Интерньюс төкмө акындар үчүн жаңыртылган программаны ишке ашыра баштады
1-мартта Ысык-Көлдө төкмө акындардын чыгармачылыгында гендердик-сезимталдык тематикага көңүл буруу боюнча тренинг башталды.
Тренерлер:
Түгөлбай Казаков – композитор, КРдин эл артисти.
Мелис Мураталиев – кыргызтаануучу.
Аваскан Ормонова – гендерге сезимталдык боюнча тренер.
Төкмө акындар эки күн аралыгында GALS программасы боюнча окутуудан өтүшөт.
GALS метадологиясы адамдын мамилесин, жүрүм-турумун өзгөртүү аркылуу өнүктүрүү программаларынын жана долбоорлорунун натыйжалуулугун арттырууга зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. Тажрыйба көрсөткөндөй, GALS гендердик тең салмактуулукка жетүү үчүн үй-бүлөдөгү жоопкерчиликти туура бөлүштүрүүгө көмөктөшөт.
Окутуунун акыркы күнүндө тандоо айтышы өтөт. Анын жыйынтыгы боюнча 9 стипендиат акын аныкталып, аларга гендердик тема боюнча алган билимди колдонуп, контентти жаратууга бардык шарттар түзүлөт.
Бул жолку семинарга 24 төкмө акын катышууда. Алардын арасында мурдагы, медиасабаттуулукту жайылтуу боюнча программанын катышуучулары да жана Интерньюстун программаларына биринчи жолу катышып жаткандары да бар.
Семинардын ачылышында долбоордун жетекчиси Максуда Айтиева өткөн жылдагы төкмө акындардын катышуусундагы программа эң ийгиликтүү болгонун жана ошого байланыштуу аны узартуу чечими чыгарылганын айтты.
-Бизге билинбегени менен 200 контент деген бир топ жумуш. Мунун аркасында кандай жумуш турду, эксперттердин канча кошкон салымы бар, биздин канча эмгегибиз бар. Менимче Долбоор биз күткөндөн жыйынтыгы жакшыраак болду. Ошону менен мен дагы бир жолу бизди куттуктайм. Бул пилоттук проект болгон, акындар менен иштешим көрөлү кандай болот деп. Анан жыйынтыгы биздин баарыбызга жакты, ошону менен биз улантууну чечтик. "Медиа-К" долбоорун алкагында 5-жылдык планыбызга киргизгенбиз. Бүгүнкү семинарды жаңы жылдагы жаңы иш-чарабызды ачык деп жарыялайбыз,- деди Айтиева.
2022-жылы «Media-K» долбоорунун командасы төкмө акындар менен медиасабаттуулукту эл арасында жайылтуу боюнча «Билим айтыш» (@bilimaitysh) программасын ийгиликтүү ишке ашырышкан.
Бул программа 21 катышуучуга медиасабаттуулук боюнча билимдерин жакшыртууга, коомдук тармакта иш алып баруу боюнча техникалык көндүмдөрүн калыптандырууга жана жыйынтыгында онлайн-аудиторияларын кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берди.