Кыргызстандагы жаңылык медиалары COVID-19 пандемиясы маалында жана андан кийин иш алып баруусу үчүн жардам алышууда.

Кыргызстандагы Интерньюс коронавирус пандемиясынан улам орун алган кризистин натыйжасында жапа чеккен жаңылык басылмаларына колдоо көрсөтүп келет. Медиалар АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосунда FHI360 менен кызматташууда ишке ашырылып жаткан жаңыланган Медиа-К долбоорунун алкагында гранттарды алышууда.

2020-жылдын март айынан тартып республиканын жарнак рыногу COVID-19 пандемиясынан улам болжол менен 80-90 пайызга кыскарды. Апрель айында көптөгөн басылмалар айлыктарын кыскартып, кызматкерлерин жумуштан бошотуп же акы төлөнбөөчү өргүүгө кетирүүгө мажбур болушкан. Көпчүлүк онлайн-басылмалар жабылуу чегинде калган.

Буга байланыштуу “Медиа-К” долбоору көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынын кеңири санына алардын COVID-19 пандемия учурунда жана андан кийинки иш алып баруусун камсыздоо максатында  ыкчам каржылык жардамын көрсөттү.

Бул колдоонун негизги максаты – көз карандысыз жаңылык басылмаларын жана телеканалдарын оор кырдаалда сактап калуу.

 

- 2020-жыл COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнө жүзү боюнча ММКлар үчүн чыныгы сыноого айланды. Кыргызстанда бул кырдаал оор саясий кризис менен ары күчөдү. Жарнак рыногунун буга чейин болуп көрбөгөн кыскаруу шартында КРдагы Интерньюс негизги жаңылык басылмаларын колдоого алуу чечимин кабыл алды. Басылмалардын чыгармачыл жамаатын сактап калып, маалыматтык боштукту жана жалган маалымат таасирин алдын алуу биз үчүн маанилүү келет., - деп белгиледи КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Элина Каракулова.

Колдоону кийинки басылмалар алууда:

Govori TV, T-Media, TV1.kg, ИА «24.kg», kyrgyzmedia.kg, Economist.kg, Elgezit.kg, Kaktus.media, Kloop.kg, телеканал «Любимый HD», НТС, «ПолитКлиника», Salam.media.

Буга кошумча болуп жергиликтүү маалыматтык чөйрөнүн бүтүндүгүн, фактчекинг демилгелерин коргоо жана ушак-айың жана маалыматты бурмалоо менен күрөшүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул багытта factcheck.kg сайтына жана «МедиаБлокПост» долбооруна колдоо көрсөтүлүүдө.

 
Бөлүшүү