Бишкекте “Азия Молл” соода борборунун аянтчасында метааламдагы алгачкы AIYM арт-фестиваль ачылды.
Бул маанилүү иш-чара WeinCrypto DAO коомчулугу тарабынан “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” глобалдык кампаниясынын алкагында, Кыргызстандагы USAID тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун Media-K долбоорунун колдоосу жана ошондой эле Asia Mall соода борборунун демөөрчүлүгү менен уюштурулду.
“AIYM” Арт-фестивалы 2023-жылдын 29-ноябрынан 3-декабрына чейин, онлайн жана оффлайн режиминде: Spatial.io жана “Азия Молл” соода борборунда метаалам мейкиндигинде уланат.
Фестивалдын ачылышында Интерньюс уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Назик Чекирова бул уникалдуу иш-чара, анткени көргөзмөдө биздин сүйүктүү сүрөтчүлөрдүн автордук эмгектери коюлган, анда ар бир эмгек биздин авторлордун жеке тажрыйбасын чагылдырат жана маанилүү миссия болуп саналат деп белгиледи.
“Сиздердин үнүңүздөр Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө жетет”, — деди ал.
Кыргыз тилиндеги “айым” деген сөз аялзатына сый-урмат менен кайрылуунун бир формасы, бул арт-фестивалдын концепциясында көрсөтүлгөн андыктан сүрөтчүлөрдү ошондой эле конокторду жана катышуучуларды азыркы коомдогу аялдардын ролун жана образдарын башкача көз караш менен кайрадан карап чыгууга чакырат.
Арт-фестивалдын алкагында сүрөтчүлөр өздөрүнүн көркөм чыгармаларын жеке тажрыйбаларынын негизинде аялдардын жаңы образдарын чагылдыруу жана изилдөө катары көрсөтүшөт.
Заманбап графикалык жана санариптик контенттин авторлору көрүүчүлөрдү диалогго чакырып, технология менен чыгармачылыктын айкалышында искусство жаратышат.
Санариптик жана салттуу живопись жана графика, видеолор, инсталляциялар, ошондой эле нейрондук тармактарды колдонуу менен түзүлгөн чыгармалар NFT (бири бири менен алмашкыс токендер) форматында көрсөтүлөт.
Ар бир эмгек — бул жалпы социалдык жана маданий контекстте камтылган жеке тажрыйбаны жашап баштан өткөрүү.
AIYM Арт фестивалы бир учурда оффлайн жана онлайн форматта өткөрүлөт.
Соода борборундагы көргөзмөдө сүрөтчү Эркинай Таалайбекова “Жаркыра” сүрөт жыйнагын тартуулады.
Ар бир чыгарма аялдын уникалдуулугун жана потенциалын даңазалайт, анын ичинде өзүнүн жолуна шоола чачкан, айланасындагыларды шыктандырган жарык бар экенин баса белгилейт.
Көргөзмөнүн куратору, сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын айтымында ЖИ технологиясы жада калса чыгармачылыкты жаңыдан баштап жаткан жаш сүрөтчүлөргө дагы эмоционалдык жактан күчтүү жана назик сүрөттөрдү жаратууга жардам берет.
Алина Оморованын Эмгектери.
Чыгармаларды онлайн көрсөтүү үчүн, Spatial.io сервисиндеги метаалам тандалган
Бул дизайнерлер жана сүрөтчүлөр үчүн дараметин көргөзө ала турган жаңы сервис, анда ар бир адам өзүнүн чыгармачыл идеяларын виртуалдык реалдуулукка чыгара алат.
Spatial өзүн көрсөтүүгө укмуштуудай эркиндик берет. Бул жерде сиздер чындыгында 3D-контент түзүп бири-бириңиздин жаныңызда болгондой эле өз ара талкуулап, ой бөлүшүп, жалпы мейкиндикте өз ара аракеттене аласыздар.
Spatial виртуалдык мейкиндикте болгон учурду ого бетер кызыктуу жана реалдуу кылуу үчүн үн жана кол менен көзөмөлдөө сыяктуу алдыңкы технологияларды колдонот.
Авторлордун тизмеси/ комментарийлер жана маектешүүлөр үчүн жеткиликтүү.
Арт-фестивалы USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан каржыланып Internews уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Media-K долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Арт фестивалынын мазмуну WeinCrypto нун көз карандысыз чыгармачылыгы болуп саналат жана USAIDдин, АКШ өкмөтүнүн жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт. Фестиваль ошндой эле Интерньюстун да, Фридом Хаустун да көз карашын чагылдырбайт.