Подкаст. Кутман Садыбакасов: «Биз, акындар, сөзсүз түрдө сабаттуу медиа болушубуз керек»
Журналист, медиасынчы Асель Сооронбаева төкмө акын, «Билим айтыш» долбоорунун финалдык айтышынын жеңүүчүсү Кутман Садыбакасов менен маек курду.
Кутман Садыбакасов таланттуу, жаш акын. 2021-жылы Караколдо өткөн эл аралык айтышта 2-орунду ээлеп, 2022-жылы Curltai.Folk айтыш боюнча эркин чемпионатта жана 2022-жылы Караколдо өткөн Майра Керим кызынын 60 жылдыгына арналган эл аралык айтышта баш байгеге ээ болгон.
«Сабатсыз медиалар азыр дүйнөдө чуу жаратып аткандар. Акындардын медиасабаттулукту жайылтууда ролу олуттуу болгон үчүн алар сөзсүз түрдө медиасабаттуу болушу керек экен. Себеби акындар айтса ак айтат, так айтат. Бул кыргыздын кан-жанына сиңген нерсе. Акындар миллиарддаган маалыматтын арасынан талдабай, сабатсыз медианын иштеп чыкканын элге жарыялап ийсе, ал нерсе акындардын кадырын түшүрүп коюшу толук мүмкүн».
подкастка шилтеме бул жерде.