Медиасындын устаканасы - 2: жаңы авторлорду күтөбүз

Долбоордун координатору Азамат Тынаев тренингди ачып жатат

Кыргызстандагы Интерньюс “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы Медиасындын устаканасынын ишин улантууда. Бул жылы каалоочулардын экинчи агымы – Бишкектен, Оштан жана Нарындан 23 журналист – медиасын жанрын үйрөнүүгө киришип жатат.

11-12-майда алар медиа адистер Павел Каныгин жана Сергей Ким өткөргөн тренингге катышышты.

 

Сергей Ким медиасын эмне үчүн керек экенин, кесипкөй сындын курулай каралап сындоодон эмнеси менен айырмаланарын айтып берип, тренингдин катышуучулары менен алардын өзүлөрүнүн жана журналисттердин сынга мамилесин талкуулады.

Ал медиасынчы үчүн маанилүү сапаттарга кенен токтолуп, анда редакцияда иштөө тажрыйбасы болушу керектигин белгиледи.

 

“Медиасынчыны операция жасалчу жердеги хирург менен салыштырса болот. Биз өзүбүздүн жеке мамилебизди унутуп сындашыбыз керек, терс ойлор, терс мамилелер болбошу керек”, - деди ал.

Ким медиасынчы катары жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, анын жазгандарын башкалар кандай кабылдаганын айтып берди.

Медиасынга жаңыдан киришип жаткандарга төмөнкүлөр пайдалуу болот деди:

  • башка медиасынчылардын эмгектерине көз салып, алар менен таанышып туруу зарыл;
  • киносынчылардын жазгандары менен таанышып туруу керек, анткени алар маселелерге башка өңүттөн караганды билишет;
  • дүйнө-таанымды байытып туруу үчүн адабият таануучулардын эмгектерин окуу пайдалуу.

Ошондой эле төмөнкү темалардын айланасында талкуулар уюштурулду:

  • Жаңы медиаларды кантип сындаш керек? Мамлекеттик ЖМКларды кантип сындаш керек? Журналистика жана активизм – чеги каякта?
  • Биздин окурман ким: кесипкөй адамдарбы же кеңири коомчулукпу?
  • Медиасын тексттер, репортаждар же тасмалар тууралуу гана эмес – ал тарыхый учур (ирмем) тууралуу.
  • Медиасын объективдүү боло алабы? Аналитикалык журналистика жана публицистика. Объективдүү болооруңа көзүң жетпесе, кайсы бир теманы алуу керекпи? Эмне үчүн медиасын адамды өзүнө тартат?
  • Даректүү тасма. Эмнеге көңүл буруу керек?
  • Борбор Азияда медиасынды өнүктүрүүдөгү кыйынчылыктар – чыныгы абал жана ойлоп чыгарылган маселелер.

Сергей Ким — журналист, фотограф. Казакстандык КТК, «7 канал», Astana телеканалдарында, “Время” гезитинде, “Радиоточка” интернет-басылмасында иштеген. Учурда Factcheck.kz басылмасында иштейт, Shishkin.like telegram-каналы менен кызматташат. 2019-жылдан бери NewReporter.org сайтында медиасын боюнча колонканы алып барат.

 

 

Павел Каныгин 2022-жылдын 24-февралынан кийинки убакта калыптанган медиасын боюнча көз карашы менен бөлүштү. Ал медиасындын өңүтүнөн алганда кесиптеги «жаңы этикага» сереп салып, бейтараптуулукту кантип сактоо керек экенин айтып берди.

Каныгин пропагандага каршы курал катары YouTube’дун мүмкүнчүлүктөрүн талдап берип, видео контентти түзүүнүн багыттарынын бири катары медиа сынды колдонуу тууралуу айтып берди.

Ал ошондой эле жеке каналды ачуу жана аны баары тааныган бренд кылуу боюнча практикалык кеңештерин берди.

Павел Каныгин — 2005-жылдан бери “Новая газетанын” атайын кабарчысы, 2019-жылдан 2022-жылга чейин басылманын башкы продюсери болгон. Ал эки жолу “Редколлегия” премиясына татыган, ошондой эле Орусия журналисттер союзунун “Эрдик жана кесипкөйлүк үчүн” премиясынын ээси. 2016-жылы Колумбия университетинин Paul Klebnikov Russian Civil Society Fellowship программасынын, 2019-2020-жылдарда Гарвард университетинин Nieman Fellowship программасынын стипендиаты болгон. 2022-жылдын мартынан бери “Продолжение следует” санарип-басылманын башкы редактору.

Медиасынчы болгусу келгендер менторлук программага тандоодон өтүшү керек болот, тренер-устаттарынын жардамы менен 2023-жылдын июль-август айларында медиасын жанрында ар түрдүү контенттерди жаратканды үйрөнүшөт.

Медиасын жанрындагы макалалар, видеолор жана подкасттар Кыргызстандагы Интерньюстун сайтында жарыяланат.

Медиасын журналистиканын абалын: кесипкөйлүктүн денгээлин, чыгармачыл дараметин, ЖМК кызматкерлеринин эмгек укуктарынын корголушун, корпоративдик жоопкерчилигин, журналисттик тилектештигин, этикалык стандарттарын, коомду маалымдоо боюнча көз карандысыз институт катары принициптерин ж.б. талдап, баалап, келечегин божомолдоп турушу керек.

 

Өткөн жылдагы Илья Клишиндин устаканасынын финалисттери бул күнгө чейин кыргыз медиаларынын материалдарын талдаган жана баалаган 67 материал жарыялаганга жетишишти. Аларды Кыргызстандагы Интерньюстун сайтындагы атайын рубрикадан көрсө болот.

   
Бөлүшүү