USAID жана Интерньюс Кыргызстанда пиплиметрияны ишке киргизүүнүн биринчи этабын колдоду

 

"Медиа-К" долбоору 2021-жылдагы эң масштабдуу индустриалдык демилгени колдоону аяктады. Медиарынок  үчүн  акыркы жылдары телеберүү аудиториясын пиплметрлер менен өлчөө глобалдуу окуя болду.

 

 

Техникалык инфраструктура түзүлдү, ал 2020-жылдын январь айында тесттик маалыматтарды алууга мүмкүндүк берди. Кийинки кадамдарды ишке ашыруу медиа индустриянын милдети.

 

2018-жылы "Индустриалдык медиакомитет" (медиакомитет) Ассоциациясы түзүлгөн, ал өлкөнүн 15тен ашуун телеканалдарын бириктирди. Аталган бирикме Кыргызстанда пиплметрияны ишке киргизүү максатында түзүлгөн.  Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке киргизүү көптөн бери талкууланып, бирок баасы кымбат болгондуктан, мындай долбоорду өз алдынча ишке ашырууга мүмкүн болгон эмес.

 

Бул долбоор ата-мекендик телеканалдар үчүн маанилүү экенин түшүнгөндүктөн Интерньюс  менен USAID бул демилгени колдоо чечимин кабыл алган.

 

Пиплметрия медиа рынок үчүн жогорку артыкчылыкка ээ, анткени ал телеканалдардын туура рейтингге ээ болууга, эффективдүү программаларды түзүүгө жана дүйнө жүзү боюнча колдонулган индикаторлордун негизинде жарнак сатууга мүмкүндүк берген "валюта" болуп эсептелет. Телеаудиторияны ченөө мүмкүнчүлүгүнүн болушу улуттук жарнамалык рыноктун өсүшүнө өбөлгө түзөт жана эл аралык жарнама берүүчү кардарды тартууга мүмкүндүк берет.

 

2018 -жылдын октябрь айында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын калкынын арасында пиплметрлер аркылуу Кыргыз Республикасында телевизиондук аудиторияны өлчөө кызматтарын сатып алууга USAIDдин каржылык колдоосу менен тендер жарыяланган. 2019-жылдын январь айында тендердин жеңүүчүсү болуп Nielsen Admosphere  – Integras  консорциум жарыяланды. Ченөө кызматтарын сатып алуу үчүн келишим медиакомитеттин жана Nielsen Admosphere– Integras ортосунда түзүлгөн.

 

2020-жылы январда кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусунда долбоорду ишке киргизүүнүн презентациясы болуп өттү.

 

Үч жылдын ичинде Кыргызстанда долбоордун катышуучулары тарабынан чоң иштер жасалды. Медиакомитет телекөрсөтүү рыногунун өкүлдөрүнүн  көпчүлүгүн бириктирип, өлкөдө электрондук телеөлчөмдөрдү пайдалануунун мааниси жана келечеги тууралуу маалыматтык иштерди жүргүздү.

 

Телекомпаниялар жана жарнамалык агенттиктер бул индустрияга зарыл болгон түзүмдөрдү түзүү үчүн,  каржылык жана адамдык ресурстарын бириктиришти.

Интерньюс долбоорду ишке киргизүү үчүн каржылык жана эксперттик колдоо берди. Үйлөргө орнотуу, изилдөө иштери жана рекрутинг жүргүзүлгөн. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы үйлөрдө пиплметрлерди жеткирүү, орнотуу жана сервистик тейлөө ишке ашырылды.

Бул этапты ишке ашыруунун натыйжасында, рынокто биринчи  тесттик маалыматтар пайда болду. Бул тесттик маалыматтар коммерциялык эмес экенин белгилей кетүү керек жана Nielsen тарабынан текшерүүдөн кийин гана колдонулушу мүмкүн.

 

Мындай масштабдуу индустриалдык долбоорду ишке ашыруу-бул Кыргызстан үчүн алгачкы тажрыйба. Ошондуктан, Интерньюс Украинада жана башка өлкөлөрдө ушул сыяктуу ири долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча көптөгөн иш тажрыйбасы бар эки эл аралык экспертти чакырды.

 

Виктория Борщенко жана Орест Билоскурский долбоорду башынан баштап алгачкы тесттик маалыматтар чыкканга чейин коштоп жүрүшкөн.

 

- Бул биз үчүн кызыктуу  жана Кыргызстандын медиарыногунун индустриясы үчүн абдан маанилүү долбоор болчу. Бул долбоордун алкагында биз медиарыноктун катышуучулары пиплметриялык долбоорго мыкты эл аралык практикалардын мисалында толук техникалык тапшырманы иштеп чыктык. Бишкекке болгон бир нече сапарларыбыздын жүрүшүндө биз орнотуу жана изилдөөнүн үстүнөн жүргүзүлгөн иштердин жогорку сапатына абдан таасирлендик, респонденттерден аны өткөрүү учурунда Жогорку Response Rate (расшифровкалоо) алдык жана телефондук сурамжылоо аркылуу анкеталарды толтуруунун сапатын көзөмөлдөөнү ишке ашырдык. — Виктория Борщенко, (маркетолог, аналитик, Украинада пиплметриалыкизилдөөлөр жаатындагы экперт)

 

 

- Биз пиплметриялык панелге катышууну жана үйлөрүнө жабдууларды алууну каалаган кыргызстандыктар көп экенин байкаганбыз. Кыргызстандагы ТВ - панелдин дизайны өзгөчө маанилүү болду, ал өлкөнүн этникалык-лингвистикалык структурасын эске алуу менен жасалган – сиздер менен  коңшулаш өлкөлөрдүн бири дагы мындай иштерди жасаган жок. Бул долбоор кыргызстандын рыногу тажрыйбалуу эксперттерге жана медиаменеджерлерге бай экенин көрсөттү. Кыргызстан жакынкы жылдары толугу менен "өлчөөнү" бүтүрөт деп ишенебиз. — Орест Билоскурский (Украинада телевизиондук өлчөө боюнча изилдөөчү жана аналитик, көптөгөн өлкөлөрдө ТВ панели боюнча аудитор)

 

Тилекке каршы, 2020-жылдан баштап Кыргызстан, бүткүл дүйнө сыяктуу эле коронавирустун пандемиясынын кесепетинен улам экономикалык кризиске дуушар болгон. Коомдук-саясий кризис да өлкөдөгү жарнама жаатындагы активдүүлүккө терс  таасирин тийгизди.

 

Эксперттердин анализи  боюнча 2020-жылы жарнамалык рыноктун көлөмү 70-80% га кыскарган,  2021-жылы рыноктун 30% дан ашпаган өсүүсү байкалган. Бул фактор  үзгүлтүксүз маалымат берүү жана телевизиондук рыноктун панелдик колдоо үчүн төлөмдөрдү топтоо жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизди. Кырдаал глобалдык карантин режиминен улам курчуп, долбоордун техникалык жана башкаруучулук иш-аракеттерине тоскоол болгон. 

 

 

 

«Медиа-К» долбоору Кыргызстандын медиа рыногуна өсүштүн, туруктуулуктун жана андан ары өнүгүүнүн негизги инструменттеринин бири – медиа өлчөөлөрдүн электрондук тутумун берди.  Инфраструктураны куруу, эл аралык эсептегичти тартуу, ошондой эле биринчи тесттик маалыматтарды алуу боюнча эң маанилүү жана татаал кадамдар жасалды. Азыр рынок пандемиядан жана жарнамалык бюджеттердин төмөндөшүнөн улам панелди колдоодо олуттуу көйгөйлөргө туш болууда. Бирок, биз бул тармак жөнгө салынып, пиплметрия долбоорун ишке киргизе алат деп ишенебиз. Ал ишке кирбесе өнүгүү болбойт" - деп белгиледи Элина Каракулова. 

 

Биз телекөрсөтүү рыногунун өкүлдөрүнүн потенциалына жана өлкөдөгү пиплиметрияны ишке киргизүүнү аягына чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү бар экенине ишенебиз. Бул эл аралык стандарттарга ылайык рынокто эрежелерди түзүү, ачык-айкын рейтингдерге ылайык, ошондой эле натыйжалуу программалоо менен сапаттуу контентти өндүрүү, эл аралык интеграция менен медиарынктын өнүгүүсүнүн жаңы этабы болот.

 

Интерньюс бул  долбоорду колдоосун аяктап жатканына карабастан  бул индустрия жөнгө салынып пиплметрия боюнча долбоор  ишке ашат деген ишеним бар. Бул үчүн телевизиондук рыноктун өкүлдөрүнүн  потенциалы да, мүмкүнчүлүктөрү да бар.

 

Пиплметрия (people meter) — телеаудиториянын артыкчылыктарын өлчөө ыкмасы, бул ыкмада аудиториянын көрүүсү сурамжылоо менен эмес, атайын эсептөөчү жабдуулардын тармагынын жардамы менен жүргүзүлөт. Эсептегичтер (meters) үй чарбаларына орнотулат да, ал үйдө кайсы каналдарды, кайсы көрсөтүүлөрдү эң көп убакыт бою көрүп жатканы аныкталат.   Андан соң алынган маалыматтар телеканалдар тарабынан программалык сетканы түзүү, редакциялык саясатты корректировкалоо максатында пайдаланылат жана — жарнаманын баасын коюуда, эфирдик убакытты  сатууда өтө маанилүү. Акыркысы Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү, анткени объективдүү жана адилеттүү түшүндүрүлүүчү маалыматтарга негизделген ыкма аудитордук өлчөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет жана чет өлкөлүк жарнак берүүчүлөр үчүн ачык-айкын болот, ал өлкөнүн медиа рыногуна кошумча акча каражатын потенциалдуу тарта алат.  
 
 
 
 
 
 
 
Бөлүшүү