Медиасын. Этикалык эрежелер менен коомдук милдет: эки ача талаптын ортосунда калган блогер-журналист

Ош шаардык соту 16-июлда блогер Улукбек Карыбек уулунун бөгөт чарасын карады. Сот блогердин кармалышын мыйзамдуу деп таап, эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарды.

 

14-июлда блогердин фейсбук барагына «аны милиция кызматкерлери кармап, Ошко алып баратышканы» тууралуу билдирүү чыккан.

15-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Улукбек Карыбек уулуна «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакаловдун маалыматында Карыбек уулу эки шериги менен облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө «санитардык норманы сактабай бастырып кирүү менен дарыгерлерге зыян бергени» айтылат.

Ошондой эле, 37 миң сомдой зыян келтирилгенин жана дарыгерлер кандай жаракат алганын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирген.

«Жаңы көз жарган 20 бейтап башкы дарыгерге кайрылып, Карыбек уулу төрөт үйүн бастырып кирип, уруксатсыз тасмага тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алганын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экенин айтышкан», — деди Тавакалов.

Карыбек уулунун талкуу жараткан видеосу

   

Улукбек Карыбек уулу 12-июлда YouTube каналына “Оңолбос Ош облустук төрөт үйү” аталышындагы видеоматериал жарыялаган. Анда блогер саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция жана кош бойлуу аялдардын абалы жөнүндө сөз козгогон.

Карыбек уулу төрөт үйүндөгү видео материалында кош бойлуу аялдар дарылардын баарын өзүнүн акчасына сатып алып жатканын, мындан сырткары төрөп чыккандар ар бири дарыгерлерге 4 миң сомдон бергени айтылат. Ошондой эле операция жолу менен төрөй турган аялдан 8 миң сом сураганы айтылган.

Ошол эле учурда блогер төрөтканада дарыгерлердин жоопкерчиликсиз мамилесинен синфизит (чаттын кошулуп турган жеринен ажырап кетүүсү. Кош бойлуу аялдар кездешүүчү илдет) болуп баса албай калган бейтапка кирүүгө кызматкерлер тоскоолдук жаратып, жашырууга аракет кылганын жүйө келтирген.

Аталган видео материал социалдык тармактарда окурмандардын талкуусуна алынып, Карыбек уулунун ишмердүүлүгүн колдогондор да сынга алгандар болду.

Блогердин тарапташтары дарыгерлерди күнөөлөп, төрөтканада кош бойлуу аялдардан акча алуу системага айланып калган коррупция экенин белгилешти. Алар саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялык система менен күрөшүүдө Карыбек уулун колдоого аларлык иш жасап жатканын жүйө келтиришет.

Ошол эле учурда экинчи тарап блогердин жүрүм-туруму, төрөтканага уруксатсыз киргени жана санитардык нормаларды сактабаганын айтып сынга алышты.

Ошондой эле эки-үч фактынын негизинде бүтүндөй саламаттыкты сактоо тармагына көө жабуу туура эмес деген пикир айткандар да чыкты.

Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова ушул жылдын 15-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы акушер-гинекологдун сабалышын мисал келтирип, блогерликтин жыйынтыгы баш-аламандыкка алып бара турганын белгиледи.

 

Этика маселеси

2022-жылдын август айында Улукбек Карыбек уулунун үстүнөн медицина кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга даттанган.

Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү Наргиза Нанакеева төмөнкүлөргө токтолду:

“Биз жыйынга даттанган Барктабасова менен Карыбек уулун чакырганбыз. Барктабасова келип, Карыбек уулу келген эмес. Ошол эле учурда арыз толтурганда Карыбек уулу журналисттердин кодексинин тигил же бул нормасын бузду деп жазыш керек болчу. Биз даттануучуга материалдын кайсы жеринде, кайсы норманы бузду көрсөтүп, комиссияга кайра жибериңиз деп жөнөткөнбүз. Бирок бизге кайра кайрылуу келип түшкөн жок. Бул маселе ошол бойдон жылган жок”, - деди Нанакеева.

Аталган комиссиянын төрайымы Тамара Валиева блогер Улукбек Карыбек уулу санитардык, этикалык нормаларды сакташы керек болчу дейт. Анткени бардык эле мекемелерге журналисттер, блогерлер уруксат сурап кириши керектигин билдирди.

     

“Төрөткана, негизи эле ооруканалар режим менен иштеген мекеме. Ал мекемелер абсолюттук деңгээлде таза болуш керек. Ал эми Улукбек ал жакка уруксатсыз жана халат, бахила кийбей микробдорду алып киргени эч кандай этикалык кодекске туура келбейт. Журналисттик же адамдык этикага негизи эле жол бербейт. Бул жерде болот же болбойт деген карама-каршы пикирлер айтылып жатат. Бирок мен болбойт деп айтат элем. Эрежени, этикалык нормаларды сакташ керек. Ал жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө деле тартса болмок. А ичкериге уруксат сурап кириш керек болчу», - деди Валиева.

 

Сөз эркиндиги

Деген менен укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиеванын айтымында, блогерди санитардык, этикалык нормаларды сактабады деп камакка алууга жатпай турганын билдирди. Анын айтымында, блогерди кылмышкер катары кармаган туура эмес. Эгер мындай көрүнүш улана берсе эч ким коррупция темасында маселе көтөрө албай калат.

“Эгер блогерлер мамлекеттик кызматкерлерге сын айта турган болсоңор анда силерди да көчөдөн кармап кетет деген коңгуроо болуп жатат. Эгер Карыбек Уулу медиктерге кол көтөрүп кадыр-баркын түшүрсө, бейбаштык кылса алар арыз жазып, андан кийин блогерди кат жөнөтүп чакырат. Жактоочусу менен барса укуктарын түшүндүрүш керек. А буларга түшүндүрбөптүр. Айыпты сот башталардан үч саат мурун бериш керек эле. Ал сот башталганда гана бериптир. Бул деген блогердин укуктарын бузуу болуп эсептелет. Конституциялык укук же мыйзам баарына тең иштебей жатат”, - деди Мамасалиева.

Дарыгерлер төрөтканада коррупция жок деп эсептешет

Ош облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Асылкан Асанованы блогерди туура эмес маалымат таратууга айыптайт. Анткени ал төрөгөн аялдардан акча алды деген туура эмес маалымат тарап кеткенин, муну четке кага турганын айтты. Ал эми акча алуу боюнча факты болсо укук коргоо органдары гана баа бере турганын билдирди.

Башкы дарыгер блогер санитардык, жана этикалык нормаларды сактабагандыгын жүйө келтирет. Мындан сырткары кош бойлуу аялдар акча берген жокпуз деген интервьюлар блогердин видео материалында кошулбай, бир тараптуу маалымат таратылганын белиглешет.

"Биринчи жолу келген жок, мурда да келген. Эки эле бейтаптын сөзүн угуп, ошолордун артынан аябай ызы-чуу салып кетти. Калгандарынан алынган интервьюларын чыгарган жок. Ар бир мекеменин өзүнүн тартиби болот. Псевдоблогер болобу же жөн эле жаран болобу, төрөт стационарында каалаган жумушун жасап кеткенге мүмкүн эмес. Бул жерде иштеген кызматкерлерди кемсинтип, жаман абалга алып келгени өкүнтүп жатат. Блогердин айткан сөздөрүнүн эч бири тастыкталган жок", - деди ал.

 

Карыбек уулунун жүйөөсү

Улукбек Карыбек уулу менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Бирок ал буга чейин сот учурунда бизге берген интервьюсунда этика маселесине да токтолуп, төрөтканага киргенде бардык эле нормаларды сактаганын билдирген.

“Ал жер кирүүгө тыюу сала турган мекеме эмес. Акылы бар, билими бар адам кантип төрөтүп жаткан жерге кирип кетсин. Эч ким кирбейт ал жерге. Же болбосо операция болуп жаткан жерге кантип кирип кетсин? Эч ким кирбейт. Биз ал жердеги каридордо болгонбуз. Ал жалпы пайдалануучу жер. Палатага киргенде эшикти такылдатып киргенге уруксат бересиздерби деп сурап андан кийин гана уруксат бергенден кийин кирип интервью алдык. Бул жерде мыйзам буза турган эч бир жагдай болбоду”, - деди Карыбек уулу.

Карыбек уулу министр Гүлнара Баатырованы да сынга алып, саламаттык сактоо тармагында жарытарлык реформа жасай албай жатканын кошумчалды.

“Биз кайсы бир чиновниктин же саясатчынын аркасынан жүргөн жокпуз. Биз карапайым элдин жон терси менен сезип жаткан абалды гана коомчулукка көрсөтүп жатабыз. Мен дарыгерлерге эч бир душманчылыгым жок. Муну дарыгерлер өздөрү жакшы түшүнөт. Дарыгерлердин баары жаман эмес. Жөнөкөй катардагы дарыгерлерде күнөө жок. Маселе баш жакта болуп жатат”, - деди Карыбек уулу.

 

Улукбек Карыбек уулу деген ким?

Улукбек Карыбек уулу блогер жана журналист катары белгилүү. Ал журналистика тармагында 2011-жылдан бери эмгектенип келет. Башында ал «Манас Жаңырыгы» телеканалында иштеген, кийин «Марва» телеканалын жетектеген.

Карыбек уулу 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Эл Үмүтү» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Талапкерлердин тизмесинде экинчи орунда турган. Бирок партия шайлоодо өтпөй калган.

Ошондой эле ал минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сынына кабылган блогер катары да белгилүү. Байсалов анын видеосун мисал келтирип, өкмөт блогерлердин «чектен чыккан» иш-аракетине чара көрөт деп билдирген.

Карыбек уулу анын сынын «коомго тескери маалымат таратуу» катары баалап, маалыматты манипуляция кылуу «мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт» деп эскерткен.

Блогер видео материалдарын YouTube каналына чыгарат. Каналынын 500 миңден ашык катталуучусу бар.

Автордун сөзү

Карыбек уулунун кармалышында эң көп көтөрүлгөн маселе блогердин санитардык жана этикалык эрежелерди сактабагандыгы болду. Андыктан блогер кийинки ишмердүүлүгүндө кетирген кемчиликтирди эске алышы керек.

Ал эми аталган төрөтканада дарыгерлер кош бойлуу аялдардан акча алуу маселеси бир канча жылдан бери көтөрүлгөнү менен дале чечилбей келет.

Ошондуктан мамлекет, саламаттыкты сактоо министрлиги төрөткана сыяктуу медициналык мекемелерде дарыгерлерди бейтаптардан акча алууга мажбур кылбай, айлык акыларын көтөрүп, радикалдуу реформаларга баруусу зарыл. Антпесе көйгөй улана берет. Ал эми Карыбек уулу сыяктуу блогер жана журналисттердин ишмердүүлүгүнүнүн жыйынтыгы эл өзүнүн укуктарын талашып, акырында бюрократиянын жана коррупциянын азайышына алып келет. Мындан улам Улукбек Карыбек уулунун көйгөйдү ачык көрсөткөнү абдан маанилүү.      

Айжамал Түгөлбай кызы

Бөлүшүү