Кыргызстан медиасынын аракеттер платформасы Укук бузуулар кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдү жана КРде сөз эркиндигине болгон укукту ишке ашырууну талкуулаган тегерек стол өткөрдү.
27-сентябрда өткөн талкууга парламенттин депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун, ЖМКлардын жана жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана медиа адистер катышты.
Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору анын сөз эркиндигине жана маалыматты укуктук жөнгө салууга тийгизген таасири боюнча көптөгөн суроолорду жаратууда.
Бул мыйзам долбоорду демилгелеген Өкмөт текшерилбеген маалыматты жарыялагандыгы үчүн, жалаа жабуу жана мазактоо үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пулду киргизүүнү сунуштоодо.
Иш-чарага катышкан Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева демилгечилерге ЖМКдагы жана интернеттеги жалаа жабуу жана мазактоо үчүн айып пулду караштырган мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга кайтарып алууну сунуштады.
«1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул жазасы – негизсиз жогору. Андан сырткары мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы шарт», – деп белгиледи Жаманбаева.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунда каралган айып пулдун өлчөмү өлчөмдөштүк принцибине туура келбейт, анткени укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш болуп эсептелбейт. Сунушталып жаткан айып пул жазасы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 31-беренесинде каралган жеке жана юридикалык жактарга салынуучу айып пулдун өлчөмдөрүнөн кыйла жогору.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве өз сөзүндө болгону бир нече күн мурун, 22-сентябрда Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто өткөн БУУнун “Келечек” саммитинде сөз сүйлөп, Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарын жана адамга багытталган саясатты колдой тургандыгын билдиргенин айтты.
«Конституцияда каралган сөз айтуу эркиндиги, ошондой эле цензурага тыюу салынышы 2030-жылы 30 алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулгусу келген Кыргызстан үчүн 2030-жылга чейин белгиленген Күн тартибин ишке ашыруунун негизи болуп эсептелет», – деп белгиледи Граве.
КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Исхак Масалиев тегерек стол учурунда:
«Бул мыйзам бийликти сындаган журналисттер менен интернет-колдонуучуларга карата колдонулат», – деп белгиледи.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын жетекчиси Салкын Сарногоева катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, өзгөртүүлөр кабыл алына турган болсо Маданият министрлиги бул мыйзамдын аткарылышына жооп берерин белгиледи.
Анын айтымында, практика бардык мүчүлүштүктөрдү көрсөтөт. Ал коомдук тармактарда атын жашырып жалаа жапкан, мазактаган адамдарды табуу, аларды жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эместигин, министрликтин мындай адамдарды табыш үчүн мүмкүнчүлүктөрү жана жазалоо укуктары жок экендигин моюнга алды.
Жогорку көрсөткүчтөгү айып пулду киргизүүнү Сарногоева «камчы» менен салыштырып, адамдар жалаа жаппай калышат дейт.
«Министрлик жарандарды жазалоо иштери менен алектенбей, биринчи кезекте, ага түздөн-түз жүктөлгөн милдеттерди аткарышы керек», – деди тегерек стол учурунда ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков.
Медианын аракеттер платформасы мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп эсептейт. 100 жана 200 миң сом өлчөмүндөгү айып пулдар журналисттерге, активисттерге жана жарандарга кысым көрсөтүү куралына айланып, өзүн өзү чектөөгө алып келип, коомдук талкууларга залакасын тийгизиши мүмкүн. «Жалаа жабуу» жана «жалган маалымат» деген түшүнүктөрдүн так аныкталбаганы мыйзамды өзүм билемдик менен тандап колдонууга мүмкүнчүлүк берет, бул кыянатчылыкка жана цензурага жол ачат.
Мыйзам долбоордун концепциясы КРдин Конституциясына жана Кыргызстандын эл аралык милдеттерине каршы келет. Конституция цензурага тыюу салат жана сөз жана пикир айтуу эркиндиктерине кепилдик берет.
Тегерек столдун жыйынтыгында Кайрылуу кабыл алынды. Анын толук тексти менен бул шилтеме боюнча таанышса болот: