар саясатты жана экономиканы айымдарга салыштырмалуу жакшы түшүнөт” деген бир жактуу пикирди калыптандыргандай.
Консервативдүү деп сыпатталган коомдо журналисттер гендердик теңчиликке кандай таасир тийгизе алат? Алдыда ушул суроонун тегерегинде ой жүгүртөбүз. Макала “медиадан эркек эксперттерди сүрүп чыгарып, ордун аялдар менен толтуруу керек” деген чакырыкты көздөбөйт. Сөз баланс жөнүндө гана.
Байкалбаган дисбаланс
А дегенде июль айында Кыргызстандагы аудиториясы көп айрым медиаларда чыккан баяндарга сереп салып көрөлү.
УТРКнын “Ала Тоо 24” каналында 22-июлда президент Садыр Жапаровдун Ташкентке мамлекеттик сапары жөнүндө 20 мүнөттүк баяндама жарыяланган.
“Өзбекстанга болгон өзгөчө сапар” деп аталган материалда журналист жалаң эркек аткаминерлерди көрсөткөн. Делегациянын курамында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева баштаган аялдар да болгон. Бирок УТРКнын баянында алар дээрлик жок.
“Азаттык” радиосунда июль айында экономикалык темада чыккан “Чет элдиктер Ысык-Көлдөн мүлк алса баа өсөбү?”, “Санкциялардын кесепети”. Кыргызстанда доллар менен рублдин куну түштү? – деген макалаларда айымдардын ойлоруна орун берилген эмес. Ошол эле учурда аталган басылманын саясий темадагы макалаларында кыз-келиндердин пикирине тез-тез орун берилет.
Макалаларында аялдарга такай микрофон сунгандардын сап башында “Клооп” басылмасы турат. Июлда жарыяланган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриштин Кыргызстанга сапарын талдаган макалада аял серепчилер сүйлөгөн.
Билим берүү тармагындагы эксперт айымдар парламенттеги жыйынга катышып жатышат. Сүрөт kenesh.kg сайтынан алынды жана иллюстрация үчүн колдонулду.
“Медиада калыптанган тар түшүнүк”
Бул макаланы жазарда ар кайсы медиада иштеген бир канча журналистке эксперимент катары саясий эксперттердин телефондорун сурап кайрылдым. Мен суранган 12 кесиптешимдин баары эркек серепчилердин телефондорун берди. Бул көрүнүш журналисттердин базасында эркек талдоочулардын телефондору көп сакталган деген тыянак чыгарууга түрттү.
Саясий-экономикалык темалар эле эмес, азыр глобалдык көйгөйгө айланган экологиялык маселелерди талдаган, долбоорлорду ишке ашыргандардын арасында Кыргызстанда кыз-келиндер көптүгүнө карабай, макалаларда көбүнчө эксперт катары эркектер сүйлөйт.
Эмне үчүн журналисттердин “эксперттер базасында” эркек серепчилер, талдоочулар басымдуу? Бул Кыргызстанда аял адистер эркектерге салыштырмалуу аз же таптакыр жок дегенди түшүндүрөбү же бул түшүнүктү журналисттер өзү калыптандырып жатабы?
Журналист, “Т-Медианын” мурдагы продюсери Мээрим Абдилажанова мындай жагдайды стереотиптерге байланыштырды:
“Кыргызстандык журналисттер күн сайын бийликтин трибунасынан эркек аткаминерлер көбүрөөк сүйлөп турган көрүнүштөрдүн курчоосунда кесипкөй катары калыптанат. Кыз-келиндерди социалдык багыттарда – медицина, билим берүү өңдүү тармактарда көрөбүз. Ал эми эркектер ар кандай тармакта лидер катары кабыл алынат. Ошондуктан, саясий, экономикалык темаларда көбүрөөк эркектерге кайрылып, социалдык темаларда аялдарга гана микрофон сунабыз. Бул азыркы кыргыз журналистикасындагы, тилекке каршы, калыптанып калган тар түшүнүк”.
Журналистте жаңы жүздөрдү таанытуу милдети да бар
Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир канча бийлик алмашкан коомдук-саясий окуяларда аялдардын ролу да эбегейсиз экенин четке кага албайбыз. Керек болсо, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга каршы чыккандардын, алдыңкы саптарында аялдар турган. Бирок андай окуяларды талдаган берүүлөрдү, аналитикалык макалаларды жасаган журналисттердин объективинде эркектер көп.
Мурдагы омбудсмен, юрист Атыр Абдрахматова мында стереотиптик көз караштар роль ойноп жатат деген ойду ортого салды:
“Аял киши азыраак сүйлөшү керек, көп маселелерде унчукпашы керек, эркектен бир кадам артта болушу керек” – деген түшүнүктөр үстөмдүк кылган коомдо жашайбыз. “Экономика, саясат жана коопсуздук маселесин эркектер жакшы түшүнөт” – деген стереотиптик пикир эл арасында калыптанып калган. Журналисттер ошол коомдун бир бөлүгү. Ошондуктан, өздөрү билбеген абалда эле стереотиптик көз караштарга жетеленип кетет. Алар муну атайын жасабайт, калыптанып калган көз караштын гана жыйынтыгы бул. Балким журналисттер айрым жагдайларда эмоцияга алдырган учурлардан айланып өтүү максатында эркек эксперттерге көбүрөөк ишеним артышат”.
Атыр айымды ирээнжиткен дагы бир көрүнүш, социалдык маселелерде, зомбулук өңдүү темаларда журналисттер аял адистерди издешет.
“Ооба, бул темаларда кыз-келиндер сүйлөшү керек. Бирок мында да теңдик принцибинен тайбай, зомбулукту айыптаган эркектердин көз карашын да көбүрөөк жайылтуу зарыл”, – деп кошумчалады экс-акыйкатчы.
Ал эми укук коргоочу Эржан Кайыпов медиадагы гендердик баланс маселесин стереотипке гана байлаган туура эмес деген ойдо:
“Биринчиден, бул басылманын позициясынан да көз каранды. Бирок бул негизги себеп эмес. Же болбосо, журналист зарыл учурда аял эксперт таба албай калышы мүмкүн. Же эксперттердин айрымдары орусча сүйлөгөндүктөн, тил маселеси жолтоо болушу да ыктымал. Ушул сыяктуу эч кимди айыптай албай турган факторлор бар”.
Эржан мырза редакторлор көңүл бура турган дагы бир жагдайды көтөрдү:
“Эл аралык стандарт менен иштеген медиа этникалык, курактык жана жыныстык балансты дайыма сакташы керек. Эгер үңүлүп карап, анализ жасай турган болсок, аналитикалык же көбүрөөк көз караштарды талап кылган темадагы макала-баяндарда аялдардын, эркектердин, улуу муундун, жаш муундун жана башка улуттардын өкүлдөрүнө тегиз орун берилбейт. Медианын бир канча милдети бар жана редакторлор аны унутпашы керек. Медиа элге маалымат жеткирет, мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелейт жана коомдогу көп түрдүүлүктүн сакталышына салым кошот. Андан тышкары, адистерди коомго таанытуу милдети да бар. Журналист өзү көнүп калган же базасындагы саналуу эксперттерге гана кайрыла бербей, жаңы адистерди издеши жана аларды башкаларга таанытышы керек”.
Журналист Расул Мурат болсо азырынча кыргыз журналистикасы бул кемчиликти жоюуга даяр эмес деген пикирде:
“Реалдуулук ушундай, журналисттердин көбү эл көзүнө көрүнүп, таанылып калган талдоочулардан пикир алгысы келет. Анткени, журналистикада “салмактуу пикир” деген түшүнүк бар. Эл көп тааныбаган кишилердин пикирине караганда, көпчүлүк билген талдоочунун ойлору макалага салмак кошкондой сезилет. Андай таанымалдар эркек серепчилердин арасында көбүрөөк. Албетте, жаңы жүздөрдү элге таанытуу да керек. Бирок жогорудагы себептен улам кесиптештерибиз өздөрү көнүп калган эле эксперттерге микрофон суна берет деп ойлойм. Кыргыз саясатында, мамлекеттик мекемелерде, бейөкмөт уюмдарда ойлору салмактуу аялдар арбын. Кайсыл гана окуу жайдын экономика же саясат таануу факультетине баш баксаңыз, студенттерге билим берип жаткан мыкты окутуучу айымдарды табасыз, алардын ой-пикирлери журналистке сонун эксперттик көз караш болуп берет деп ойлойм”.
50дөн ашуун мамлекетте гендердик теңчилик маселеси курч
Бул маселе кошуна Казакстанда да бар. 2019-жылы New Reporter басылмасы казак медиасындагы эксперттерге мониторинг жүргүзүп, журналисттер сүйлөткөн ар 10 серепчинин үчөө аял экенин аныктаган. Жыйынтыгында, Казакстандагы эксперттик чөйрөнүн 30% кыз-келиндер деген корутунду чыгарылган. Кыргызстанда азырынча мындай мониторинг жасаган долбоорлор жок.
Дүйнөлүк банктын 2022-жылдагы изилдөөсүнө караганда, жер жүзүндөгү сегиз миллиарддай калктын ичинен 2,4 миллиард аял экономикалык теңсиздикте жашай турганы аныкталган. БУУнун эсебинде дүйнөдөгү 50дөн ашуун мамлекетте гендердик теңчилик маселеси курч турат.
UNFPA уюмунун 2020-жылдагы баяндамасында айтылгандай, Кыргызстан гендердик теңдик картинасы толук өнүгө элек мамлекеттердин катарын толуктайт.
Мындан улам бүгүнкү медианын алдында бир милдет турат: коомдогу гендердик жана социалдык теңдикти толук калыптандыруу үчүн журналисттердин объективинде көбүрөөк аялдар болушу керек. Айырмасы жок, кайсыл тармак болбосун, кыз-келиндердин үнү, добушу, аялдардын эксперттик пикирлери, айымдардын ийгилиги, өксүгү, түйшүгү чагылдырыла берилиши шарт.
Автор Санжар Эралиев, журналист.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.