Борбор Азиядан 10 команда StoryCraft2023 лабораториясына катышат

Жалпысынан сынакка 28 билдирме келип түштү, жюри алардын ичинен сегиз жеңүүчү-долбоорду жана эки резервдик-долбоорду тандады. Алардын бардыгы 2023-жылдын январында Алматыда өтө турган StoryCraft2023 аймактык инновациялар лабораториясына катышышат. 

 

Бул сынакты Internews’тун башка сынактарынан айырмалаган негизги нерсе – команда өлкө аралык болушу керек жана ал сунуштаган долбоордо кеминде эки өлкөдөгү окшош маселе каралышы зарыл. Төрт күн аралыгында лабораториянын катышуучулары эл аралык жана жергиликтүү тренерлердин көмөгү менен долбоорлорун жакшыртып иштеп чыгышат.

Кийин атайын чакырылган продюсерлердин жардамы менен долбоорлорун ишке ашыра башташат. Алардын долбоорлору жергиликтүү калкка өлкөдө, чөлкөмдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жакшы түшүнүүгө, бул процесстердин ар бир адамга жана жалпысынан коомго кандай таасир этерин аныктаганга жардам бериши керек.

 

Жеңүүчү-командалардын тизмеги:

  1. «Байконур Эко Мониторинг» коомдук фондусу (Казакстан — Кыргызстан — Өзбекстан) “Бейтарап көз караш” долбоорунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундарынын жашоосуна пропаганданын таасири тууралуу даректүү тасма жана материалдардын түрмөгүн даярдайт.
  2. «Т-Медиа групп» телерадиокомпаниясы (Кыргызстан — Өзбекстан) жыйынтыгында инстасериалды түзө турган коомдук тармактардагы видеоподкасттардын, фотосүрөттөрдүн жана материалдардын сериясын жаратат.
  3. Айнур Коскина ЖИ (Казакстан — Өзбекстан) «Крым кербени» долбоору менен — орусиялык аскердик күчтөрдүн Украинадагы аскердик аракеттерине байланыштуу Орусияда жарыяланган жарым-жартылай мобилизациядан кийин Крымдан качкан крым татарлары тууралуу даректүү тасма даярдалат.
  4. “Билим берүүчү демилгелерге колдоо көрсөтүү” коомдук фондусу (Кыргызстан — Казакстан — Өзбекстан) COMICS.ASIA долбоорунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундарына маанилүү болгон социалдык темалар боюнча кыска онлайн-комикстердин сериясын даярдайт.
  5. «Семипалатинск шаардык жаш журналисттер ассоциациясы» коомдук бирикмеси (Казакстан — Кыргызстан — Тажикстан — Өзбекстан) «Жиптер» долбоору үчүн аймактагы маселелердин себептерин жана кесепеттерин аныктаганга жардам бере турган комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзөт. Изилдөө боюнча ар бир материал лонгрид форматында болуп, дата-журналистикага басым кылынат.
  6. «Расонанигор» коомдук бирикмеси (Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан) «“Кошуналарда” конокто» долбоору үчүн үч өлкө чектешкен аймактардагы улут аралык үй бүлөлөр темасын изилдеп, мультимедиалык материалдарды даярдайт.
  7. «Имкон» коомдук бирикмеси (Казакстан — Кыргызстан — Тажикстан — Өзбекстан) «Борбор Азия + Борбор Азия» долбоорунун алкагында Борбор Азия чөлкөмүндөгү конфликттердин санынын өсүшүн эксперттер менен талкуулаган интерактивдүү даректүү тасма тартат.
  8. «МедиаСторис» ЖЧК (Кыргызстан — Казакстан) Bunker Project долбоору боюнча телесыналгы аркылуу гана жаңылыктар менен таанышкан аялдар тууралуу кыскаметраждуу тасма тартат. Көрүүчүлөр каармандар менен биргеликте фейктерди жана көзжазгырууну аныктай билүүнүн зарылдыгын түшүнүшөт.

Резервдик-командалардын тизмеги:

  1. «Дааназат ордо» ЖЧК, (Кыргызстан — Өзбекстан), «Чек арадагы кошуналар» долбоору, Өзбекстандын Фергана облусунда жана Кыргызстандын Баткен облусунда жашаган этникалык кыргыздар жана өзбектер тууралуу мультимедиалык сюжеттер даярдалат.
  2. «КОМУНИТИПЛЮС» маданий, социалдык жана билим берүү өнүгүүсүнүн фонду» коомдук фондусу(Казакстан — Тажикстан — Өзбекстан) «Тогуз» долбоору боюнча даректүү тасма форматында заманбап жаштардын бир-бирине окшош эмес тогуз портретин даярдайт.

Лаборатория аяктагандан кийин жеңүүчү-командалар долбоорлорун ишке ашырыш үчүн 20 000 евродон грант алышат. Алардын бардыгы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү медиакеректөө боюнча чөлкөмдүк изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарына таянып, билдирмелерин оңдоп-түзөп чыгышы керек болот. Эгер жеңүүчү команда кайсы бир себептерден муну жасай албаса, каржылык колдоо резервдик тизмектеги команданын бирине көрсөтүлөт. 

 

StoryCraft2023 аймактык инновациялар лабораториясы Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” (REVIVE) аймактык долбоордун алкагында өткөрүлөт.

 

Бөлүшүү