Миссия
Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун иш алып баруусунун максаты –Кыргызстанда жергиликтүү калкты өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө өз убагында жана бейтарап маалымдай алган эркин, сапаттуу жана объективдүү журналистиканы өнүктүрүү.
Биз көз карандысыз маалымат сайттарына жана аймактык радиостанцияларга колдоо көрсөтүүдөн сырткары, кеңири улуттук аудитория үчүн сериал форматында коомдук маанидеги контентти чыгарууга көмөктөшүп келебиз.
Биз медианын инфратүзүмүн, маалыматты өндүрүү жана таркатуу аспаптарын жакшыртууга жардам берип, контент өндүрүүчүлөр менен аудиториянын медиасабаттуулугун арттырып келебиз. Адамдар маалыматты кайдан алышары, алган маалыматтарына ишенеби, ишенбейби, аны кантип талдашары жана башкалар менен бөлүшөрү, мунун баары биз үчүн өтө маанилүү.
Биздин стратегияда жети негизги багыт көрсөтүлгөн:
– Маалыматтардын ачыктыгы;
– Контенттин ар түрдүүлүгү жана контент өндүрүчүлөрдүн көптүгү;
– Так жана актуалдуу жаңылыктар жана маалымат;
– Мыйзам чыгаруучу жана жөнгө салуучу чөйрө;
– Жашап кеткенге жөндөмдүү бизнес моделдер;
– Кабардар жана кызыкдар жарандар;
– Маалымат өндүрүүчүлөрдүн жана аны керектөөчүлөрдүн коопсуздугу.

Наши проекты
ВСЕБлок событий
Интерньюс сапаттуу контент жаратуучуларды жергиликтүү тургундарга өлкөдө, аймакта жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жакшыраак түшүнүүгө,…