Интерньюс окутууларды өзүнүн тренинг борборунда жана башка жерлерде да өткөрүп келет.
Кыргызстандагы Интерньюс көп жылдык окутууларды өткөрүү тажрыйбасына таянып өз ишин мыкты билген жана өзүнүн окутуу программалары бар атамекендик жан эл аралык тренерлердин чоң базасын түзө алды.
Бишкектеги тренинг борборунда телеберүү, радио, онлайн-баслымалар, коомдук тармактар үчүн маалыматтык жана оюн-зоок контентти өндүрүү боюнча окутуулар өткөрүлүп турат. ЖМКлардын жана коомдук тармактардын медиамаркетинги жана менежменти, дата-журналистика, журналисттик иликтөөлөр, мультимедиалык өнүмдөрдү даярдоо боюнча окутуулар да өткөрүлүп келет.
Тренинг борбору аймактык жаш журналисттер үчүн Универсалдуу журналисттин мектебин, блогерлер үчүн тематикалык семинарларды, төкмө акындар менен манасчылар үчүн мастер-класстарды, жергиликтүү медиа адистер үчүн окутууларды өткөрүү боюнча тренингдерди уюштуруп турат.
Тренингдер тууралуу маалымат алдын ала уюмдун сайтына жана коомдук тармактардагы баракчаларына жайгаштырылат.