Интерньюс өспүрүмдөр үчүн “Болочок” медиалагерин өткөрөт

 

Кыргызстандагы Интерньюс Медиа-К долбоорунун алкагындагы өспүрүм балдарга арналган “Болочок” Медиапрограммасы старт аларын кубануу менен билдирет.

 “Болочок – бул Кыргызстандын  медиасынын болочогу.

 “Болочок” – бул өспүрүмдөргө өз өлкөсүнүн өнүгүшү үчүн салымын кошууга, өздөрү жашаган шаарлардын, райондордун жана айылдардын жашоосун ачык жана креативдүү чагылдырууга, өз ой-пикирлерин өздөрүнүн чыгармачылыгы аркылуу билдирүүгө, видеоконтенттерди түзүүгө жана блогдорду алып барууга мүмкүнчүлүк жаратуучу аянтча.

“Болочок” медиалагери – бул өспүрүмдөрдү Кыргызстандын эң кооз жерлеринин биринде окутуп-үйрөтүү жана өнүктүрүүнүн жети күнү. Алар арасында Кыргызстандын белгилүү режиссёрлору, журналисттери, медиаэксперттери жана блогерлери болгон тажрыйбалуу тренерлерден медиа, блогинг, SMM чөйрөсүндөгү билимдерди жана көндүмдөрдү окуп-биле алышат.

 

 

7-күндүк Медиалагерь үстүбүздөгү жылдын 21-июнунан 29-июнга чейин  жүргүзүлөт.

 

 

Медиапрограмма «Болочок» медиалагеринде окутуудан жана жаш блогерлердин видеоэмгектери боюнча сынактан турат.

 

Кененирээк шилтемеден биле аласыз. (WORD түрүндөгү документти тиркөө)

 

Окутуу программасында:

  • Режиссер Руслан Акундан сторителлинг
  • Медиатренер Ибрагим Хасан-Ахуновдон видеооператор менен монтажердин алиппеси
  • Медиатренер Элима Жапаровадан контент түзүүнүн этикасы жана стандарттары
  • Медиаэксперт Максуда Айтиевадан медиасабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү
  • SММ-адис Исмаил Карыповдон медиамаркетингдин негиздери
  • Бир нече эл аралык басылмалар менен иштешкен автор Азат Мараттан өзүн-өзү тааныштыруунун жана умтулуунун негиздери, копирайтинг жана дүйнөлүк бренддер менен иштешүү
  • Интерньюстун техникалык директору Курманбек Макешевден жарык жана жарыктандыруу тууралуу

 

Медиалагердин катышуучулары үчүн төмөнкүлөр уюштурулат: оюндар жана квест оюндары, сейилдөөлөр, бассейнде сүзүү, эртең мененки көнүгүүлөр жана кечинде ата мекендик өндүрүштөн чыккан тасмаларды көрүү

Лагерь Чоң-Кемин өрөөнүндөгү “Билимкана-Шабдан” мектебинин жана Улуттук жаратылыш паркынын территориясында өтөт.

 

Сынакка кимдер катыша алышат:

  • Сиздин жашыңыз 14төн 17 жашка чейин болсо
  • Сиз кыргыз тилинде эркин сүйлөйсүз жана видеоконтент түзүүгө кызыгасыз
  • Сиз кыргыз тилиндеги блогуңузду же youtube-каналыңызды алып барасыз
  • Сиз Кыргызстандын региондорунун биринде жашайсыз
  • Сизде 8 күн бою “Болочок” медиалагерине келүүгө жана ага катышуу мүмкүнчүлүгү бар (7 күн окутуу жана 1 күн келип-кетүү)

 

 
Муну билүү зарыл! Уюштуруучулар эскертишет: бардык катышуучулар медиалагерге барууга 72 саат калганда өз алдынча COVID-19га ПЦР-тесттен өтүүлөрү зарыл. Ошондой эле жашаган жери боюнча ҮМБдан (үй-бүлөөлүк медициналык борборудан)  ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымдама берүүлөрү керек.

 

ОНЛАЙН-ӨТҮНМӨ бул ЖЕРДЕН баскыла!

Сынакка катышуу үчүн онлайн-өтүнмөнү 10-июнь саат 18-00гө чейин толтуруу керек.

 

Көңүл буруңуз!

 

Өтүнмөдө сиздин социалдык тармактардагы аккаунттарыңыздагы #ИнтерньюсКГ_Болочок  хештеги менен жарыяланган видеосюжеттерге шилтемелерди жайгаштыруу зарыл.

Биз сиздерден өзүңүздүн шаарыңызды же айылыңызды көрсөткөн, туулуп-өскөн аймагыңыз, анын өзгөчөлүктөрү жана анда жашаган адамдар жөнүндө кыргыз тилинде айтып берген кызыктуу видеосюжеттерди күтөбүз. Видеосюжеттин хронометражы (узактыгы) 3 мүнөттөн ашпаш керек .

Сынак комиссиясы адамдын жеке жашоосунун кол тийгистиги, адамды, айрыкча ал жашы жете элек болсо, аны тартууга жана жарыялоого, жеке территорияны тартууга уруксат алуу д.у.с. жалпы кабыл алынган этикалык ченемдерди сактаган авторлордун кызыктуу жана көркөм эмгектерин тандап алат.

Өтүнмөдө көрсөтүлгөн бардык документтердин көчүрмөсүн тиркеңиз.

Сынакка катышууга өтүнмө берген өспүрүмдөрдүн ата-энелеринен же расмий камкорчуларынан (опекун) кат түрүндөгү макулдукта бала тууралуу уюштуруучулардын көңүлүн буруусу маанилүү болгон бардык маалыматты көрсөтүүнү өтүнөбүз.

Уюштуруучулар медиалагердин катышуучуларынын келип-кетүүсү, турак-жайы жана тамактануусу боюнча бардык чыгымдарды өздөрү көтөрөт.

Бул шилтеме менен (бул жерде) ата-энелериңиздер жана сиздер өспүрүмдөрдүн келип-кетүүсүн, турак-жайын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча келип чыгуусу мүмкүн болгон суроолорго жоопторду таба аласыздар.

 

 

Кошумча суроолор пайда болгон учурда КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн Тренинг жана контент өндүрүү боюнча борборунун координатору Элима ДЖапаровага жумуш күндөрү саат 09.00дөн 18.00гө чейин 0 500 361001 телефондору боюнча кайрылыңыздар  же [email protected]  электрондук дарегине жазыңыздар.

 

 “Болочок” медаипрограммасы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен FHI360 уюму менен өнөктөштүктө Интерньюс тарабынан ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы көз карандысыз медианы өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү “Медиа-К” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.
Бөлүшүү