Copilot жасалма интеллекти “журналисттин ишин жасалаган нейротүйүн” деген сүрөттү ушундай кылып даярдады.
Жасалма интеллект улам өнүгүп отуруп, журналисттин айрым жумуштарын да аткарууга жөндөмдөштү. Мындан улам кыргыз медиасына жасалма интеллект кандай таасир эте баштады? Редакциялар жасалма интеллекттин доорунда кандай шартта иштөөгө ыңгайлуушусу зарыл?
Жасалма интеллектти (ЖИ) Кыргызстанга ыңгайлаштыруу аракети жүрүп жатканы байкалат. Кыргыз өкмөтү кыргызча маалыматтарды интернетке ЖИ таба алгыдай шартта жүктөө үчүн “супер компьютер” алынганын билдирген. Анын жардамы менен кыргыз тилиндеги тексттерди аудиолоштура алган система ишке кирип, мамлекеттик мекемелердин сайтына ушул функция жайгаштырылды. ChatGPT, GeminiAI жана Copilot сыяктуу ири жасалма интеллекттер кыргызча баарлашууга жана ушул тилдеги маалыматтарды таап берүүгө улам ыңгайлашып баратат.
ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ЧОЧУЛАТКАН ЖИ
ЖИнин мындай өнүгүүсүнө байкоо салып турган кыргыз журналисттеринде алдыда кандай болуп кетерине чочуркап, аткарып жаткан жумушунун бир бөлүгүн “акылдуу системага” тарттырып ийишине тынчсызданып жаткандары да бар.
Turmush басылмасынын аймактагы кабарчысы Эмир Сариев пикири менен бөлүштү:
“Кыргыз тилине ыңгайлашкан АкылAI деген жасалма интеллект да ишке кирди. “Биринчи радионун” эфиринде кыргызча жаңылыкты ЖИ окуганын көрдүк, мамлекеттик органдардын сайттарындагы тексттерди аудиолоштуруп берген система да иштей баштады. Ушул сыяктуу өзгөрүүлөр мени тынчсыздандырат. Балким, жакынкы келечекте менин жумуш ордумду да ЖИ аткарып калабы деген санаркоом бар”.
“Марал” радиосунун башкы редактору Орозгүл Арстанова редакцияда жасалма интеллектке ыңгайлашуу боюнча талкуулар жүрө баштаганын айтат:
“Редакцияда жасалма интеллекти киргизүү боюнча чечим жок, бирок бул мүмкүнчүлүктү талдап чыгуу боюнча сөздөр жүрүп жатат. Кыргыз медиаларында жасалма интеллекти колдонуу боюнча окутууларга же тажрыйба арттырууга муктаждар бар экени байкалат”.
НЕЙРОТҮЙҮНДӨР ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ЖУМУШСУЗ КАЛТЫРАБЫ?
ЖИнин ишке кириши менен жумуш орундарынын кыскарышы бир эле жалпыга маалымдоо каражаттарын эмес, дээрлик бардык катмарды тынчсыздандырып турат.
Медиа эксперт Валентина Галич нейротүйүндөрдүн журналисттердин жумушун “тартып алуусуна” али көп бар деген пикирде. Ал маалымат чогултууда нейротүйүн журналисттин ишин аткарганы менен баары бир анын сунуштаган билдирүүлөрүнүн чын-төгүнүн текшерүү, аны редакциянын талабына төп келген маалыматты табууга көндүрүү сыяктуу маанилүү процесстер турганын айтат:
“Жасалма интеллекттен максатка ылайык жыйынтык алуу үчүн алгач журналист нейротүйүндүн өзүн окутушу керек болот. Бул тажрыйбалуу журналист же редактор жаш кесиптешине тажрыйба бөлүшкөндөй эле жагдай. Алгач журналист ЖИден эмне талап кылганын ага так билдирүүнүн жол-жобосун үйрөнүшү керек болот. Ошондой эле аны өзүнүн жазган макалалары менен тааныштырып, жанрын, стилин көрсөтүшү керек. Нейротүйүнгө сөзсүз түрдө кайтарым байланыш болушу керек, ал берген кайсы вариант сизге жакканын, анын ишинин ийгиликтүү жана ийгиликсиз болгон жагдайларын белгилеп койсоңуз, ал каталарынын үстүндө иштейт”.
Редакцияда киши колу менен жасалчу айрым иштер нейротүйүнгө жүктөлүп, автоматташтыруу жүрө турганын эч ким четке какпайт. Мисалы, азыр дизайнер жасап жаткан постерлерди, монтаждын жөнөкөй түрлөрүн же компьютердин жардамы менен жасалчу башка иштерди жасалма интеллект аткарып калышы мүмкүн. Анын колу жетпеген иштерди жана кайра текшерип чыгуу, редакциялоо иштери гана журналисттерге калат. Мындай мүмкүнчүлүк турганда редакция жетекчилиги каржылык көз караштан улам кызматкерлерди кыскартууга барып, алардын ишин ЖИге жүктөп коюшу толук ыктымал.
IT-адиси Бектен Ажымырза нейротүйүндүн өнүгүшү редакциялардагы кызматкерлердин санын азайтууга алып барат дейт.
“Жасалма интеллекттин жайылышы менен журналисттердин жумуш орду кыскарат деп эсептейм. Анткени аны колдонуу менен журналисттердин өндүрүмдүүлүгү жогорулаган сайын жок дегенде эки адамдын жумушун бирөө эле аткарып коюшу же 3-4 адамдыкын деле жалгыз жасап коюшу мүмкүн. Бир жерден окуп калдым эле, “ЖИ адамдардын жумушун тартып албайт, аны колдонгонду билген адамдар жумушуңарды алат” дегендей, журналисттерге деле аны эффективдүү колдонууну үйрөнүп башташын сунуштайт элем”, – дейт.
ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ӨЗҮ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Жасалма интеллект өзү деле журналисттердин жумушун тартып албай турганын, алар үчүн кесиптик милдетин дагы да жемиштүү аткарууга көмөкчү болорун белгилеп жатат. Биз ушул маселе боюнча нейротүйүндөрдүн пикирин сурап көрдүк.
Gemini – Google корпорациясы негиздеген нейротүйүн:
“Жасалма интеллект журналистика үчүн коркунуч эмес, жаңы чакырык. ЖИни өз жумушу үчүн эффективдүү колдонгон жана жаңы реалдуулукка ыңгайлашкан журналист бир гана жумуш ордун сактап калбастан, кесибинде мындан да чоң ийгиликкке жетише алат. ЖИнин доорунда журналист үчүн маанилүү көндүмдөр – сынчыл ой жүгүртүү же маалыматты талдоо, фейк жана манипуляцияны айырмалай билүү, санариптик сабаттуулук, креативдүүлүк жана жаңы өзгөрүүлөргө ачык болуу”.
ChatGPT – OpenAI компаниясы иштеп чыккан нейротүйүн:
ЖИ маалыматтарды тез жана натыйжалуу иштеп чыгууга жардам бергени менен, журналисттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн, терең анализин жана адамдык инсайдердик маалыматтарын талап кылган аспекттерин алмаштыра албайт. Журналисттер дагы деле болсо маанилүү ролду ойношот, анткени алар окурмандарга маалыматты тактап, контекст берип жана илимий, этикалык, социалдык жана маданий аспекттерди эске алууга жардам беришет.
Copilot – Microsoft корпорациясы негиздеген ЖИ:
“Журналисттерге көптөгөн жолдор менен жардам бере алам:
Маалымат издөө: Тез жана так маалымат табууга жардам берем. Бул убакытты үнөмдөп, макалалардын сапатын жогорулатат.
Текст редакциялоо: Грамматикалык жана стилистикалык каталарды оңдоп, текстти жакшыртууга жардам берем.
Идеяларды иштеп чыгуу: макала темаларын сунуштап, идеяларды иштеп чыгууга көмөктөшөм.
Маалыматты синтездөө: Көптөгөн булактардан алынган маалыматты бириктирип, кыскача жана так маалымат берүү.
Тез жооп берүү: Окурмандардын суроолоруна тез жана так жооп берүү үчүн жардам берем”.
*** Коллажда макалада пикири камтылган кишилердин сүрөтү турат. Жогору жакта алардын сүрөтүнүн түп нускасы болсо, ылдыйдагыларды сүрөттөр менен иштеген Bria жасалма интеллекти даярдады. Сол тарапта Эмир Сариевди “капалантып”, Орозгүл Арстанованы “кубандырды”.
Ал эми оң жактагы эки сүрөттүн фонун алмаштырды. Бул үчүн жасалма интеллектке Валентина Галич Кыргызстанда экенин, Бектен Ажымырзанын программист болуп иштешин айтканым жетиштүү болду.
“ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ФАКТЧЕКИНГ ЖАНРЫНА МУКТАЖДЫКТЫ КӨБӨЙТӨТ”
Жасалма интеллекттин өнүгүшү менен маалымат алуу кыйла жеңилдеп, интернет колдонуучуга берилген маалыматтын түрлөрү да көбөйөт. Нейротүйүндү колдонуу менен сиз каалагандай текст, үн, сүрөт жана видео заматта даяр болот. Мындай мүмкүнчүлүк жарандардын анык эмес маалыматка ээ болушуна, ар кандай алдамчылыктын курмандыгы болуп калышына да түртөт.
“ЖИнин өнүгүшү менен фейк маалыматтар көбөйөт. Мисалы, президенттердин жана белгилүү адамдардын сүйлөгөнүн жасап чыгып, аны тараткандар болот. Мындай көрүнүштү жоюу үчүн кайра эле журналисттерге жумуш көбөйөт. Мындай контенттин чын-төгүнүн изилдөө үчүн фактчекингге муктаждык артат”, – дейт Орозгүл Арстанова.
Мында эң маанилүүсү ЖИ журналистти анын кесиптик милдетинен жана жоопкерчилигинен бошото албайт. Мыйзамдык, этикалык жана моралдык жоопкерчилик баары бир редакциянын мойнунда кала берет. Болгону аларга сапаттуу контент чыгарууда нейротүйүн кеңешчи жана жардамчы катары колдонулушу максатка ылайык келет.
Галичтин пикиринде, бул үчүн редакцияда журналисттердин өтүнүчүн жасалма интеллектке узатып, маалымат алып берүүгө адистешкен AI адис коюлушу керек:
– Муну журналисттерин нейротүйүндөрдү колдонууга үйрөткөн окутууларга жөнөтүүдөн баштоо керек. Алгач редакциянын бардык журналисттерин жөнөтүп, ЖИ тууралуу жалпы түшүнүк берилиши маанилүү. Кийин бул жакка адистешкен журналисттерге басым жасалышы керек.
Редакция кайсы нейротүйүндү колдоно турганын тандап алышы маанилүү. Анткени жакшы нейротүйүндөр адатта акылуу болот, басылмалар алардын шартына кайсынысы туура келерин тандап алышы кажет. Бул адистик көндүмдү үйрөнүү үчүн нейротүйүн колдонулган материалдарды чыгара берүү керек. Башында агартуу же көңүл ачуучу мүнөздөгү контентти даярдаса болот.
ЖИге редакциядагы техникалык иштерди тапшырса болот. Мисалы, басылмага келген пресс-релиздерди кайра иштеп чыгууну нейротүйүнгө жүктөп, редакторлордун жана журналисттердин чыгармачылык дараметин дайыма талап болгон кызыктуу, жандуу контент чыгарууга жумшаса болот.
Эми ушул макаланын даярдалышынан жасалма интеллект журналистикага канчалык жакын экенин сынап көрөлү. Тексттин ушул жерге чейинкисин мен даярдап, корутунду чыгаруу үчүн текстти жасалма интеллектке жөнөттүм.
Анын берген жыйынтык сөзү мени ынандырды, сиз да баалап көрүңүз:
“Журналистика – бул маалыматты чогултуу жана иштетүү гана эмес, ошондой эле коомдук процесстерди терең түшүнүү, сынчыл ой жүгүртүү жана адамдар менен байланыш түзүү жөндөмдүүлүгү. Бул сапаттар адамга гана мүнөздүү.
Журналистиканын келечеги жасалма интеллекттин өнүгүшү менен тыгыз байланышта. Бирок журналисттердин ийгилиги жаңы технологияларга ылайыкташууга жана актуалдуу темадагы сапаттуу контент даярдоодо ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жөндөмүнө байланыштуу “.
Автор Түмөнбай Абдинаби уулу.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.