Коомдук телерадиокорпорация (КТРК) Улуттук болуп өзгөртүлдү

“Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу Токтом порталында жарыяланды.

Мыйзам парламент тарабынан апрель айында кабыл алынып, анда Коомдук телерадиокорпорацияны Улуттук (УТРК) деп өзгөртүү гана эмес, телеканалдын саясатын башкаруучу жамааттык орган болгон Байкоочу кеңешти жоюу да каралган. Байкоочу  Кеңеш  башкы директорду конкурстук негизде тандап келген.

Мындан ары корпорацияны башкы директор жетектейт, ал кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат  жана  бошотулат.

Башкы директордун үч орун басары болот, аларды башкы директор өзү кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Корпорация өзгөчө мамлекеттик мекеме статусуна ээ болот.

Бул мыйзам каралып жаткан кезде медиаэксперттер, демократиялык принциптерге жооп бербейт  деген негиз менен авторлорго,  документти кайра  чакыртып алууну сунушташкан.

 

Документтин толук тексти бул шилтемеде.

 

Ошол эле учурда мыйзамда «Телерадиоберүүлөрдү чыгарууда  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын чектөөлөрүндө каралгандан башка учурларда  эркин, өз алдынча жана эч кандай чектөөсүз ишке ашырылаары жана цензура киргизүүгө жана  цензуралык функциялары бар структураларды түзүүгө жол берилбейт»,-деп белгиленген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

ЖМКлардагы маалыматтардан.
Бөлүшүү