STORYCRAFT2023: Аймактык инновациялар лабораториясына катышуу үчүн идеялар сынагы
STORYCRAFT2023 боюнча маанилүү билдирүү!
Бизге жиберилген айрым билдирмелер бизге жетпей калды. Текшерүү көрсөткөндөй, техникалык маселелерге байланыштуу бизге жиберилген каттардын баардыгы бизге жетпептир. Ушуга байланыштуу STORYCRAFT2023 аймактык лабораторияга катышуу боюнча билдирмелерди кабыл алууну 10-ноябрь саат 23:59га чейин узарттык.
Сураныч:
- Билдирмени [email protected] негизги дарегине жиберип жатып, копиясына [email protected] дарегин да жазыңыздар.
Бизге эки катыңар келип, алардын бирине өзгөртүүлөрдү киргизген болсоңуздар, кийин биз чаташып калбагандай болуш үчүн, сураныч, кат жиберип жатып ал финалдык билдирме экенин белгилеп койсоңуздар.
- Бир сутканын ичинде катыңызды алганыбызды билдирген кат жөнөтөбүз.
- Эгер сиз кат жөнөтүп, бирок анын алынгандыгы тууралуу тастыктоочу кат келбесе, [email protected] дарегине кат жазыңыздар, биз баарын текшерип чыгабыз.
Дедлайн узартылгандыктан, сиздерде билдирмеңиздерди дагы бир карап, оңдоп чыкканга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми мурда билдирмени жибергенге жетишпей калгандарга билдирмени жиберүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.
#REVIVE_CA командасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Internews Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы контент өндүрүүчүлөр арасында өлкөлөр аралык долбоорлорго идеялардын ачык сынагын жарыялайт.
Сынактын жыйынтыгы боюнча сегиз эң кызыктуу, креативдүү жана актуалдуу долбоор тандалып, авторлордун командалары төрт күндүк StoryCraft2023 инновациялык лабораториясына катышууга чакырылат. Менторлордун жана уюштуруучулардын колдоосу менен командаларда долбоорлорун толуктап, жакшыртып, аны ишке ашыруу үчүн 20 миң еврого чейинки грантты утуп алууга мүмкүнчүлүк болот.
Субгранттар идеяны ишке ашырыш үчүн берилет, алар персоналдын чыгымдарын, операциялык чыгымдарды, программалык камсыздоо жана жабдуулар, өлкө боюнча иш сапарлар, контентти даярдоо боюнча чыгымдарды жабууга жумшалат. Баардык иш аракеттер, иштин жыйынтыктары жана отчет боюнча талаптар субгрант боюнча келишимде каралат.
REVIVE деген эмне?
2022-жылдын 1-августунан тарта Борбор Азияда Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” (REVIVE) аймактык долбоору өз ишин баштады. Ал Борбор Азиянын тургундарына жалган маалыматтарга туруштук бергенге жана тең салмактуу чечимдерди кабыл алганга мүмкүндүк берген таза маалыматтык чөйрөнү калыптандырууга багытталган.
Эки көрсөткүчкө басым кылынат:
1). Журналисттер жана контент өндүрүүчүлөр сапаттуу контентти коопсуз өндүрүү жана жайылтуу, биргелешкен өлкөлөр аралык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтишет.
2). Активдүү жарандар жана жаштар медиачөйрөдөгү сабаттуулугун жогорулатып, сапаттуу маалыматтар менен иштешет.
Долбоордун алкагында өндүрүлгөн контент Борбор Азиянын тургундары үчүн саясий, экономикалык, социалдык, коопсуздук, билим берүү жана маданият маселелери боюнча жогорку сапаттагы контентке жетүү мүмкүндүгүн жакшыртып, маалыматты керектөө боюнча талдоолорго жана өлкөдө, аймакта, дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу жашоо образын өзгөртүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Бул программанын максаты – Борбордук Азиядагы аудиторияларга ойлондура турган сапаттуу контенттин негизинде тең салмактуу чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген биргелешкен инновациялык чечимдерге көмөктөшүү. Программа Борбордук Азиядагы аудитория үчүн жогорку сапаттагы, фактыларга негизделген аймактык контентти өндүрүүгө алып келет.
Кандай долбоорлорду күтөбүз?
Биз өлкөлөр аралык актуалдуу жогорку сапаттагы контентти өндүрүүгө багытталган билдирмелерди күтөбүз. Даярдалган контент аудиторияга төмөнкүлөр боюнча жардам бериши керек:
- Борбордук Азияда жана дүйнөдө болуп жаткан/болгон окуялар тууралуу анык маалыматтарга жеткиликтүү болуу;
- бул окуялардын жалпысынан аймакка жана өз алдынча ар бир өлкөгө кандай таасир бериши мүмкүндүгү тууралуу кенен түшүнүк алуу;
- контентте көтөрүлгөн тема боюнча сынчыл көз карашты бекемдөө;
- ишенимдүү булактардын так, анык маалыматтарына таянуу менен жашоодо туура чечимдерди кабыл алуу.
Команда:
Биз командалардан гана билдирмелерди кабыл алабыз. Бир канча талаптарыбыз бар.
Биринчиден, команда өлкөлөр аралык болушу керек, б.а. Борбордук Азиядагы ар башка өлкөдө (Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда) жашаган кесипкөйлөрдү бириктириши керек. Командада кеминде эки өлкөнүн өкүлү болушу шарт.
Экинчиден, команда биригип, инновациалуу медиадолбоордун үстүндө чогуу иштөөгө даяр болгон ЖМКнын, медианын өкүлдөрү, инфлюенсерлер сыяктуу ар башка чөйрөдөгү кесипкөй адистерден турушу керек.
StoryCraft2023кө бир командадан бештен ашпаган киши гана катыша алат, бирок командадагы адамдардын саны боюнча бизде чектөөлөр жок: ал силердин идеяңарга жана чогуу иштешүү ыкмаңарга жараша болот. Бир адам бир канча функцияларды аткарышы мүмкүн. Бирок ар бир командада төмөнкүлөр сөзсүз болот деп күтөбүз:
- команданын лидери — долбоор боюнча акыркы чечимдерди кабыл ала турган адам;
- продюсер — контентти даярдоого жана таркатууга жоопкер адам;
- сүрөтчү/иллюстратор/дизайнер — долбоордун визуалдык жагына жоопкер адам;
- долбоорду ийгиликтүү ишке ашырыш үчүн керек болгон башка адистер.
МААНИЛҮҮ! StoryCraft2023кө команда долбоордун даяр прототиби менен келиши керек! Лабораториянын төрт күнү – менторлордун колдоосу жана уюштуруучулардын жардамы менен долбоорду жакшыртууга арналат.
Долбоорлор төмөнкү жанрларда/форматтарда берилиши мүмкүн:
Internews ар кыл жанрлардагы/формалардагы/форматтагы өлкөлөр аралык долбоорлорду кабыл алганга кызыкдар. Силер аналитиканы, билим берүүчү-көңүл ачуучу жана агартуучу форматтарды, түшүндүрмөлөрдү, сатираны, көркөм контентти (клиптер, социалдык роликтер, кыска метраждуу тасмалар), сторителлингди, даректүү тасмаларды, интервьюларды, ток-шоуларды жана башка көптөгөн нерселерди сунуштай аласыңар.
Тандоо этаптары:
- Өлкөлөр аралык команданы түзүү, идеяны талкуулоо жана долбоорду аныктоо.
- Internews’тун кошумча сессияларына катышуу, анда биз долбоорубуз тууралуу жана силердин долбооруңардан күткөндөрүбүз тууралуу кенен маалымат беребиз, ошондой эле билдирмени жана бюджетти толтуруу боюнча кеңештерибизди ала аласыңар.
- 2022-жылдын 10-ноябрына чейин командалык билдирмени жана бюджети тапшыруу. Көңүл бура турган жагдай: бул сынакта питчинг каралган эмес, ошондуктан билдирмеге үч мүнөткө чейинки видеовизитканы тиркегенди унутпагыла, анда силер долбооруңар тууралуу маалыматты сунуштай аласыңар.
Толтурулган арыздарды жана видео визиткаларды [email protected] электрондук дарегине "STORYCRAFT2023" темасы менен жөнөтүү керек.
- Эки этаптан турган тандоодон өтүү: биринчи этапта жюри билдирменин долбоордун максаттарына туура келишин карайт, финалдык этапта жюри лабораторияга катыштырыш үчүн мыкты долбоорлорду тандайт. Жалпысынан жюри жеңүүчү сегиз команданы жана резервге эки команданы тандашы керек болот. Бардык 10 команда StoryCraft2023кө катышат.
- Көңүл бургула: Internews 2022-жылдын ноябрында Борбор Азиядагы медиакеректөө боюнча аймактык изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктарын алат. Тандалып алынган командалар эксперттердин айткандарын жана ушул изилдөөнүн жыйынтыктарын эске алып өз билдирмелерин кайра иштеп чыгышы керек болот. Эгер команда кайсы бир себептен улам долбоорун өзгөртө албаса, ал лабораторияга катышуудан четтетилиши ыктымал. Мындай учурда анын ордун резервдик тизмектеги башка команда ээлейт.
- Лабораториянын эксперттеринин жана менторлорунун билим берүүчү жолугушууларына катышуу, алар идеяны иштеп чыгууда жардам бере алышат. Эксперттик сессиялар учурунда карала турган темалар – фактчек, маалыматтарды визуалдаштыруу, мультимедиалык форматтар ж.б.д.у.с.
- Internews’тун тапшырыгы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн презентациясына катышуу жана анын жыйынтыктарын эске алуу менен долбоорду кайра караштырып, толуктап чыгууга даяр болуу. Көңүл бургула: ушул этаптан кийин команданын курамын өзгөртүүгө болбой калат.
- Кайра иштелип чыккан долбоордун прототибин сунуштоо.
- Төрт күндүк StoryCraft2023 лабораториясына катышуу, ал болжолдуу түрдө 2023-жылдын январында өтөт. Долбоорду жакшыртып иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу үчүн грант алуу.
- Долбоорду ишке ашыруу, аны жылдыруу жана отчет тапшыруу (жалпысынан долбоордун узактыгы 6 айдан 10 айга чейин болушу керек).
Резервдеги командаларга эмне үчүн катышуусун уланта бериш керек?
StoryCraft2023тө 20 миң евродон 8 грант берүү каралган. Идеяларын кайра карап, тактап чыгып, лабораторияга катышкандан кийин жеңүүчү командалар бул гранттарды алышы керек. Долбоордун үстүндө иштөө учурунда бир же бир нече команда ар түрдүү себептерден мындан ары сынакка катыша албай калышы ыктымал. Мындай учурда алардын ордун резервдеги команда ээлейт. Кандай болгон күндө да, резервдик тизмектеги команданын лабораторияга катышып, долбоорун жакшыртып иштеп чыгууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Кийин бул долбоор менен башка сынактарга катышса болот.
Дагы эмне тууралуу билүү зарыл?
Лабораторияга катышуу толугу менен акысыз. Уюштуруучулар StoryCraft2023 сынагынын негизинде тандалып алынгандардын жатаканада жашоо, жол, тамак-аш чыгымдарын жаап берет.
Катышууга билдирмелерди берген командалар 2022-жылдын 30-ноябрынан кечиктирилбей жооп алышат. Тилекке каршы, билдирмелердин көптүгүнөн Internews’та команданын өтпөй калгандыгын түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк болбойт.
Лаборатория боюнча кошумча суроолорду (мөөнөттөрү, команданы түзүү, этаптардын графиги ж.б.) төмөнкү электрондук почтага [email protected] жибере аласыңар. Биз силердин телефон аркылуу жеке кайрылууларыңарга жооп бере албайбыз, кат түрүндө гана онлайн жооп беребиз.
STORYCRAFT2023: Аймактык инновациялар лабораториясы Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.