Бишкекте төкмө акындардын катышуусунда финалдык айтышыбыз болот

 

Январь айында калк арасында медиа сабаттуулукту жайылтуу үчүн акындар менен иштешүүгө бел байлап, биз устубуздогу жылдын эң мыкты кызматташууларынын бирин баштадык.

 

 13-августта төкмө акындардын катышуусунда финалдык айтышыбыз болот. Баарыныздарды "Ынтымак-2" паркына саат 19.00 чакырабыз!

 Акындар – өлкөбүздүн маданий кодунун маанилүү бөлүгү, эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө түзүп, элдин үнү болуп келген. Төкмө акындар эзелтеден азыркы басма сөздүн ролун аткарып, карапайым элдин мүдөөсүн чечендик менен, күү менен коштоп ырга салып башкаруучуларга жеткирип турушкан. Акындар азыр коррупцияга каршы ири иликтөөлөрдүн корутундусун кайрадан кайталап айтып, алардын лирикалык тили менен дезинформация деген эмне, киберкуугунтуктан жана фейк жаңылыктардан кантип сактануу керектиги жөнүндө айтып жатканы абдан символикалуу.

Акындар менен кызматташууну медиа сабаттуулукка, критикалык ой жүгүртүүгө, социалдык тармактарда иштөөгө, SMM стратегияларына үйрөтүүдөн баштадык. Контентти түзүүнүн техникалык бөлүгүнө жардам берип, андан соң Кыргызстандын тарыхын, кыргыз философиясын жана тарыхын окутуу боюнча өтүнүч алдык. Негизи бул туура болду, анткени агартуучуларга да агартуу керек. Бул багытта бизге Мелис Мураталиев, Түгөлбай Казаков, Эмил Үмөталиев, Аймен Касенов, Максуда Айтиева, Ибрагим Хасан-ахунов, Асел Сооронбаева, Исмаил Карыповдор  чоң жардам беришти.  

Андан соң соцтармактарда @BilimAitysh медиа сабаттуулугун жогорулатуу долбоорунун ачылышы болду.

Ар жума сайын 21 акындан турган топко медиа сабаттуулук боюнча берилген темада өз алдынча контент түзүү сунушталып, мыкты чыгармалар атайын комиссия тарабынан тандалып, финалисттер Instagram, TikTok жана Facebook социалдык тармактарында аудиториянын добуш берүүсү аркылуу аныкталды.

Акындардын медиа сабаттуулук боюнча тапшырмалары улуттук фольклордон жана “Манас” эпосунан алынган мисалдардын негизинде түзүлүп жатты. Мында бизге Азим Азимовдун жетектеген  MediaKitchen таланттуу командасы жардам берип келет. Тапшырмаларды коңур үндүү Урмат Борченов коштоп келди.

Ошондой эле Media Toptoo форумунун биринчи күнүн жар салып акындар ачып,  соңунда жыйынтыкташты.  Алар Кыргызстандагы сөз эркиндиги жөнүндө эң сонун гимн тартуулашты.  Ал ар кандай демократиялык коомдо зарыл болгон, ары  татаал, ары коркунучтуу  биздин кесипке позитивдүү ишеним жана дем бере алды. 

Гимди акын Баян жана рэпер Баястан жаратышты.

 

Бул долбоор «Медиа-К» долбоорунун жана Кыргыз Республикасындагы USAIDдин колдоосунун аркасында ишке ашты.

Бөлүшүү