MediaLawTalks – бул Борбор Азиядагы журналисттер менен блогерлердин укуктарын, медиа мыйзамчылыкты, дезмаалымат менен күрөштү талкуулай турган жаңы аянтча.
СARAVAN долбоору журналисттер, редакторлор, медиа юристтер, мугалимдер жана медиа эксперттер арасында медиа көйгөйлөрдү талкуулоонун MediaLawTalks аталыштагы жаңы форматын ишке киргизүүдө.
Такай өткөрүлүп туруучу жолугушууларда медиага, мыйзамчылыкка байланыштуу кырдаал жана Борбор Азиянын журналисттери менен медиалары күнүмдүк ишмердүүлүгүндө кезиктирип келген практикалык аспектилер талкууланып турат.
MediaLawTalks жолугушууларынын сериясы катышуучуларга Казакстандагы, Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы жалпы тренддерди, тенденцияларды жана медиа коопчулук үчүн коркунучтарды аңдап билүүгө жардам берет.
Бизде окшоштуктар көп экенин жана медиа чөйрө менен медиа мыйзамчылык бат өзгөрүп турарын түшүнүп, биз биргелешип болуп жаткан өзгөрүүлөргө, коркунучтарга жана терс тенденцияларга адекваттык кадамдарды жасоо үчүн оптималдуу чечимдерди таба алабыз. Албетте, оң маанайдагы өзгөрүүлөр жана жаңы жетишкендиктер да талкууланып турат!
Каякта болот? Талкуу онлайн, Zoom платформасында өтүп турат.
Биринчи жолугушуунун онлайн-көрсөтүүсү Internews in Kazakhstan Фейсбук барагында жеткиликтүү болот.
Качан? 2024-жылдын 28-ноябрында Алматы убактысы боюнча саат 16:00дө.
Талкуунун тили: Бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү катыша алышы үчүн талкуу орус тилинде болот.
Кантип катышса болот? MediaLawTalks талкууларына катышуу толугу менен акысыз. Жолугушууга шилтеме алыш үчүн жана кийинки талкуулардын анонсун алып туруш үчүн, сураныч, талкууга катталыңыз.
Эмнени талкуулайбыз? Жолугушуу азыркы учурда Борбор Азияда болуп жаткан медиа окуяларга арналат, тактап айтканда:
- 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүндө медиа мыйзамчылыкта байкалган жаңы тенденциялар жана тренддер.
- Журналисттердин жана медиалардын маалыматка жетүүсү. Аккредитация – журналисттерге кысым көрсөтүүнүн куралы. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү апдейттер.
- Соттук практика жана медиа. Борбор Азия чөлкөмүндөгү кейстер.
- Казакстан. Шайлоолор жана референдумдар: ЖМКлар менен журналисттер үчүн жаңы тренддер.
Дагы эмне болот? Бул аянтчада эркин микрофон караштырылат – сизде кайсы бир тема боюнча же маселени чечүү жолу боюнча өз пикириңиз менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Дагы суроолоруңуз барбы? Биз менен байланышыңыз! Central—Asia—CARAVAN—[email protected] почтасы аркылуу бардык суроолоруңузга жооп бергенге даярбыз.
MediaLawTalks талкуулар сериясы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Интерньюс тарабынан ишке ашырылып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоорунун алкагында өтөт.