Дилбар Алимова: "Бийлик журналисттик иликтөөлөргө өзү кызыкдар болушу керек"

Кыргызстанда иликтөөчү журналисттердин аракети менен ири коррупциялык иштердин бети ачылып, мыйзамсыз жосундар коомчулукка маалым болууда. «ПолитКлиника» медиасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Дилбар Алимова журналисттик иликтөөнүн түйшүгү жана жоопкечилиги, бийликтин реакциясы, коопсуздук маселелери ж.б. жөнүндө айтып берди.

 

 

- Дилбар айым, алгач кагаз гезит чыгарып, басманын оор түйшүгүн көтөрүп жүрдүңөр. Эми элге маалыматты санарип ыкмалар менен жеткирүү жеңил бекен?

 

- Ооба, 2013-жылы биринчи жолу чоң А2 форматта гезит болуп чыкканбыз. Башында фанат болуп, кызыгуу менен чыгарган экенбиз. Гезит чыгаруу оңой эмес иш экен. Бирде чыгарып, бирде токтотуп, баштаган ишти таштабаш керек деп, 2018-жылга чейин чыгардык. Анан интернетке тенденция кетип жатканы байкалды. Гезит чыгаруу пайдасыз болуп калды. Ар апта сайын басмаканага, ай сайын айлыкка, кеңсенин ижарасына акча табуу керек, ошентип чыгымдар көп болуп кетти. Же менин ишмердигимди колдогон бизнесмен же чиновник, демөөрчү болбогондон кийин гезитти тартып кетүү кыйын болду.

2014-жылы АКШнын «Ачык дүйнө» программасынын алкагында Америкага барып келгем. Бул менин жашоомдогу бурулуш жасаган сапарлардын бири болду. Ага чейин гезиттин сайтын ачуу жөнүндө ойлонсок да, анын артыкчылыгын, пайдалуулугун көрө албай жүргөн экенбиз. Гезитти сатып албай коет деген чочулоо болгон эле. Чоң штаттагы журналисттерди кармоого мүмкүнчүлүгүм да жок эле.

Кийин программанын бүтүрүүчүсү катары жылда чакан гранттарга долбоор жазып баштадым. Алгачкыда «Кыргыз журналистикасы мектеби» деген долбоор жаздым. Бишкектеги журналистика факультеттеринин студенттеринен журналистиканын стандарттарын окутуп, практика менен айкалыштырып даярдадык. Эң тыңдарын өзүбүзгө журналист кылып алдык. Башында бекер, анан азыраак айлык алып иштешти. Анан гезиттин сайтын жасадык. Ошол учурларда Интерньюстун «Медиа К» долбоору башталып калды. Бизге окшогон редакцияларга, онлайн медиаларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берген долбоор болду. Гезитте иштеген журналисттерибизди конвергенттүү редакцияга айланта алдык.

Журналисттерибиз мурда текст эле жазып жүрсө, эми видео, фото тартып, онлайн-инструменттерди колдонуп контент жасаганды үйрөнүштү.

Өтө көп окутуулардан өттүк, техникалык базабыз да чыңдалды. 2018-жылдан бери Кыргызстанда өз ордубузду тапкан медиа боло алдык деп айта алам. Азыр туруктуу аудиториябыз бар, күндөн-күнгө өсүп келатат. Командабыз да өстү. Санариптик ыкмалардын мүмкүнчүлүктөрү кенен. Тапкан маалыматыңды азыр эле бербесең, бир сааттан кийин эскирип калышы мүмкүн.

 

- ПолитКлиниканын «иликтөөлөр» деген рубрикасын барактасак, мындан 5-6 жыл мурда «Куран» окутканды үйрөткөн бала бакчалар, эт саткан жерлердеги санитардык абал ж.б. темалар көтөрүлүптүр. Акыркы жылдарда бийликтеги таасирдүү адамдардын, чечим кабыл алган аткаминерлердин жемкорлук иштери жөнүндө көп иликтөөлөр кылыныптыр. Коомубузда мыйзамсыздык  күч алып баратабы, же редакцияда журналисттердин иликтөө дареметтери өстүбү?

 

- Журналисттик иликтөөнү кантип жасап калганыбызга токтолуп кетейин. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу уюмуна (IWPR) биз чакан материалдарды даярдап, кызматташып турчубуз. Алар журналисттик иликтөө жасоо боюнча тренингдерди өткөрүп, ошонун негизинде чакан иликтөөлөрдү даярдап жүрдүк. Алгачкы көтөргөн темаларыбыз Бишкектеги мүрзөлөрдө орундардын сатылышы, Ош базарындагы эт саткан жерлерде санитардык нормалардын сакталбай жаткандыгы боюнча болду. Ал кезде бир катар республикалык конкурстарда жеңип жүрдүк. Иликтөөлөрүбүздүн масштабы да чаканыраак болчу.

Анан кайра эле Интерньюстун «TRACK» долбоорунун алкагында OCCRPнин  журналисттик иликтөөлөр боюнча стандарттарын үйрөндүк. Тренерлер келип окутуп, ментордук колдоо да көрсөтүлүп жатты. Ошол долбоор биздин иликтөөлөрүбүздүн деңгээлин өстүрдү.

Биз күчтүү журналисттик иликтөөчүлөр менен түзмө-түз иштешип, ошолордон үйрөндүк. Фактчекерлерден өтүп, журналисттерибиздин даремети кыйла өстү. Биринчи жылы ал долбоордон ийгиликтүү өттүк, кийинки жылы эки командабыз өттү. Журналисттик иликтөө жасоо марафон сыяктуу да, кыска аралыкка чуркап көрөсүң, анан узагыраакка. Жөнөкөй иликтөөлөрдөн ири коррупциялык, ал тургай башка өлкөлөр менен байланышкан иликтөөлөрүбүздү да жасап жатабыз.

 

- Акыркы кезде көзкарандысыз медиаларга каршы чабуулар көп болуп жатат. Айрыкча иликтөө менен алектенген журналисттерге жана  медиаларга. Силердин редакцияга карата басым, кысым боло элекпи? Кандай  коопсуздук чараларын көрүп жатасыңар?

 

- Көзкарандысыз журналисттерге, активисттерге басым көбөйүп жатканы өтө өкүнүчтүү. Бул нерсе бизди да чоочулатпай койбойт.

Биздин кеңсебизге белгисиз адамдар киргенде биз анын болжолдуу ким экенин көрсөтүп берсек да, укук коргоо органдары буга чара көрбөй койгон.

Милиция деле бизди коргобойт экен деген бүтүмгө келип, коопсуздук чараларыбызды күчөткөнбүз: офисибизди которуп, коопсузураак жайга көчтүк; камераларды орноттук; физикалык коопсуздук боюнча окутуулардан өтүп жүрөбүз. Экинчиден, иликтөөлөрүбүздү туура пландаганга аракет кылабыз.

Туура эмес пландагандан да атайы провокациялык иштерди жасатканга жол берип коюшуң мүмкүн. Биздин жасап жаткан иликтөөлөр эмне жөнүндө экенин эч ким билбейт. Биз ал материалдарды анонс кылбайбыз, даяр болгондо гана чыгарабыз. Иликтөөнүн фигуранттарына да акыркы учурда кайрылып, пикирин алабыз. Аларга өз пикирин айтканга мүмкүнчүлүк берүү да тобокелчиликтердин алдын алат.

 

Быйыл жайда “ПолитКлиника” өзүнүн иликтөөчү мектебин биринчи жолу өткөрдү. Эмне себеп менен жана жыйынтыгы кандай болду? Иликтөөчүлөр мектебинин алгачкы агымын ийгиликтүү жыйынтыктадык. 10дон ашык адамды окуттук. Биз өзүбүзгө дайым кадр даярдап турушубуз керек. Экинчи жагынан, бул биздин продуктыларды монетизациялоо катары кабыл алсак да болот. Анткени курстарга акы төлөп окушту. Бүтүрүүчүлөр журналисттик иликтөөлөрдүн негизги инструменттерин үйрөнүп, кантип пландалат, жасалат, гипотеза кантип түзүлөт, эмнени кайдан издеш керек, фактчектен кантип өткөрүш керек, баарын үйрөнүп чыгышат. Журналисттик иликтөө боюнча көп эле окутуулар орус тилинде жүргүзүлөт. Биздин мектептин өзгөчөлүгү - окутуулар кыргыз тилинде. Ийгиликтүү кейстерди талдоо аркылуу өз тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз.

 

Өкмөт чиновниктердин декларацияларын жана тендерлер жөнүндө маалыматтарды жапкысы келип аракеттерин жасап жатат. Бул ишке ашса журналисттердин иликтөө жүргүзүүсүнө кандай таасир кылат?

 

Демократиялуу коомдо Өкмөттүн, бийликтин жасап жаткан бардык иштери, маалыматтар ачык болушу керек. Канчалык ачык болгон сайын, элге ошончолук жакын болот. Бизде, тескерисинче, маалыматтарды жашырганга аракеттер күчөп жатат. Бул, албетте, иликтөөчүлөрдүн ишин татаалдантат. Экинчи жагынан, коррупцияга андан бетер жол ачат.

 

Биз маалыматтардын ачык болушун талап кылышыбыз керек, ошондо чиновниктер уурдагандан коркушат.

 

Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен интернеттеги көзкарандысыз медиаларга, иликтөөчү журналисттерге, эркин пикир айткан жарандык активисттерге таасир өткөрүү аракеттери болуп жатат. Бейөмкөт уюмдарды «чет элдик агент» деп таанууну сүрөмөлөгөн топтор да бар. Журналисттик иликтөөлөрдү жасоого бул жагдайлар канчалык таасир эте алат?

 

Президенттик администрация ЖМК мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатыптыр. Эгер ал өзгөртүүлөр кирсе, эркин медиалардын ишине кысым жасай турган күчтүү рычагдар болуп калат экен. Алар “сайттарды ЖМКнын катарына кошобуз, мурдагы мыйзам эскирген” деген жүйөлөрдү келтирип жатат. Жүйөлөр суу кечпейт. Бул мыйзам ишке кирсе, иштеп жаткан  бардык ЖМКлар, сайттар кайрадан каттоодон өтүшү, кайсы багыттарда иштөөнү тандап көрсөтүшү зарыл экен. Эгер сен тандап албаган багытта болсо, иштей албайт экенсиң. Мунун баарын Юстиция министрлиги жана прокуратура көзөмөлдөйт экен. Мындайда бийликке жакпаган медиаларды каттоодон өткөрбөй коюуга, кайра лицензиясын алып койгонго жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп калат экен. Бул, албетте, коркунучтуу, өтө жаман аракет десек болот. Ал эми “чет элдик агент” деген мыйзам долбоорун алдыга сүрмөлөгөн топтордун кимдер экенин аныктап чыкканбыз. Бул мыйзам долбоорунун авторлору Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова. Мыйзам долбоору толугу менен Орусиянын ушундай аталыштагы мыйзамынан көчүрүлүп алынган. Тилекке каршы көп эле мыйзам долбоорлору антидемократиялык мыйзам долбоорлор болуп саналат, дээрлик баары эле Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынган. Ушуга байланышкан кызыктуу фактыны жакында ачып чыктык. Орусиянын мыйзамдарын лобби кылган депутат Надира Нарматова өзүнүн менчик имаратын Орусиянын Оштогу консулдугуна ижарага бергенин аныктап чыктык. Бул дагы туура эмес: мында кызыкчылыктар кагылышы да бар; экинчи жагынан, кандайдыр мыйзамдарды алдыга жылдыруу боюнча Нарматованы Орусиянын элчилиги пайдаланып жатабы деген шектенүүлөр жаралбай койбойт экен.

 

Кыргыздарда тууганчылык байланыштар абдан бышык болот жана бааланат эмеспи. Журналисттик иликтөөлөрдө башкы фигурант болгон тараптар ортого тааныш-туугандарды салып, иликтөөнү токтотууга, сайттан алдырып таштоого аракеттер болдубу?

 

Биз ар бир иликтөөбүздө фактылардын баарын топтоп, материал даяр болуп калганда, бир жума мурда, иликтөөнүн фигуранттарынын өзүнө да кайрылабыз. Алар жөнүндө материал даярдалып жатканын билишет да, дароо эле тааныштарды салып, жөнөтө башташат. Ар бир жасаган иликтөөлөрүбүздө ошондой болот.

“Материалды чыгарбай эле койбойсуңарбы” деп суранышат. Чыгарбай коюга акча сунуштаган учурлар көп болду, мага кызмат сунуштагандар да болду.

 

Бирок биз алардан баш тартабыз, андай сүйлөшүүлөргө барбайбыз. Анткени биз өз жоопкерчилигибизди жакшы түшүнөбүз. Кандай иш жасап жатканыбызды жакшы билебиз. Таарынгандар болот. Бирок баары бир биздин жасаган ишибиз андан маанилүү деп ойлойм.

 

Балалыгыңыз Баткенде өткөнүн уккан элем. Учурдагы Баткен жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Ооба, мен Баткендин кызымын, Баткенде төрөлүп-өскөм. Акыркы кездеги Тажикстан тарабынан куралдуу агрессия жөнүндө айтып жатсаңыз керек. Бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле, анын ичинде өзүмдүн кичи мекеним болгон үчүн мага өтө оор тийген окуялар болуп жатты. Мындай учурда нейтралдуулукту кармаш дагы өтө кыйын болот экен. Мен мектепке барып келген жолдорго снаряддар түшүп жатты, эмоциналдык жактан мага өтө оор болуп жатты. Биз маалымат жагынан жардам бере алат экенбиз деп, ар бир чыккан маалыматтарды текшерип, Тажикстан тарабынан тараган ар бир фейк, жалган маалыматтарды жокко чыгарып турдук. Тажикстан Кыргызстанга биринчи болуп кол салганын биздин команда оперативдүүлүк менен NАСА  спутниктери аныктаган маалыматты пайдаланып, тажик генералы Шохтун Кыргызстандын территориясында аскерлер эмес куралчан согушкерлер менен кирип жүргөнүн биз аныктап бердик. Биздин жасаган аракеттерибиз Кыргызстан маалымат согушунда утулуп калбай, бизге карата болгон агрессия болгонун далилдегенге өзүнүн салымын кошту деген ойдомун.

 

Силердин редакциялык топ жасаган журналисттик иликтөөлөрдөн кийин кандай натыйжалар болду? Бийлик иликтөөлөргө кандай реакция жасап жатат?

 

Биздин иликтөөлөргө реакциялар көп эле болду. Мисалы, “Кайыңды” кабель заводунун акциялары ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин жубайынын компаниясына мыйзамсыз өтүп кеткени боюнча жасаган иликтөөбүз коомдук чоң резонансты жаратты. Ошол учурда бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон эмес болчу. Анткени ал ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы эмес беле. Бирок, кийинки бийлик келгенде Алиярбек Абжалиевге мыйзамсыз боюу боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш иштин ичине биз иликтөө жасаган “Кайыңды” кабель заводу дагы  бир кейс болуп кирди. Абжалиев мамлекетке 20 млн сом төлөп берди.

 

Ал эми коронавирус пандемиясы учурунда мамлекеттик сатып алуулар асмандатылган бааларда болгонун: мисалы, жөнөкөй маскалар 25 сомдон, коргонуучу кийимдер 6 миң сомдон, ИВЛ-аппараттар эки эсе кымбат баада сатылып алынганын иликтегенбиз. Ошол учурда финполиция бул маалыматты текшерет деп маалымдалган. Бирок, ал кезде андай жыйынтык деле болгон эмес.

Себеби, тендерлерден эң көп уткан компаниялардын ошол кездеги бийликтин партиясы менен байланышын аныктап чыкканбыз. Бийлик алмашкандан кийин ал боюнча да кылмыш иши козголуп, ал кездеги премьер-министр,  саламаттыкты сактоо министрлери сурактан өтүп жүрүшкөн. Кылмыш ишинин жыйынтыгы кандай болгонун так билбейт экенмин.

“Ихсан” кооперативинин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча да иликтөө жасадык. Кылмыш иши козголуп, “Ихсандын” жетекчиси камакта отурат. Буга деле биздин салымыбыз бар деп ойлойм.

Эч кандай реакция болбогон иликтөөлөрүбүз да бар. Алардагы фактылар канчалык ири коррупциялардын бетин ачпасын, бийлик көрмөксөн-укмаксан болуп турат. Бирок биз бул бийлик болбосо, башка бийликтер тушунда сөзсүз жообун алат деген үмүттөбүз. Жок эле дегенде биз окурманга чындыкты жеткире алдык. Бул минималдуу натыйжа десе болот.

Буга чейин да бир катар иликтөөлөрүбүздүн натыйжасында “кылмыш иши Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды, тергөө башталды” делип, ал иштер сотко жетпей калган. Балким соодалашып кетип жатышабы, билбейбиз да.

Чындыгында укуктук, демократиялык мамлекетте ушундай чоң коррупциялык иштердин бетин ачып жаткан журналисттик иликтөөлөргө бийлик, укук коргоо органдары тарабынан реакциялар жасалышы керек. Уурдалган акча мамлекетке кайтарылышы, ошол адамдарга тийиштүү чаралар көрүлүшү керек.

 

Бизде, тескерисинче, журналисттерге каршы реакция ишке ашат: жок эле дегенде онлайн-буллинг болот; ошол медианы дискредитациялоого аракеттер болот; шылдыңдап, мазактап... бул минималдуу дегенде.

 

Башка учурун айтсак – мисалы, Болот Темировго (Ред. иликтөөчү журналист, Темиров LIVE каналынын негиздөөчүсү) наркотикти таштап коюшту, башка бир катар кылмыш иштерин ачты, офисин тинтишти. Бул нормалдуу эмес көрүнүш. Журналист иликтөөчүлөр – бийликтин душманы эмес, тескерисинче бийлик журналисттердин жасаган иликтөөлөрүн пайдаланып, коррупцияны жоюу үчүн иш-аракеттерди алып барса болмок. 

Гүлзат Газиева

Бөлүшүү