Пандемия учурунда КРдагы көз карандысыз ММКларды сактоо: Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун тажрыйбасы

COVID-19 пандемиясы учурунда жана андан кийин иштеп кетүүлөрү үчүн көз карандысыз ММКлар тобуна «Медиа-К» долбоору шашылыш каржылык жардам сунуштады.  

Интерньюстун Ыкчам жардам фондунун колдоосунан улам пост-ковиддик кыйын мезгилден өтүп кете алышкан 13 редакциялар менен телеканалдар тандалып алынды.

 

COVID-19 пандемиясынан улам, 2020-жылдын мартынан тартып республиканын жарнама рыногу болжол менен 80-90 пайызга (ТВ сегментинде) кыскарды. Көптөгөн редакциялар журналисттердин айлык маяналарын кыскартууга, кызматкерлерди жумуштан бошотууга же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетирүүгө мажбур болушту. Бир топ редакциялар жабылуу алдында турушту.

Төмөнкү басылмалар жардам алышты:

T-Media, «24.kg» маалыматтык агенттиги, kyrgyzmedia.kg, «ПолитКлиника», Salam.media,

Economist.kg, Elgezit.kg, Kaktus.media, Kloop.kg,

«Любимый HD» телеканалы, Govori TV, НТС, TV1.kg.

ТВ1.kg шаардык телеканалынын директору Махмуд Амираевдин айтуусу боюнча, өткөн жылдагы пандемия учурунда “Вечер трудного дня” ток-шоусун даярдашкан чыгармачыл топту акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетирүүгө туура келген. Жамаат олуттуу каржы кыйынчылыгына учурап, жарнамадан түшкөн киреше 70 пайызга кыскарган жана келишимдер бир топ азайган.

 

Азыркы учурда телеканал туруктуу иштеп жатат, бирок күнүмдүк чыгымдар үчүн каржылык колдоо талап кылынат: булар негизги кызматкерлерди колдоо, имаратты ижарага алуу, ТВ-сигналды жеткирүү үчүн Телевидение жана радиоберүүнүн радиорелейлелик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмесине ( РПО РМТР) акы төлөө.

 

- Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун көмөгү менен биз кем болуп жаткан жарнамадан түшчү кирешенин ордун толуктадык жана гранттык жардам өз убагында болду, – деп белгиледи Амираев.

 

Ковиддик кризис учурунда бир дагы кызматкерди кыскартпаган жана жумуштан бошотпогон kloop.kg маалыматтык сайтынын редакциясы иштеп кетүүнүн бир топ ийгиликтүү тажрыйбасын көрсөттү.

   

Галина Гапарова, «Клооп Медианын» директору:

- Биз гранттардын эсебинен кошумча ресурстарды тартып, дем алыш күндөрү жана кечки убакта иштөө үчүн кезметчи редакторлорду ишке ала алдык, ошондой эле журналисттердин репортаждарга коопсуз барууларын камсыздоо үчүн дагы бир айдоочуну жалдадык.

«ПолитКлиниканын» башкы редактору Дилбар Алимованын белгилөөсү боюнча, редакциянын кризистеги жалпы туруктуулугуна карабастан, аралыктан иштөө үчүн керектүү техниканын жоктугунан көйгөйлөр жаралды, журналисттердин жумушунда милдеттер көбөйүп, бир катар кызматкерлер ковид менен ооруп айыгышты. Ошондой эле имаратты ижарага алууда маселелер жаралып, жарнаманын жана биргелешкен материалдардын көлөмү кыскарды.

«Медиа-К» долбоорунун көмөгүнөн улам, «Политклиника» кызматкерлерди кыскартпай коё алды, ал эми ыкчам жардам программасынын алкагында дагы төрт адамды кошумча жалдашты.

Дилбар Алимова, «ПолитКлиниканын» башкы редактору:

- Интерньюстун Ыкчам жардам фондунун көмөктөшүүсүнөн улам, редакция кызматкерлерге толук кандуу айлык акыларын төлөп берүүнү калыбына келтире алды, журналист-фактчекерлер, иликтөөчүлөр жана дата-журналисттер бөлүмдөрү түзүлдү. Ошондой эле «МедиаБлокПост» фактчекинг тобунун ишине катышуу фактчекингдеги көндүмдөрдү такшалтууга жардам берди.

 

Фактчекерлер жана Сovid-19

 

Кыргызстандагы Интерньюстун колдоосу менен «МедиаБлокПост» долбоору жана ар түрдүү басылмалардан алты фактчекер, анын ичинде Factcheсk.kg, «ПолитКлиника», Т-«Медиа», economist.kg маалыматтык сайттары ковид темасына тиешелүү маалыматты күн сайын текшерип турушту.

Беш ай аралыгында орус жана кыргыз тилдеринде 100дөн ашуун материалдар жарыяланды. Фейктик (калп) маалыматтар 20 пайызга жакын болду. Макалалардын көпчүлүк бөлүгү маалыматтар туура эмес: жаңылыш же атайылап туура эмес чечмеленген учурдагы жалган маалымат менен күрөшүүгө багытталган.

 

Жанна Шегай, Интерньюстун Covid тобокел-байланыш боюнча долбоорунун жетекчиси (LHSS):

- Фактчекерлердин бул учурдагы ролу өзгөчөлүү жана көп кырдуу болду. Алар мамлекетке жана башка уюмдарга пандемия менен күрөшүүгө жардам берүү менен, маалыматтык талааны төгүн (фейк) маалыматтардан тазалоого мажбур болушту.

«МедиаБлокПосттун» жигердүүлүгүнөн улам, саламаттык сактоо системасындагы кемчиликтер аныкталды. Долбоор КР аймагындагы лицензиясы жок медициналык ишмердикти (озонотерапия) аныктоого, далилденбеген натыйжалуулугу бар дарылар жөнүндөгү мифтерди жокко чыгарууга, социалдык тармактардагы дүрбөлөңгө салган массалык талкууларды токтотууга (мисалы, Оштогу көрүстөндөгү балдардын денелери тууралуу) жардам берди.

Анын пикири боюнча, долбоордун катышуучулары кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, социалдык тармактагы талкууларга көз салышты. Маалыматтар ар түрдүү булактардан келип жатты, Саламаттык сактоо министрлиги, бизнес жана эксперттик  жамааттар менен өз ара кызматташуу болуп, эл аралык уюмдар менен маалымат алмашуу жүрдү.

Интерньюс өнөктөштөрү менен бирге ПРООНго жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине маалыматтарды бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдиришет.

Кыргызстандагы covid-19 тууралуу кабарландыруу тажрыйбасы

Кыргызстанда көпчүлүк адамдар 2020-жылдын июлундагы ооруканалык кризис жана коронавирустук пневмония менен ооруп калуунун кескин көбөйүүсү учурунда ММК иш жүзүндө социалдык кызматтардын милдетин аткарып калышканын көрүштү: редакцияларга жардам сурап кайда кайрыларын билишпеген миңдеген жарандар коңгуроо кылып жатышты.

Көз карандысыз онлайн-басылмалар окурмандарга чындыгында эмнелер болуп жаткандыгын айтып беришти: алар калкка ошол учурда зарыл болгон пульмонологдор менен психологдордун аты-жөнүн, байланыш номурларын, стационарлардагы керебеттердин саны, дары каражаттары, диагностика, лабораториялар тууралуу маалыматты берип турушту.

Ошол эле мезгилде журналисттер маалыматка жетүүдөгү мурда болуп көрбөгөндөй чектөөгө туш болушту жана маалыматты жеке коопсуздугун тобокелге салуу менен алып жатышты.

Медиа кырдаал тууралуу чындыкты айтып, башкаруудагы кемчиликтерди ачыктап, коомчулук менен байланышты жөнгө салды жана эл колдоосуз калбайт деген үмүттү берди.

 
Media-К  —  Интерньюстун Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды колдоо боюнча долбоору. Бул долбоорду Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен FHI360 уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат.
Интерньюстун Covid тобокел-байланышы USAID каржылаган LHSS ( Local Health System Sustainability) долбоорунун алкагында ишке ашырылат.
   
Бөлүшүү