Медиасабаттуулукту өнүктүрүү азыркы учурда маалымат мейкиндигинде пайда болгон коркунучтарга жана тобокелдиктерге каршы туруу үчүн жападан жалгыз натыйжалуу курал болуп саналат.
Биз массалык маалымат каражаттарынын керектөөчүлөрүнүн арасында маалыматтын чоң агымы менен күрөшүү үчүн практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн тренингдерди жана маалыматтык кампанияларды өткөрөбүз.
Биздин ишмердүүлүктүн алкагында биз фейк маалыматты кантип айырмалоону, ар кандай маалымат булактарын талдоону жана алардын ичинен эң ишенимдүүсүн иргеп алууну үйрөтөбүз, айрыкча интернетте тараган маалыматка сын көз менен карайбыз.