Акыркы жылдары Кыргызстанда подкаст медиа форматы ыкчам өнүгүп, маанилүү социалдык маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп калды. Аялдардын образын жана ролун кайрадан карап чыгууда дагы маанилүү куралга айланууда.
Подкасттар эркин форматта жана убактысы жагынан дагы кенен болгондуктан көбүнчө көмүскөдө калган темалар боюнча чынчыл жана терең баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. Конок айымдар сексуалдык ыдык, зомбулук, кесиптик өнүгүүгө тоскоолдук, коомдун басымы жана алардын жашоого тийгизген таасири жөнүндө ачык айтышат.
Жеке трагедиядан коомдук талкууга
Салттуу медиада гендердик зомбулук темасы чагылдырылып келгени менен, адатта каармандын аты-жөнү, жүзү жашырылып, анонимдүү түрдө берилет. Ал эми подкасттарда элге таанылып калган айрым конок айымдар зомбулукка кабылганын ачык айтып, анын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу баяндап беришет.
“Lights Podcast” подкастында мурдагы журналист, блогер Азиза Бердибаева өспүрүм кезинде сексуалдык зомбулукка кабылганын ачыктаган. Ал өзүнүн тажрыйбасынын негизинде бул көйгөйгө коомдун кайдыгер мамиле жасарын, тескерисинче жабырлануучу кыз-келиндерди күнөөлөп коюшарын, ошол себептүү зомбулукка кабылгандар эч кимге кайрылбай, бардык кайгысын, санаасын жалгыз жашарын айткан.
Азиза кийин бул подкасттан соң бул иш боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген.
Подкасттын дагы бир коногу ишкер айым Алина Абударвиш менен үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү талкууланып, ал аман калуу үчүн балдарын таштап кетүүгө мажбур болгонун баяндап берген.
Социалдык тармактарда сынга, заманбап тил менен айтканда хейтке көп кабылган Малика Алымбаева аттуу блогер сексуалдык ыдык маселесин көтөрүп, өзү дагы коомдук транспортто жана жумуш ордунда ыдыкка кабылганын айткан. Кийин сексуалдык зомбулукту башынан өткөргөнүн дагы ачыктаган.
Мындан тышкары, Малика вебкам индустриясы жана ал жакка кыздар кандай себептерден улам келерин жана аларга карата жасалган шантаж, анын кесепеттери тууралуу өзү күбө болгон мисалдардын негизинде айтып берген.
Малика кыз-келиндерге кайрылып, коопсуздук чараларын көрүп, дайыма сак болууга чакырган.
Коомдун кыз-келиндерге жасаган басымы тууралуу
Подкасттарда коомдун аялдарга жасаган басымы, үй-бүлөнүн кыз-келиндерге арткан үмүт, тилектери, кесиптик жактан чектөөлөр тууралуу ачык баарлашуулар болот. Алып баруучулар жана коноктор бизнесте, активизмде, кинодо аялдар кандай тоскоолдуктарга кабылышарын жана аны кантип жеңип келе жатышканын баяндашат.
Татаал нерселерди жөнөкөй тилде жана юмор менен айтууну көздөгөн “Айтчы” подкастында актриса жана блогер Океана Урматбек турмушка чыгуу, кийин балалуу болуу чечимин коомдун басымы алдында кабыл алганын моюндайт:
“Кыз киши качан эле жигити менен чет өлкөгө чыкчу эле” деген кептерден улам үй-бүлөбүз бизди үйлөндүрүп коюуну чечти”.
Океана турмушка чыккандан кийин аялга бала темасына байланыштуу дагы көп басым болорун айтат. Ал бул подкастта өзү ЭКО жолу менен төрөлгөнүн ачыктап, буга байланыштуу мифтерди жокко чыгарган.
Алып баруучу Айжан Аденова коом кыз кишини ар дайым эле инсан катары кабылдабайт деген пикирин айтып, өзү дагы биринчи жолу турмушка чыкканда ушундай мамилеге туш болгонун баяндайт:
“Аял биринчи кезекте төрөшү керек, башкаларды тейлеши керек, анын кыялдары болбойт” деген нерсе мени абдан таң калтырган. Ошол убакта жашоом токтоп калчудай, канаттарымды кыркып атышкандай сезилген”.
Андан ары алып баруучу ажырашкан аялдарга карата жасалган жектөө жана басмырлоо тууралуу кеп кылат.
Океана подкастта ички мизогиния маселесин көтөрүп, социалдык тармакта ага эң көп аялдар жагымсыз сөздөрдү жазып, сырткы келбетине асылышарын айткан. Ал аялдарды бири-бирин колдоого, жек көрүүнүн чырмагын үзүүгө чакырат.
Подкастта кино чөйрөсүндөгү аялдардын көйгөйлөрү тууралуу дагы сөз болот. Океана турмушка чыккан соң дароо сунуштар түшпөй калганын айтат. Режиссерлор мунун себебин актрисанын үй-бүлөлүк статусу алмашканы менен түшүндүрүшкөн.
“Сага эмне гормоналдык кубаттоо жетпей жатабы?”
Киноиндустриясындагы айымдар жана алардын ишмердүүлүгү “Айымдар кино тартат” подкастында кеңири талкууланат. Кино тармагынан алыс угармандар бул подкасттан кыргыз киносундагы айымдар тууралуу кызыктуу жана таң калтырарлык маалыматтарды ала алышат.
Мисалы, подкастта кыргыз киносундагы биринчи кесипкөй режиссер Фатима Мамыралиева болгону айтылат.
Кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова СССР маалында режиссерлукка жана сценаристке окуган кыргыз кыздары убагында чоң стереотипти жокко чыгарышканын белгилейт. Анын айтымында, ал кезде сулуу кыздардын баары актрисалыкка окуйт деген стереотип болгон. Ага карабай режиссер Динара Асанова, сценарист Мария Урматова олуттуу факультеттерди тандашканын айтат.
“Айымдар кино тартат” подкастынын дээрлик бардык чыгарылышында режиссер Динара Асанованын чыгармачылыгы тууралуу сөз болот. Коноктордун көбү Динара Асановага Кыргызстанда иштегенге мүмкүнчүлүк беришпегенин, мекенинде бааланбагынын айтышат.

Режиссер Далмира Тилепберген Асанова эркек режиссерлордун тоготпос мамилесинен улам Кыргызстандан кетүүгө мажбур болгон деп эсептейт. Ал өзү кино тармагына эгемендүүлүк алгандан кийин келсе дагы мурдагыдай эле муздак мамилеге кабылганын айтат:
“Алар [эркек режиссерлор] тараптан муздак мамилеге кабылдым. “Сен тигүүчү болушуң керек”, “Аялдар биякта эмне кылып жүрөт?”, “Күйөөгө тий”, “Сага эмне гормоналдык кубаттоо жетпей жатабы?” деген сөздөр болду”, – деп эскерет ал.
Мындан улам таланттуу, мыкты идеясы бар айым режиссерлор кино тармагынан кетип калышканын айтат:
“Бул жерде аялдардын эмгегин кунсуздандыруу бар деп айтсак болот. Айым режиссерлордун идеясы төмөнүрөөк, ойлонгондору, сезимдери киного жарабайт деген ой бар”.
Мындан тышкары, бул чыгарылышта кино жаатындагы сынактарда калыстар тобунун курамында гендердик баланс сакталбаганы, эркектер менен аялдардын сый-акысындагы айырмачылык тууралуу сөз болот.
“Искусстводогу аялдардын образын өзгөртүү керек”
“Айымдар кино тартат” подкастында кыргыз тасмаларындагы айымдардын образы тууралуу дагы талкуулар болгон. Сценарист Гүлжан Токтогул кыргыз тасмаларында аялдар трофей, же үйдө отурган, же жардам сураган образда берилерин айтат. Гүлжан кино тармагына кинодогу аял каармандардын образдарын өзгөртүү үчүн келгенин белгилеп өткөн.
“I’m Art” подкастында жалпы эле искусстводогу аялдардын образы талкууланат. Аталган подкастта сүрөтчү Елена Чайковская “Axis Mundi” эмгеги тууралуу баяндайт.
Анда аял жашоонун огу (ось) катары берилген. Автор картинада өзү тууралуу баяндаганын айтат.
“Мен үй-бүлөдө негизги кыймылдаткыч болуп калдым. Бардыгы менин тегерегимде айланат. Мен бардыгына көз салып, багыт берип турушум керек. Аялдардын дээрлик бардыгы мага окшоп айланып-тегеренип турушат, алар баарына жетишиши керек: жакшы аял, жакшы эне болууга, кесипте өзүн реализация кылууга, өзүнүн жашоосун жашоого. Ошол эле маалда коом ага эмне кылышы керек экенин дайыма айтып турат. Эгер ролдорунун бирин начар аткарып жатса, айыптоо, негатив жаайт. Бир жагынан алганда сен баарынын борборусуң, ошол эле маалда коомдун дыкат көзөмөлүндөсүң”, – деп чечмелейт ал картинасын.

Подкастта иллюстрация менен алектенген аялдар көбөйүп жатканы, анын артынан иллюстрациялардагы, балдар китептериндеги кыз-келиндердин образы, сюжеттер өзгөрүп жатканы айтылат. Алып баруучулар менен конок балдар китептериндеги кыздардын образы кырсыкка кабылып, куткаруучу күтүп отурган канбийкеден өзүнүн тагдырын өзү чечкен башкы каарманга алмашып жатканын белгилешет.
Мындан тышкары, бул подкастта аялдардын өзүн өзү идентификациялоосу тууралуу сөз болот. Сүрөтчү Наргиз Чыналиева үй кожойкеси болуу дагы чоң талант экенин белгилеп, күнүмдүк турмуштагы эмгектердин баасын кайрадан карап чыгууга чакырат. Ал үй тиричилигине сырттан жардам алуу, жумуштарды атайын кызматтарга (клининг, ашпоз) тапшыруу нормалдуу нерсе экенин, бул аялга ресурс топтоого жана өзүн таанууга жардам берерин айтат.
Энелик жана карьера
Айымдар конок болгон подкасттардын көбүндө карьера менен үй-бүлөнү, энелик ролду чогуу алып кетүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу сөз болот. Коноктордун дээрлик бардыгы бул ролдордун баарын айкалыштырып кетүү кыйын экенин ачык айтышкан.
Ишкер айым Галина Горноженко “Lights Podcast’та” көп иштеген аялды коом “сен жаман апасың” деп айыпташарын айтат.
“Айтчы” подкастында эл аралык рекрутер Наргиза Абдубалиева аялдын баласы менен дайыма бирге боло албашы нормалдуу нерсе деген пикирин билдирген.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Жыйынтыктап айтсак, подкасттар гендердик теңсиздик, зомбулук, коомдун басымы, гендердик стереотиптер жана экономикалык чектөөлөр жөнүндө талкууларды жүргүзөт.
Жөн гана көйгөйдү көтөрүп койбостон, коноктор менен бирге кандайдыр бир чечимдерди издейт.
Ошондой эле, подкасттар бизнес, маалыматтык технологиялар, искусство ж.б. тармактарда ийгилик жаратып жүргөн аялдарды коомчулукка таанытып, аларды жаш муунга үлгү катары көрсөтөт. Муну менен аялдардын лидерлигин алдыга сүрөйт.
Теманы улай
Кыргызстандагы Интерньюстун медиасын жанрын өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында “Медиакыздар” аттуу подкаст колдоого алынган, анын автору жана алып баруучусу – медиасынчы Тынымгүл Эшиева. Кесиптешибиз кыргыз журналистикасында иштеп, бул тармакты алдыга сүрөп келе жаткан айымдар менен талкуу жүргүзөт.
Анда айым журналисттер кандай кыйынчылыктарга кабылары, аларга карабай кантип ийгиликтерди жаратып келатканы тууралуу баарлашуулар болот. Подкаст “Суусамыр ФМ” сыяктуу жергиликтүү медиаларда иштеген кыздардын, АКШга чейин жетип, эл аралык карьера куруп жаткан журналист айымдардын ишмердүүлүгүн баяндап берет.
Чынаргүл Жумабекова, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа–К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.