COVIDге каршы медиажоокерлер: Интерньюс артыкчылыктуу редакцияларды жана продакшн-студияларды сыйлады
Интерньюс COVID-19 чаралары жана кесепеттери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу маанилүү миссияга айланган студияларга жана маалыматтык редакцияларга «COVID Media Warriors» («COVIDге каршы медиажоокерлер») эстелик кубокторун тапшырды.
Сыйлангандар:
Citylab продакшн-студиясы, 2020-жылдагы пандемия жөнүндө социалдык абдан маанилүү контент үчүн;
Media kitchen студиясы, covid -19 чаралары жана кесепеттери жөнүндө мыкты түшүндүрмө телекөрсөтүү сериясы үчүн;
1.1 Studio, #жашадемал #ДышиКыргызстан маалымат өнөктүгүндөгү covid -19 жөнүндө эң чыгармачыл жана кызыктуу онлайн жана оффлайн контент үчүн.
«МедиаБлокПост» долбоорунун алкагында коронавирус жана анын тегерегиндеги жалган маалыматтар менен күрөшүүгө көмөктөшкөн редакцияларга эстелик үчүн сыйлыктар тапшырылды:
Factcheck.kg - covid-фейктерге каршы жигердүү жана натыйжалуу күрөш үчүн;
T-Media- covid-фейктерге каршы жигердүү жана натыйжалуу күрөшүү жана аймактык чагылдыруу үчүн;
«ПолитКлиника», - covid -19 жөнүндө жалган маалыматтарга каршы күрөшүүгө кошкон салымы жана аймактык чагылдыруу үчүн;
Economist.kg- жалган маалыматтарга каршы күрөш үчүн.
Пандемия, коронавируска байланыштуу карантиндик чараларды киргизүү темасын чагылдырган, ошондой эле #жашадемал #ДышиКыргызстан маалыматтык өнөктүккө катышкан активдүү медиалар сыйланышты:
«Кактус» - адамдар окуялары, калкка колдоо көрсөтүү жана өз убагында маалымдоо үчүн;
ИА 24.kg -мыкты аналитика жана өз убагында маалымдоо үчүн;
«Клооп» - мыкты аналитика, ачык булактардагы расмий маалыматтарга негизделген баяндар, документалистика үчүн;
ТВ1 - covid-19 темасындагы үзгүлтүксүз түз эфир үчүн;
«Апрель ТВ» - жалган маалыматтарга каршы күрөш үчүн;
МГТРК «Мир» - covid-19дун алдын алуу чаралары жөнүндө эфирдеги эң көп маалымат үчүн;
ЭлТР - «Туруштук» талдоо программаларды көрсөтүү үчүн.