Жылдызбек Төрөканов: “Акындар дагы, журналисттер дагы - коомдун күзгүсү”

“Билим айтыш” подкастында конокто төкмө акын Жылдызбек Төрөканов болду. Жылдызбек журналист Асель Сооронбаева менен маектешти.  

Маек учурунда быйылкы республикалык “Алтын комуз” сынагынын ээси айтышка көргөн даярдыгы, алдыга койгон пландары жана медиасабаттуулукту жайылтууга багытталган “Билим айтыш” долбоору тууралуу кеп кылды: 

 

“Илгери журналисттердин ролун акындар аткарып келген. Журналисттер дагы, акындар дагы -коомдун күзгүсү. Алар бардык жактан алдыда болушу керек. Ал эми элди ээрчитиш үчүн билим керек”, - деди ал.  

 

Жылдызбек Төрөкановдун сыйлыктары: 

 

2013-жылы Кыргыз Казак Эл аралык айтышта 3-орун.  

2015-жылы “Кыргыз радиосу” уюштурган таланттар таймашында 2-орун.  

2015-жылы Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган айтышта 2-орун. 

2016-жылы “Өзгөртпөй улут уңгусун, өзүңдү тааны кыргызым” аталышындагы республикалык айтышта1-орун. 

2018-жылы Нарында өткөн республикалык айтышта баш байге.  

2019-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык айтышта 3-орун. 

2019 -ж “Кыргыз радиосу” уюштурган таланттар таймашында баш байге 

2019-жылы Санжыра радиосунун “Эл булбулу” номинациясы. 

2020-жылы “Алтын уям Ала-Тоо” аталышындагы республикалык айтышында 1-орун 

2021-жылы Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган Бишкекте өткөн республикалык айтышта 2-орун.  

2021-жылы Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган Таласта өткөн республикалык айтышта 3-орун. 

2021-жылы "Алтын комуз" аталышындагы Ош шаарында өткөн республикалык акындардын айтышында 2-орун. 

2022-жылы Абдылда Нуралиевдин 60 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык айтышта 2-орун. 

2022-жылы “Алтын комуз” акындардын республикалык айтышында баш алтын комуз ээси.  

2022-жылы өткөн “Билим айтыш” долбоорунун финалдык айтышында 2-орун.

 

Подкастын шилтеме бул жерде.

 

Бөлүшүү