Интерньюс: КРнын Өкмөтү ММКлар менен диалог куруп, COVID-19-дун биринчи толкунундагы каталарын эске алуусу зарыл
КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Элина Каракулова бүгүн, 27-ноябрда COVID-19 боюнча координациялык кеңеште чыгып сөз сүйлөдү.
- Натыйжалуу маалымдоосу үчүн өкмөт алгач ММКлар менен тил табышып, биринчи толкундагы коммуникациялык каталарын эске алып, брифингдерди басма сөз суроолоруна ачык кылып, талдоого маалымат берип, COVID-19-ду алдын алуу жана дарылоосу боюнча калк муктаж болгон маалыматты калыптоосунда ыкчам болушу зарыл, -деп эсептейт Каракулова.
Ал эң биринчиден, журналисттерди аккредитациядан кур калтырышып, алар болуп жаткандар туурасында чыныгы маалымат берүүсү үчүн эркин орун которо албагандыгынан улам жалган маалыматтар март-апрель айларында күч алып кеткендигин эскертти. Ошондой эле ММКлардын коронавирус курмандыктары – ким айыгып, кимиси каза болгондугу туурасында айтып берүүгө мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Так ушул себептен улам калк ишенбей, коркунучтун олуттуулугун баамдабай, оорунун биринчи толкуну катаал келип, көптөгөн өмүрлөр үзүлүп кетти.
«Медиа обочолонуу маалында абдан зыян тартты. Жарнак медиарыногу бул жылы дээрлик 80 пайызга түшүп кетти. Биз негизги жаңылык басылмаларын алар ишин улантып, жабылбашы үчүн колдоп келебиз. Өкмөт медианы пандемиядан кыйла жабыр тарткан индустрия катары таанып, басма сөз үчүн салык жеңилдиктерин бериши керек», – деп ал белгиледи.
«Өкмөттөгү ведомстволор аралык мамилешүүсүнүн жоктугунан дагы маалыматты бурмалоо орун алып жатат», – деп билдирди.
Улуттук маалыматтык «Сакта» кампаниясы калкты ден соолук коопсуздугунун чаралары, иммунитетти бекемдөө маанилүүлүгү, өзгөчө күз-кыш маалындагы эпидемиологиялык кырдаалдын мүмкүндүү начарлоосун эске алгандагы коронавирустан кийинки калыбына келүү туурасында маалымдоосу боюнча иштердин уландысы болуп саналат.
Июль айында КРдагы Интерньюс COVID боюнча Республикалык ыкчам штабы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте короновирусту алдын алуу, анын белгилери жана адам ооруп калганда эмне кылышы керектиги туурасында бир катар маалыматтык материалдарды чыгарган. Ошондой эле КМДБнын катышуусунда пандемия шартында өлүктү көмүү эрежелери жөнүндө роликтер чыгарылган. Бардык маалыматтык материалдар жеке жана мамлекеттик телеканалдарда жайгаштырылып, онлайн-басылмаларда жарыяланган.
Бул жылдын март айынан тартып Интерньюс «МедиаБлокПост» долбоору аркылуу жалган маалыматтын таралышын алдын алууга көмөктөшүп, пандемия маалында окуяларды кыйла активдүү чагылдырган негизги көз карандысыз МККлар басылмаларын колдоп келет.
#ЖашаДемал #ДышиКыргызстан экинчи кампаниясы Интерньюс тарабынан Кыргызстандагы USAID жана Abt менен биргеликте бир нече жума мурун жүргүзүлгөн. Анын алкагында камтылбаган бош аудиториялар арасында социалдык жүрүм-турумду алмаштырууга багытталган 70 медиа продуктулары пландаштырылды.
Кампаниянын багыттуу билдирүүсүн иштеп чыгууда калкка берилип жаткан көп сандагы кабарлар, анын ичинде «Сакта» кампаниясы да эске алынды.
#ЖашаДемал кампаниясынын алкагында Интерньюс бир катар медиапродуктуларын:
- жаштар үчүн онлайн-кампанияны;
- аймактар үчүн кыргыз тилиндеги алып барууну;
- “Пандемия мууну” сериалын, жаңы маанидеги бир катар маалыматтык роликтерди;
- балдар алып барууларын, дата-материалдарды жүргүзүп,
мындан тышкары «МедиаБлокПост» фактчекерлери менен иш алып баруусун улантмакчы.