Медиа Полиси Институту: Маданият министрлиги “Азаттыкты” мыйзамсыз бөгөттөп койду
Медиа Полиси Институтунун юристтери “Азаттык медиага” бийликтин аракеттери боюнча түшүндүрмө беришти.
26-октябрда КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги эл арасында “фейктер тууралуу мыйзам” деген атта белгилүү жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзамга шылтап azattyk.org сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарды.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, буга “Настоящее время” булагында («Азаттык Медиага» караштуу) жайгаштырылган «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар | АЗИЯ» («Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана | АЗИЯ») деген видеоматериал себепчи болгон.
“Бул чара өлкөнүн маалыматтык талаасындагы анык эмес, КРдин улуттук кызыкчылыктарына каршы келген материалдарга жооп иретинде болду (2022-жылдын 14-17-сентябрларындагы окуялар тууралуу анык эмес маалыматтар)”.
“Материалда кастык маанайдагы сөздөр колдонулуп, кыргыз тарап Тажикстанга кол салган имиш деген такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу абалды курчуткан жана жек көрүүнү, басмырлоону жана бөлүнүүнү жараткан маалыматтар болгон”, - деп билдиришти мекемеде.
Анык эмес маалымат деген эмне?
Фейктер тууралуу мыйзамда анын так аныктамасы бар: “анык эмес (жалган) маалымат – Интернет тармагында же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган, чындыкка туура келбеген башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат”.
Анда бул жерде “кастык маанайдагы тилдин, басмырлоонун жана улуттук кызыкчылыктын” кандай тиешеси бар?
Эч кандай. Фейктер тууралуу мыйзам “башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген” анык эмес маалымат менен гана күрөшөт. А бул жерде андай адам жок.
Фейктер тууралуу мыйзамда “КРдин улуттук кызыкчылыктарына каршы келүү”, “кастык тил”, “абалды курчтуу”, “жек көрүү”, “басмырлоо” деген түшүнүктөр да жок.
“Аталган учурда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдонууга негиз жок”, – дейт Медиа Полиси Институтунун юристи Акмат Алагушев. – Бул мыйзам адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген анык эмес маалыматты гана жөнгө салат”.
Эгер репортажда басмырлоонун кайсы бир элементтери бар болсо укук коргоо органдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) кылмыш ишин козгоп, расмий экспертизаны жүргүзө алат. Бирок сайтты жаба алышпайт.
Арызданган тарап болду беле?
Маданият министрлиги анык эмес маалыматты алып салууну талап кылып, кийин сайт макул болбосо аны бөгөттөп салыш үчүн материалга арызданган тарап (физикалык же юридикалык жак) сөзсүз болушу керек.
“Азаттык Медианын” Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева билдиргендей, арызданган тарап болгон эмес.
Демек, Маданият министрлиги өзү “Азаттыкка” репортажды алып салуу талабы менен кайрылган, кийин терс жоопту уккан соң, сайтты бөгөттөп салган.
Жыйынтыктай турган болсок, юристтердин билдирүүлөрүндө Фейктер тууралуу мыйзамдын алкагында бул материалды караштыруу мүмкүн эмес. Ошондой эле бул мыйзамды колдонууда процессуалдык бузуулар болгон. Демек "Азаттык Медианы" бөгөттөөнүн мыйзамдуулугу чоң суроолорду жаратат.
Семетей Аманбеков.