Төкмө-акындар үчүн кыргыз таануу боюнча лекциялар аяктады

 

Кыргызстандагы Интерньюс уюму төкмө-акындардын чыгармачылыгы аркылуу медиа сабаттуулукту колдоого багытталган долбоордун алкагында #БилимАйтыштын катышуучулары төкмө-акындарга окутуу уюштурду.

 

Акындар үчүн «Бакдөөлөт» КФ жетекчиси, белгилүү кыргыз таануучу Мелис Мураталиев 20 тематикалык лекциялар өттү.

 

Ал көп белгилүү эмес археологиялык жана тарыхый фактылар, Борбор Азиядагы элдердин генетикалык өзгөчөлүктөрү жана кыргыз уруулары тууралуу кеңири  баяндады.

 

Мураталиевдин лекциялар кыргыз этносунун келип чыгышы, кыргыз тили боюнча тарыхый жана археологиялык илимий изилдөөлөр, көчмөн цивилизация, байыркы маданият, философия, космогония, этнопедагогика жөнүндө маалыматтар камтылды.

 

Лектор убакыттын өтүшү менен түпкү маанисин жоготуп бараткан, кыргыздардын үрп-адаттарын чечмелеп, карманган руханий-адептик принциптери жана нарктарды, ошондой эле миңдеген жылдар бою жоготпой сактап келген этностук өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндап берди.

 

 

 

Төкмө-Акын Баян Акматов Мураталиевдин лекцияларынан кийин катышуучулар көп нерселерди терең түшүнүп калышканын белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө көптөгөн маанилүү баалуулуктар унутулуп же туура эмес чечмеленип калган. 

 

Чынгыз Кожош мындай агартуучулук сабактардын аркасы менен татаал жана бийик нерселерди түшүнүүгө жетишип, эне тилибиздеги тааныш эле сөздөрдүн жашыруун ыйык маанилерин биле алдык дейт.

 

 

Бакыт Шаршеналиев:

 

- Мелис Мураталиевдин кыргыз таануу боюнча сабактары бизге абдан жакты, алар биздин руханий өнүгүүбүзгө чоң түшүнүктөрдү кошту.  Биз алган билимибизди айланабыздагы башка чыгармачыл адамдар менен бөлүшүүнү көздөп жатабыз. Эгер биз ата-бабаларыбыздын жолун жолдосок, анда жаңылышпайбыз деп ишенем.

 

                 

Мамбеторозо уулу Мамбеттоктоо:

   

- Бул лекциялардын жардамы менен биз кыргыз элибиз мурда кандай болгонун жана азыркы убакта кандай  өзгөргөнүн билдик. 20 сабак биз үчүн 20 жылдык 20 кылымдык тарыхка тете болду. Сабактар бүткөнү абдан өкүнүчтүү, бирок Мелис Мураталиев агай менен өз алдыбызча дагы жолугушууларды улантып, билим алабыз деген ниетибиз чоң.  Албетте, бул билим ар тараптан пайдалуу болду, алар бизге төкмөлүк талантыбызды өрчүтүүгө, жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон аракетибизди жакшыртууга жардам берди.

          Акындар, салттуу маданияттын жайылтуучулары катары,  эчен кылымдар бою сакталып келген элдик даанышмандыкты калкка жеткирүү үчүн билимдерин өркүндөтүп туруу маанилүү деп эсептешет. Ар бир акын буга чейин үстүртөн эле билип жүргөн өз тарыхын, философиясын, каада-салттарын, маданиятын бул окуу курсунун жүрүшүндө терең түшүнүп алгандыгы негизги жетишкендик.    

 

 

 

 Мелис Мураталиев долбоордун төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүү үчүн маанилүү экендигине токтолду.

 

 

  - Бул долбоорго опол тоодой миссияны алып жүргөн биздин төкмө акындардын киргендиги мага абдан жакты. Кыргыздарда илгертен эле акындар эл агартуучулук милдетти аркалап келишкен. Алардын оозеки чыгармачылыгы аркылуу эл руханий дүйнөсүн байытып, таалим тарбия, ал тургай билим алышкан. Алардын ырларында жашоонун өзү, эрежелери, ич ара мамилелер, адилеттүүлүк жана коомдогу туура нерселер даңазаланган. Алар жашоо турмуштун терең философиялык түшүнүгүн алып жүрүшкөн жана жайылтышкан, андыктан төкмөлүк өнөр - кыргыз элинин башкы наркын бири. Ошол баалуулуктардын  заманбап шарттарда айрыкча, медиа сабаттуулукту жайылтуу үчүн колдонулуп жатышы, уюштуруучулар тарабынан  эң туура болгон деп эсептейм. Анткени акындар-  эң негизги медиа инсандары. Бүгүнкү күндө техникалык мүмкүнчүлүктөр бар, эгерде биз ушул арктардын бардыгын шайкеш келтирсек, анда  жакшы натыйжага жетээрибизге ишенем.         Долбоорго 21 акын катышып жатышат, алар медиа сабаттуулук боюнча контент чыгара башташты. Мыкты чыгармалар Инстаграмда кеңири аудиторияга добушка коюлат, ал эми августта финалдык айтыш өтөт.   
Бөлүшүү