“Медиакыздар” подкасты – Айзада Касмалиева

“Медиакыздар” – медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар жөнүндө подкаст. Алардын иши, кыялдары жана күнүмдүк кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканы жөнүндө баарлашуу.

 

Кыргызстандын медиа тармагына көз чаптырсак, көптөгөн ЖМКларды аялдарсыз элестете албайбыз. Алар коомдук пикирди калыптандырып, жоопкерчиликтүү журналистиканы өнүктүрүп, бизге маанилүү маалыматтарды берип турушат.

 

“Медиакыздар” подкастынын биринчи сезонунда жергиликтүү журналистиканын кыргыз тилдүү сегментинде иштеген белгилүү айымдар менен таанышасыз.

 

Подкасттын алтынчы чыгарылышынын коногу – журналист Айзада Касмалиева.

Айзада Касмалиева 2004-жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Төрт жыл КТРКда, алгач каналдын радиосунда, андан соң “Ала-Тоо” маалымат программасында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу жана редактор болуп иштеген.

 

2008-жылы “Азаттыктын” жамаатына кошулуп, “Азаттык+” программасында иштей баштаган. 2010-жылдан тарта “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн, 2016-жылы “Каректе Евразия” программасынын, 2021-жылы “Эксперттер талдайт” программасынын редакторлук жана алып баруучулук кызматын аркалаган.

 

Айзада Касмалиева 2017-жылдын 1-майынан тарта “Азаттык Медиа” мекемесинин директорлук кызматын жетектеп келе жатат.

 

Айзада Касмалиева маегинде өлкөдөгү эң таасирдүү маалымат каражаттарынын бирин кантип жетектеп келип жатканын, редакциянын ар бир кызматкеринин коопсуздугу жөнүндө ойлонгонун, өзү репортаждык жумушту кантип аткарганын, журналисттик жумуштун түйшүгүн көтөрүү жана деги эле азаттыкчы болуу кандай экенин “Медиакыздар” подкастына айтып берди.

 

“Айзада Касмалиева: “Биздин максатыбыз эркин коом түзүү” подкасттын шилтемеси:

 

 

Подкаст “Азаттык радиосунун студиясында жазылды жана Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында жарыяланды.

Монтаж жасаган: Санжар Эралиев.

Мукабаны даярдаган: Марлис Эсенакунов. 

Сүрөттүн автору: Алена Жук.

  

Подкасттын автору жана алып баруучусу: Тынымгүл Эшиева, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “ЖМКларды өнүктүрүү” программасынын директору, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин окутуучусу. Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоордун катышуучусу.

 

 
Бөлүшүү