Интерньюс оффлайн форматта Бизнес-жумалыгын өткөрөт

16 ноября 21
   

Бизнес-жумалыгы 7-декабрдан 10-декабрга чейин өтөт. Биз маркетингге жана жарнамага кызыкдар болгон өнөктөштөрдү чакырабыз. Медиаменеджерлер рыноктун кесипкөй катышуучулары менен медиабизнестин актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Бизнес-жумалыкка телерадиоуюмдардын, онлайн-редакциялардын, жарнама агенттиктердин, продюсердик студиялардын жетекчилери жана медиабизнестин башка өкүлдөрү катыша алат.

Иш-чаранын программасы бул жерден.

     

Негизги спикерлер:

Ирина Виданова, алдыңкы көз карандысыз ЖМКлардын бири жана Беларустагы жергиликтүү жарнаманын лидери болгон CityDog.by басылмасынын негиздөөчүсү жана басып чыгаруучусу.  Бүгүнкү күндө CityDog.by аудиториясы айына 1,5 миллион колдонуучуну түзөт.

Айбек Куренкеев, “I DO MARKETNG” Digital Sales House негиздөөчүсү, КР Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти, Digital Academy, ISR Consult, Reklama Online биргелешип негиздөөчүсү.

Андрей Цветков, DASM Kyrgystan аткаруучу директору, WPP.

Марина Кыдыралиева, «Quasar» РА негиздөөчүсү, Индустриалдык медиакомитеттин Байкоочу кеңешинин төрагасы.

 

Адель Муканова, Bloggers Media агенттигинин жетекчиси.

 

Айдер Бекиров, "Европа" медиатобунун жетекчиси.

Бизнес-жумалыкка катышуу үчүн 26-ноябрга чейин катталуу керек.
 

Интерньюс 10 аймактык медиаменеджердин иш-чарага катышууга жол кире чыгымдарын төлөп берет.

 

Иш-чарага кызыккан аймактык ЖМКлардын жана онлайн-редакциялардын өкүлдөрү 22-ноябрга чейин бул жерден катталышы керек.

Бизнес-жумалык «Орион» мейманканасында («Ак-Сай» залы) саат 14:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

 

Кыргыз тилине синхрондук котормо болот. Котормого кызыккан адамдар гарнитураны алуу үчүн жанында инсандыгын тастыктаган документи болушу керек.

Байланыш үчүн – Назик Чекирова, бизнес боюнча кеңешчи: [email protected]

Бул иш - чара Кыргызстандагы Интерньюстун "Медиа -К" долбоорун тарабынан USAIDдин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

         
Бөлүшүү