Интерньюс медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл ала баштады
Кыргызстандагы медиасынды андан ары өнүктүрүү максатында 2023-жылдын 11-12-майында тренинг уюштурулуп, анын жыйынтыгында долбоордун финалисттери тандалып алынат. Алар тажрыйбалуу медиа адистин жетекчилиги астында эки айлык менторлук программадан өтүшөт.
Кыргызстандагы Интерньюс 2022-жылы медиасынды өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорду баштаган.
Азыр ага катышкан 10 автор материалдарын такай даярдап келишет.
Долбоордун биринчи баскычы тууралуу кенен маалыматты internews.kg сайтынын «Медиасын» рубрикасынан алса болот.
Бул багыт кесипкөйлүгүн жана технологиялык билимин өстүрүү, корпоративдик жоопкерчиликти жана тилектештикти күчөтүү, этикалык стандарттарды кармануу, коомду маалымдоо боюнча көз карандысыз институттун принциптерин сактоо, башка социалдык функцияларды аткаруу, журналисттердин чыгармачылык чеберчилигин арттыруу жана дагы башка критерийлер боюнча журналистиканын сапатын талдоого, баалоого жана болжолдоого багытталган.
Менторлук программадан ийгиликтүү өткөндөр Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынчылар тобуна кабыл алынат. Алар 2023-жылдын сентябрынан тарта 2024-жылдын сентябрына чейин фрилансер катары медиасын материалдарды даярдашат. Ар бир материалга гонорар төлөнөт.
Ошондой эле менторлук программанын алкагында даярдалган материалдардын бардыгына да гонорар төлөнөт.
ЖМКда иштөө боюнча бай тажрыйбасы бар кесипкөй журналисттерди, аналитикалык жана публицистикалык күчтүү шыгы бар жарандык журналисттерди/блогерлерди, арт- кино-, театр жана адабий сын быгытында калыптанып калган же жаңыдан баштап жаткан, кыргыз жана/же орус тилинде жазган сынчыларды күтөбүз.
Тандоо эки баскычтан турат:
1) онлайн-өтүнмөлөрду кабыл алуу жана талаптарга жооп берген талапкерлерди тандоо;
2) тандалып алынган талапкерлердин тесттик тапшырмаларды аткаруусу.
Эки баскычтан ийгиликтүү өткөндөр 2023-жылдын 11-12-майында өтө турган тренингге чакырылат.
Өтүнмөнү 20-март саат 18:00гө чейин жиберүү керек.
Тандалып алынган катышуучулардын электрондук почталарына 27-мартта тийиштүү кат жөнөтүлөт.
Бул долбоорго катышкысы келгендер үчүн 15-мартта саат 14:00дө Zoom платформасында маалыматтык онлайн-сессия өткөрүлөт.
Join Zoom Meeting https://internews.zoom.us/j/88483151567?pwd=RTVBZEVHWTZZZng0U3p4US94cDNSdz09
Meeting ID: 884 8315 1567 Passcode: 658068
Долбоорго катышуу боюнча суроолор менен Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорунун жетекчиси Азамат Тынаевге atynaev@internews.org электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.