Медиасын. «Ысык-Кѳл кабарлары»: гезиттин кыйын кезеңи

 

Кыргызстандын аймактарына тараган облустук кыргыз тилдүү гезиттер кандай шарттарда чыгып, эмнелер жѳнүндѳ кантип жазып жатышканын талдоону улантуудабыз. «Ысык-Кѳл кабарлары» гезитинин башкы редактору Абдыжапар Эгембердиев облустук гезиттер акыркы жылдары мүңкүрѳп, жабылуу абалына келгени жѳнүндѳ ой бѳлүштү.

Ысык-Кѳлдүн облустук кыргыз тилдүү гезити 1938-жылы негизделип, алгач «Ысык-Кѳл правдасы» деп аталган. Ортодо облус жоюлуп кеткенде редакция жабылып, гезит чыкпай калган. 1989-жылы Ысык-Кѳл жана Нарын облустары бириктирилгенде гезит «Ата-Тоо таңы» деген аталышта чыгып, 1993-жылы облустар ѳзүнчѳ бѳлүнгѳндѳ,  «Ысык-Кѳл кабарлары» деген ат менен чыгып баштаган. Союз мезгилинде редакцияда 54 кызматкер 10 миң нускада аптасына 5 жолу А2 чоң форматта гезит чыгарып турган. Эгемендик күндѳрдѳн тарта аптасына 1 жолу А3 форматта 8 бет менен чыгууда. Акыркы кезде 1 миң нуска менен  «Учкун» полиграфия борборунан басылууда.

 

Облустук гезиттер мүңкүрѳп, жабылуу, жоюлуу алдында турат»

«Ысык-Кѳл кабарлары” гезитинин башкы редактору Абдыжапар Эгембердиев басылма акыркы жылдарда кыйын сыноолорго туш болуп, жабылып калуу абалына келгени жѳнүндѳ баяндап берди:

«Гезиттер Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында. Министрликтин ичиндеги маалымат жана массалык коммуникациялар деген департаменттин демилгеси менен облустук гезиттер жана облустук телевидениелер бириктирилип, медиаборборго айлындырылган. Менин оюмча, кайсы бир чиновниктердин кандайдыр кызыкчылыгы болсо керек эле деп ойлойм. Эки жылдан бери ит кѳрбѳгѳн кордукту кѳрдүк. 15 штаттын 10ун кесип салышты, кызматкерлердин айлыгы кыскарды, командировкалык чыгымдар толук жоюлуп кетти, күйүүчү май такыр берилбей калды. Мурдагыдай эле каражат таап жатабыз, мисалы: жазылуу, реклама, юбилейлер, иш-чаралар жѳнүндѳ буюртма алып, беттерди уюштурабыз. Быйыл жыл башынан бери 1 млн 200 миң сом таптык. Каражат медиаборбордун счетуна түшѳт, бирок гезит редакциясы бир ручка да ѳзүбүз сатып ала албайбыз».

 

Башкы редактор, 2 кабарчы, оператор жана дизайнер болуп  5 кызматкер жана аймактардагы 2 сырт кабарчы менен гезит даярдалат.

   

Эгембердиев редакциянын материалдык-техникалык базасы абдан начар экенин, компьютерлердин эскилиги жеткенин, фотоаппарат, диктофон жок, бул кѳйгѳй облустук гезиттердин баарына тиешелүү экенин белгиледи.

 

«Ѳкмѳттүн бардык чиновниктерине жана ЖКнын бардык комитеттерине кайрылганбыз. Профилдик комитет гезиттердин атайын счетун калыбына келтирип берүү жѳнүндѳ Ѳкмѳткѳ токтом чыгарып берген, бирок, токтом аткарылган эмес. Ѳткѳн жолу президенттин ѳзүнѳ кайрылдык. 26-октябрда башредакторлорду кабыл алып, маселени чечти. Гезиттер 10 штат менен мурдагыдай ѳзүнчѳ мекеме болуп, атайын эсеби калыбына келтириле турганы, 1-ноябрдан айлык акылар жогорулатылып, редакциялардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жѳнүндѳ Эдил Байсаловго кѳрсѳтмѳ берди. Биз эми токтом чыгышын күтүп жатабыз»,- деди башкы редактор.

Абдыжапар Эгембердиев гезиттин сапатын жакшыртуу, окумдуулугун арттыруу, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин кѳтѳрүү үчүн бир катар шарттар керектигин тизмектеди:

«Биринчиден, журналисттердин жашоо-турмушун жакшыртуу зарыл. Биздин кабарчылар мурда 8 миң сом айлык алчу, 3 миң сомду кесип салды, азыр 5 миң сом алышат. Бул каражат менен борборго барып билимин жогорулатып келеби, же тирилигине жумшайбы? Экинчиден, редакциянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу керек. Үчүнчүдѳн, жетекчилер гезитке жазылууга колдоо кѳрсѳтүү зарыл. Гезитке жарым жылдыкка жазылуу болгону 300 сом. Командировканын чыгымдарын толук кесип салган. Редакциядагы 5 киши аймактарга барып жазылуу жүргүзүүгѳ чамасы жок. Акыркы бир жылда министрликтен бир киши чалып, «тирүүсүңѳрбү? » деп сурап койгон жок. Мамлекеттин саясатын элге жеткирип жаткандар – облустук гезиттер. Бирок, 80-90 жылдык тарыхы бар гезиттер азыр оор абалда. Облустук гезиттер мүңкүрѳп, жабылуу, жоюлуу алдында турат»,- деди «Ысык-Кѳл кабарлары» гезитинин башкы редактору Абдыжапар Эгембердиев.

   

«Ысык-Кѳл кабарлары» гезитинин 26-августта чыккан №35 (118040) саны контент-анализ кылынды.

 

Башкы бет. Майрамдык куттуктоолор

Гезиттин биринчи бетинде эгемендик майрамына жана архив кызматкерлеринин кесиптик күнүнѳ карата майрамдык куттуктоолор жана эгемендик жѳнүндѳ ыр саптары орун алган.

       

Иш сапар кантип чагылдырылган?

 Ал эми 2-бетте Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Кѳлдѳгү иш сапары 2 сүрѳт коштолуп, бир бетке толук берилген. Макалада Президенттин Түп райондагы тигүү фабрикасында болгону, о.э. жергиликтүү тургундар менен баарлашууда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, жер тилкелерин трансформациялоо,  мектеп жана бала бакчаларды куруу маселелери айтылганы, ѳлкѳ башчы Каракол шаарына келип, мамлекеттик жана тарыхый инсандар Жусуп Абдрахмановдун, Касым Тыныстановдун, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышканы баяндалган. Ушуга улай эле текстте Жапаров кайра эле  башка тигүү фабрикасында болуп, ишкананын эмгек шарттары, жумуш орундарынын тартиби жана өндүрүштүк техниканын абалы менен таанышып чыкканы айтылган. Материалдын аягында кайра эле жергиликтүү тургундардын аймакты өнүктүрүү боюнча идея, сунуштарын айтканы, жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер бул тармакты колдоо боюнча сунуш-өтүнүчтөрүн билдиргени баяндалат.

Эгерде окурман макаланы бир сабын калтырбай баштан-аяк окуса, Президенттин иш-сапарында чогуу жүргѳндѳй, салтанатта окуган сѳздѳрүн толук уккандай эле болот. Эгер, материалды даярдаган журналист бардык маалыматты «казанга чогуу салбай», ишкер чѳйрѳдѳгү маселени ѳзүнчѳ, маданий салтанатты ѳзүнчѳ, эл кѳйгѳйүн ѳзүнчѳ чакан тема кылып, эмне маселелер чечилгенин, эмнелер кѳз жаздымда калганын дааналап, ѳз-ѳзүнчѳ бергенде, окумдуу жана натыйжалуу болмок.

Материал «Маалымат булактарынан алып, иштелип даярдалды» деп  кѳрсѳтүлүп, бирок кайсы маалымат  булактары экени ачыкталган эмес.

 

COVID-19

3-бетте «Коркунучтуу вирус» деген рубрика астында COVID-19 жѳнүндѳ бир беттик материал берилген.  Лидден кийинки биринчи сүйлѳм 51 сѳздѳн турат:

«Вирус (COVID-19) тууралу көп нерсе али белгилүү боло электе, биз анын оору жуктуруп алган адамдын бөлүп чыгарган (жөтөлүү жана чүчкүрүү) суюктуктары менен түз байланыш аркылуу жугаарын, адамдар ошондой эле вируска булганган буюмдарды кармалаганда, андан кийин адамдар беттерин (мисалы, вирус көз, мурун жана ооздун былжыр челдерине өтүшү мүмкүн) кармалаганда жуга тургандыгын билебиз…» (текст ѳзгѳртүүсүз берилди - Г.Г). Сүйлѳм татаал жана кашаага алынган түшүндүрмѳ сѳздѳр андан бетер татаалдантат. Мындайда татаал сүйлѳмдү бир нече жѳнѳкѳй сүйлѳм кылып, жеңилдетип берген оң.

Текстте мааниси бирдей, кайталанма сүйлѳмдѳр да кездешет. Мисалы экинчи колонкада:  «Вирус түз байланышта, жөтөлүү жана чүчкүрүү учурунда аба аркылуу, ошондой эле вируска булганган жерлерди кармалагандан кийин бетке (көзгө, мурунга, оозго) кол тийгизүү аркылуу жугат…».

Текст орусчадан кыргызчага түз которулгандай, о.э. журналисттик элекке салынып иштелип чыккан эмес, тексттин аягында ден соолукту чыңдоо кабинетинин адисинин аты-жѳнү автор катары берилген.

4-бетте «Эгемендүүлүк күнү» деген рубрика менен «Калкыбыз кылымдар күткѳн майрам» деген аталыштагы материал бир бетти ээлеген. Текстте 1990-91-жылдардагы Кыргызстандагы коомдук-саясий түзүлүш, кабыл алынган мыйзамдар, декларациялар, урунттуу окуялардын хронологиясы бар. Акыркы колонкада эгемендиктин 30 жылдыгына арналып чыгарылган юбилейлик күмүш тыйындардын сүрѳтү, кѳрүнүшүнүн сүрѳттѳлүшү, анын жүгүртүлүшү жѳнүндѳ маалыматтар берилген. Бул бетте да автор кѳрсѳтүлгѳн эмес. «Материалдар маалымат булактарынан алып даярдалды» деп жазылганы менен кайсы маалымат булактары экени ачыкталган эмес.

Ал эми 5-бетте «Эгемендүүлүк эмне берди?» деген рубрика алдында Кыргызстан сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү Темирбек Асанов менен маек жайгаштырылган. Чыгармачыл чѳйрѳнүн эгемендикке чейинки жана  Кыргызстан кѳз карандысыздык алгандан кийинки жылдардагы кыйынчылыктары жана ийгиликтери, кол ѳнѳрчүлѳрдүн изденүүсү жана табылгалары, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына  арналган кѳргѳзмѳгѳ даярдыктар, сүрѳтчүнүн жеке кѳргѳзмѳсү үчүн изденүүлѳрү жѳнүндѳ кызыктуу маек болгон. Текстти коштоп Темирбек Асановдун портреттик сүрѳтү гана берилген. Кол ѳнѳрчүлүк, сүрѳтчүлүк жѳнүндѳ сѳз болуп жатканда чыгармачыл инсандын колунан жаралган эмгектердин сүрѳттѳрүн да жайгаштырса болмок. Окурманга баяндап берүү гана эмес, кѳрсѳтүү да абдан маанилүү.

5-беттин тѳмѳн жагында «Балыкчыдан билдирет» деген рубрика менен «Асфальт тѳшѳѳ жумуштары жүрүүдѳ» аталыштагы материалда Балыкчы шаарындагы 4 чакырым жолго асфальт тѳшѳлүп жатканы баяндалган. Материалда шаар мэри «асфальтталып жаткан жолдун сапаттуулугуна күбѳ болгонун» кабарчы ѳз сѳзүндѳ баяндаган. О.э. шаар башчысы Балыкчы шаарындагы бул эң сапаттуу салынган жол боло турганын, жолду куруп жаткан компанияга жана жумушчуларга ыраазылык билдирерин мэрдин сѳзү кылып цитатада берген. Ал эми материалдын акыркы абзацында  жолду куруп жаткан компания жетекчиси жолдун сапаты тиешелүү органдар тарабынан дыкат көзөмөлдөнүп жатканын, бардык материалдардын сертификаты бар экенин айтканы баяндалат. Эгерде кабарчы тендерге катышкан башка ишканалар, жол курууга кеткен каражаттын суммасы жѳнүндѳ маалыматтарды, жолду пайдалануучулардын жеке пикирлерин жана  жолдун сапаты жѳнүндѳ кѳз карандысыз эксперттин баалоосун кошкондо, тең салмактуу жана бейтарап даярдалган  материал болмок.

 

Поэзия кайрыктары, эскерүү жана пайдалуу кеңештер

6-бетте ондон ашуун поэтикалык жыйнактардын автору, Жазуучулар союзунун мүчөсү Эрмекбүбү Бакированын сүрѳтү коштолуп, алты ыры жарыяланган. Чыгармачыл инсандардын  эмгектери окурмандарга гезит аркылуу да тарап, аздыр-кѳптүр ѳз аудиториясын түзѳ алат.

7-бетте «Ички иштер» деген рубрика менен «Коопсуз поезд» иш чарасы ѳткѳнү жѳнүндѳ облустук ички иштер бѳлүмүнүн басма сөз кызматынын маалыматы берилген. Кыска кабарда стилистикалык жана пунктуациялык каталар бар. (Тѳмѳн жакта айрымдары мисал келтирилет).

«Дарыгердин кеңеши» деген рубрика менен «Суу – ѳмүрдүн жана ден-соолуктун булагы» деген кыска материалга эпидемиолог дарыгердин аты-жѳнү автор катары кѳрсѳтүлгѳн. Материалда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Каракол дарыясынын суусу өтө булганып, ичүүгө кооптуу болгону, андан улам жугуштуу оорулар жайылуу коркунучу айтылган. Материалда ѳткѳн жылга салыштырмалуу цифралар да берилген. Мисалы: «Быйыл 7 айда 424 жугуштуу ичеги-карын оорулары катталса, интенсивдүү көрсөткүчү 523.7ни түзүүдө. Ал эми былтыр 7 айда 252 ичеги-карын оорулары катталган көрсөткүчү 311.3тү түзгөн, облустук орточо көрсөткүч 212.5ти түзүүдө» деген сүйлѳм бар. «Интенсивдүү кѳрсѳткүч», «орточо көрсөткүч» деген эмне? «523.7»,«311.3», «212.5» деген цифраларды ушул тармактагы адистер эле түшүнбѳсѳ, башкаларга түшүнүксүз. Маалыматты окурманга ылайыктап түшүнүктүү кылып бербесе, гезит окурмандарын жогото берет.

«Эскерүү» деген рубрика менен Светлая Поляна айылынын тургуну кѳзү ѳткѳн курбусун эскерген. Аймактарга тараган гезиттерде катардагы жарандардын жазган материалдары чыгып турганы гезитти окурманга жакындатат.

7-8-беттерде  орус жана кыргыз тилиндеги жарыялар жайгаштырылган. 8-беттин тѳмѳн бѳлүгүндѳ редакциянын даректик маалыматтары орун алган.

 

Жазуу эрежелери

Гезиттин бул саны басмага берилерден мурда корректордун кылдат текшерүүсүнѳн  ѳтпѳгѳндѳй, бир катар грамматикалык, стилистикалык жана пунктуациялык каталар кездешет. Мисалы: Кѳл кылаасынын (кѳл кылаасынын), эркиндиктин Туусун (эркиндиктин туусун), жапыр эмдөөнүн (жапырт эмдөөнүн), алгандар саны (алгандардын саны), жугаарын (жугарын), келеатабыз (келатабыз же келе жатабыз), Венгирия (Венгрия), кызыктыраарын (кызыктырарын), шамаланып (шымаланып), чын ден соолук (чың ден соолук), кырдалдар (кырдаалдар), оорулуры (оорулары), уюн тозуп (уюн тосуп), ирээт (ирет), деп алып (дем алып), Жаркнайга (Жаркынайга), чөмүлөөрүн (чөмүлөрүн), туйдй (туйду), ишенээри (ишенери), жөлөнөөр (жөлөнөр), таянаар (таянар) ж.б. (кашаанын ичинде туура варианттары берилди. Г.Г.)

Туура эмес ташымалданган сѳздѳр да кездешет: бою-нча (боюн-ча), ма-анилүү (маа-ни-лүү), монетала-рдын (мо-не-та-лар-дын) ж.б.

Айрым сүйлѳмдѳрдѳ артыкбаш эле үтүр белгилер коюлган.

 

Гезиттин жасалгасы

«Ысык-Кѳл кабарлары» гезитинин 26-августта чыккан №35 (118040) санынын жасалгаланышына Кыргызстандагы эң көп нускалуу «Супер-Инфо» гезитинин баш редактору/директору болуп 2007-жылдан 2020- жылга чейин иштеген, гезит чыгарууда 17 жылдык тажрыйбасы бар Шаиста Шатманова эксперттик пикирин бѳлүштү:

«Учурда интернеттин, жаңы технологиялардын өнүгүшү менен гезит ишмердүүлүгү жаңы чакырыктарга жана сыноолорго туш болду. Азыр окурман бир бетке жыш толгон кара сөздү окубайт, аны кызыктыра турган учурлар атайы белгиленбесе, жыш тексттен бөлүнүп көрсөтүлбөсө көңүл бөлбөйт. Демек, ал бет жана ушундай эле мүнөздө жасалган гезит текке кетет.

Гезиттин 1-башкы бетиндеги «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү» деген анонсту жоон жана көрүнүктүү шрифт менен берсе болмок. Анонсту чектеп турган оймо-чийим өтө чоң жана жоон берилип калган, бул ашыкча элемент. Башкы бетте маалымат өтө көп, текст майда болсо окурмандын көңүлүн өзүнө бура албайт. Башкы бет үчүн эң башкы девиз – кыска-нуска, түшүнүктүү жана кызыктуу болушу шарт. Облус жетекчилигинин куттуктоосу 2-бетке берилсе деле өз маанилүүлүгүн жоготпойт. Узун тексттин ордуна Кыргыз Республикасынын 30 жыл ичинде башынан өткөргөн эң орчундуу учурларын сүрөт менен коллаж жасоо аркылуу баяндап, же ушунча жыл ичинде кандай өсүү, кандай жоготуулар болду, инфографика менен көрсөтүп берсе балким, көрктүү жана маанилүү болмок.

Дизайнерге сунуш - түстүү беттин мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу зарыл. Анткени гезиттер смартфондор менен жарышканга аргасыз. Түстүү бет дегенде палитрадагы бардык түстөрдү жайнатып салуу эмес. Дизайнер түстөрдүн айкалышына көңүл буруусу кажет. Мисалы башкы беттеги көк түс менен жашыл түс айкалышпай калган. Эгер гезит бетине ичке линиялар берилиши шарт болсо, анда алар бири бирине туш келиши, туура жерден башталып-бүтүүсү зарыл.

2-бетте  «Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көлдө болду» деген бир беттик макаланын аталышы дежурдук форматта. Макалага кызыктуу, орчундуу, көңүлдү бура турган аталыш коюу журналисттин ишинин маанилүү учуру.

3-бетте «COVID-19 коронавирусу деген эмне?» аталышындагы макалада маалыматты инфографика менен берсе, кыска-нуска жана түшүнүктүү болмок.

4-бетте  эгемендүүлүк күнүнө арналган «Калкыбыз кылымдар күткөн майрам» деген макала узун, көзгө урунарлык өзгөчөлүктөрү же атайылап белгилеп берилген урунттуу учурлары жок. Бир бетке толтура берилген текстти үзбөй кыдырата окуп чыкканга окурмандын дээрлик көпчүлүгүнүн чыдамы жетпейт. Демек, макаланын авторунун, дизайнердин да эмгеги текке кетет.

5-беттеги материал боюнча дизайнер менен редакторго сунуш – бир бетке толук берилүүчү макалалардын текстин кыскартуу. Бир бетке 14-шрифт менен 500-600 символ жетиштүү болот. Суроолор, респонденттин сөзүндөгү урунттуу учурлар атайы белгиленип жасалышы керек.

Редактор 5- жана 7-беттеги иш-чаралардан макала, кабар, репортаждарды бир бетке чогултуп, ал эми поэзия менен эскерүүнү өзүнчө жайгаштырса болот.

Жарыяларга арналган бетте линияларды, жарыянын урунттуу учурун белгилөөнү, керектүү жерлерде кара сөздү символдор менен алмаштырууну иштеп чыгуу керек».

 

«Гүлзат Газиева

Бөлүшүү