Медиауюмдар шайлоо күнү журналисттерге карата кол салууларды иликтөөгө чакырышат

 

Жарандык коом парламенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга жолтоо болгон жана журналисттердин жеке коопсуздугуна кол салуу фактыларын айыптап, бардык күнөөлүү тараптарды жоопко тартууга чакырат.  

2020-жылдын 4-октябрында Ош шаарындагы №5316 шайлоо участогунан түз алып баруунун жүрүшүндө белгисиз жаран Kloop оператору Хамидулло Узаковду бир нече жолу уруп, журналисттин телефонун тартып алууга аракет кылган. Ошондой эле белгисиз жарандар ММК өкүлдөрүн Ош шаарындагы № 5912 участогуна киргизбей койгондугу туурасында кабар келген.

Таласта шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу маалында № 6108 участогунда «Азаттык Медиа» редакциясынын съемка тобуна кол салышкан: белгисиз аял видеокамераны чаап, съемканы токтотууну талап кылган.  

Ден соолугуна зыян келтирүү, бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу, зордукту колдонуу менен, уятсыздыгы менен айырмаланган жана өзгөчө оройлук менен жасалган коомдук тартипти жана жалпы жүрүм-турум ченемдерин одоно бузуу аркылуу бейбаштык учурлары көзкөрүнөө. Аталган аракеттер, анын ичинде кылмыш-жаза жосундары болуп саналат.

КРнын Конституциясынын 33-бер. 1-п. ылайык ар ким малыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ. Ошентип, мамлекет журналисттин маалыматты эркин алып, жайылтуусуна кепилдик берип, кесиптик ишмердүүлүгүн ишке ашыруусунда анын корголушун камсыздайт. КРнын “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык сын материалдарды жарыялагандыгы үчүн журналистти кугуунтуктоого жол берилбейт. Конституция ченемдерин жана мыйзамдарды ишке ашыруу максатында мамлекет журналисттерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына жана эркиндигине тиешеси бар коомдук маанидеги маселелерди тоскоолдуксуз чагылдыруусу үчүн шарттарды түзүп, аларды камсыздап бериши керек.   

Эркин жана калыс шайлоону камсыздоонун маанилүү курам бөлүгү болуп ММКлардын тоскоолдуксуз ишмердүүлүгүн камсыздоо саналат. Мамлекет ММКлардын шайлоо маалында тартип бузууларга жол бербөө үчүн шайлоо процессин активдүү чагылдыруу укугун коргойт деп күтүлөт.

Өз кезегинде, бул сыяктуу жоруктарга жооптун кайтарылбашы журналисттердин ишине андан аркы кол салууларына жол берип, өлкөдөгү сөз эркиндиги жаатындагы кырдаалга таасирин тийгизмекчи.

Маалыматты жайылтуу эркиндигин чектөө, инсандын кол тийбестигин бузуу жана натыйжалуу укуктук коргоонун жоктугу Кыргыз Республикасы анын катышуучусу катары чыккан жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык  пакт ченемдерин одоно бузуу катары каралат. КРнын Конституциясынын 6-беренесинин 3-п. ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктан жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналарын белгилеп кетүү керек.  

Буга байланыштуу, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана КРнын Ички иштер министрлиги атында мамлекеттик органдарды укук бузуунун көрсөтүлгөн фактыларына тиешелүү баа берип, кылдат текшерүү жүргүзүп, анын ичинде токтоосуз бардык кылмыш-процесстик амалдардын (экспертизаны дайындоо, тиешеси бар тараптарды аныктоо ж.б.) жүргүзүлүшүн камсыздап, күнөөлүү тараптарды жоопко тартуусуна чакырабыз.  

 

Медиа полиси институту

Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер бирикмеси

Кыргызстандагы Интерньюс

«Журналисттер» КБ

Иликтөөчү журналистика фонду

Медиаөнүктүрүү борбору

«МедиаКонсалт» КФ

ММКлар арыздарын караштыруу боюнча комиссиясы

Динара Сумалиева

Алмаз Курманалиев

Авланбек Жумабаев

Тамара Валиева

Марат Токоев

 

 

Бөлүшүү