Пикирлер. Баткенди чагылдыруу
Медиасын боюнча программасынын катышуучусу Адил Турдукулов Баткендеги чек ара жаңжалын чагылдыруудагы кыйынчылыктар тууралуу журналисттердин жана бийлик өкүлдөрүнүн ой-пикирин чогултту.
Кыргызстандагы эң башкы көйгөйлөрдүн бири – чечилбеген чек-ара маселелери, бүтпөгөн чек-ара чатактары. Аларды чагылдырууда көп карама-каршы маалыматтар болуп жатканына күбө болуп келебиз.
Акыркы Баткендеги каргашалуу окуяны чагылдырууда да бийлик менен активист, блогер, журналисттердин ортосунда өзгөчө каттуу кайым-айтышуулар жаралды.
Ошол эле учурда кооптуу абал, коомдогу чыңалуу сөз эркиндигин чектегенге себеп болушу мүмкүн экендигин да байкадык.
Бул тема боюнча оюн билиш үчүн биз төмөнкү инсандарды кепке тарттык:
Жеңиш Айдаров, “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысы;
Дайырбек Орунбеков, Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы;
Асель Сооронбаева, журналист, фактчекер.
Улукбек Карыбек уулу, блогер.